https://sputnik.kg/20260728/akiykatchy-institutu-medreselerdi-teksherdi-1102652579.html
Акыйкатчы: медреселерде балдардын билим алуу укугу бузулууда
Акыйкатчы: медреселерде балдардын билим алуу укугу бузулууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Кыргызстандагы көпчүлүк медреселерде окуучулар диний билим менен гана чектелип, мамлекеттик стандарттагы жалпы билимди... 28.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-28T11:23+0600
2026-07-28T11:23+0600
2026-07-28T11:23+0600
кыргызстан
акыйкатчы институту
медресе
жамиля жаманбаева
дин
билим
https://sputnik.kg/img/101633/73/1016337386_0:0:3138:1765_1920x0_80_0_0_2d1f1c63895b796bd845d5ce0dfcab20.jpg
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Кыргызстандагы көпчүлүк медреселерде окуучулар диний билим менен гана чектелип, мамлекеттик стандарттагы жалпы билимди онлайн-форматта алып жатышат. Мындай көрүнүш өлкөнүн жети облусундагы 21 медреседе жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында аныкталганын Акыйкатчы институту билдирди. Мониторингдин жүрүшүндө окуу жайларында уставдык жана каттоо документтеринин жоктугу, окуу программаларынын мамлекеттик стандарттарга шайкеш келбегени, ошондой эле санитардык, медициналык жана өрт коопсуздугу боюнча талаптардын сакталбаганы да аныкталган. Мындан тышкары, бир катар медреселер юридикалык жактан катталган даректе эмес, башка жерде иш жүргүзөрү, ал эми окуучулардан алынган төлөмдөр расмий келишимсиз жүргүзүлөрү белгиленген. Анонимдүү сурамжылоого катышкан окуучулардын көбү мамлекеттик билим берүү стандартындагы окууга толук мүмкүнчүлүк жок экенин, ошондой эле зордук-зомбулукту алдын алуу жана мамлекеттик органдарга кайрылуу жолдору тууралуу маалымат жетишсиз экенин айтышкан. Аталган мыйзам бузуулардан кийин акыйкатчы Жамиля Жаманбаева президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттикке, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына, Башкы прокуратурага жана Саламаттык сактоо министрлигине сунуштарды жөнөткөн. Анда медреселердин жана анда окуган балдардын бирдиктүү электрондук базасын түзүү, окуу программаларын мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык келтирүү, жашы жете элек окуучулардын светтик жана кесиптик билим алуусуна шарт түзүү, ошондой эле медреселердин ишмердүүлүгүнө туруктуу мониторинг жүргүзүп, көзөмөлдү күчөтүү чаралары бар. Дин иштери боюнча агенттик Акыйкатчы институтуна берген жообунда аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча иштер жүрүп жатканын, ал эми муфтиятка жазуу жүзүндө эскертүү берилгенин билдирген. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, акыйкатчынын сунуштамасынын негизинде 28 прокурордук чара көрүү актысы киргизилип, анын жыйынтыгында тогуз кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылган.
https://sputnik.kg/20260706/oshto-98-okuuchuga-dokument-berildi-1102260345.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/101633/73/1016337386_196:0:2927:2048_1920x0_80_0_0_83e5820f264f12c5402d44425423b6cd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, акыйкатчы институту, медресе, жамиля жаманбаева, дин, билим
кыргызстан, акыйкатчы институту, медресе, жамиля жаманбаева, дин, билим
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Кыргызстандагы көпчүлүк медреселерде окуучулар диний билим менен гана чектелип, мамлекеттик стандарттагы жалпы билимди онлайн-форматта алып жатышат. Мындай көрүнүш өлкөнүн жети облусундагы 21 медреседе жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында аныкталганын Акыйкатчы институту билдирди.
Мониторингдин жүрүшүндө окуу жайларында уставдык жана каттоо документтеринин жоктугу, окуу программаларынын мамлекеттик стандарттарга шайкеш келбегени, ошондой эле санитардык, медициналык жана өрт коопсуздугу боюнча талаптардын сакталбаганы да аныкталган.
Мындан тышкары, бир катар медреселер юридикалык жактан катталган даректе эмес, башка жерде иш жүргүзөрү, ал эми окуучулардан алынган төлөмдөр расмий келишимсиз жүргүзүлөрү белгиленген.
Анонимдүү сурамжылоого катышкан окуучулардын көбү мамлекеттик билим берүү стандартындагы окууга толук мүмкүнчүлүк жок экенин, ошондой эле зордук-зомбулукту алдын алуу жана мамлекеттик органдарга кайрылуу жолдору тууралуу маалымат жетишсиз экенин айтышкан.
Аталган мыйзам бузуулардан кийин акыйкатчы Жамиля Жаманбаева президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттикке, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына, Башкы прокуратурага жана Саламаттык сактоо министрлигине сунуштарды жөнөткөн.
Анда медреселердин жана анда окуган балдардын бирдиктүү электрондук базасын түзүү, окуу программаларын мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык келтирүү, жашы жете элек окуучулардын светтик жана кесиптик билим алуусуна шарт түзүү, ошондой эле медреселердин ишмердүүлүгүнө туруктуу мониторинг жүргүзүп, көзөмөлдү күчөтүү чаралары бар.
Дин иштери боюнча агенттик Акыйкатчы институтуна берген жообунда аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча иштер жүрүп жатканын, ал эми муфтиятка жазуу жүзүндө эскертүү берилгенин билдирген.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, акыйкатчынын сунуштамасынын негизинде 28 прокурордук чара көрүү актысы киргизилип, анын жыйынтыгында тогуз кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылган.