https://sputnik.kg/20260904/ayyl-okmot-kyzmatkerlerinin-aylygy-kotorulot-1103449592.html
Айыл өкмөт жана мэрия кызматкерлеринин айлыгы 40-45 миң сомго чейин көтөрүлөт
Айыл өкмөт жана мэрия кызматкерлеринин айлыгы 40-45 миң сомго чейин көтөрүлөт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Айыл өкмөттөрүндө жана мэрияларда иштеген айрым кызматкерлердин айлыгы сентябрдан тарта 40-45 миң сомго чейин көбөйүшү мүмкүн. Бул... 04.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-04T11:40+0600
2026-09-04T11:40+0600
2026-09-04T11:40+0600
кыргызстан
айлык
мамлекеттик кызматкер
айыл өкмөтү
мэрия
https://sputnik.kg/img/07e4/0a/1b/1050223423_0:0:3067:1725_1920x0_80_0_0_9b883ed0d9bc00115607aa5799e50984.jpg
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Айыл өкмөттөрүндө жана мэрияларда иштеген айрым кызматкерлердин айлыгы сентябрдан тарта 40-45 миң сомго чейин көбөйүшү мүмкүн. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин өкүлү Мыктыбек Өмүрзаков билдирди. Анын айтымында, буга кызматтык маянага 50 пайызга чейин үстөк кошулуп, мындан тышкары, ай сайын 15 миң сомдук президенттик компенсациялык төлөм берилиши себеп болот. Ал белгилегендей, натыйжада азыр 21-22 миң сом алган айыл өкмөт кызматкеринин айлыгы 40-45 миң сомго чейин жетиши мүмкүн. Өмүрзаков айлык орточо 74 пайызга жогорулап, бардык төлөмдөрдү кошкондо дээрлик эки эсе көбөйөрүн белгиледи. "Бирок 15 миң сомдук кенемте өргүү акчасын жана пенсияны эсептөөдө эске алынбайт", — деди мамкызматкер. Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров аймактарда иштеген айрым мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге 15 миң сомдон компенсациялык төлөм берүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, кызматкерлерге ишинин татаалдыгы, сапаты, натыйжасы, кесиптик демилгеси жана ченемге салынбаган иш режими үчүн кызматтык маянасынын 50 пайызына чейин үстөк акы төлөнүшү мүмкүн.
https://sputnik.kg/20260814/ortocho-mayana-kancha-boldu-1102984977.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0a/1b/1050223423_236:0:2967:2048_1920x0_80_0_0_0836b5b6b4c02389558c2e539829dd15.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, айлык, мамлекеттик кызматкер, айыл өкмөтү, мэрия
кыргызстан, айлык, мамлекеттик кызматкер, айыл өкмөтү, мэрия
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Айыл өкмөттөрүндө жана мэрияларда иштеген айрым кызматкерлердин айлыгы сентябрдан тарта 40-45 миң сомго чейин көбөйүшү мүмкүн. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин өкүлү Мыктыбек Өмүрзаков билдирди.
Анын айтымында, буга кызматтык маянага 50 пайызга чейин үстөк кошулуп, мындан тышкары, ай сайын 15 миң сомдук президенттик компенсациялык төлөм берилиши себеп болот.
"Буга чейин иштин татаалдыгы үчүн айыл өкмөттөрдүн жана мэриялардын кызматкерлерине 10 пайызга чейин, мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрүндө иштегендерге 25 пайызга чейин үстөк төлөнчү. Эми анын көлөмү кызматтык маянанын 50 пайызына чейин көбөйтүлдү. Мындан тышкары, кызматкерлерге 15 миң сомдон президенттик компенсациялык төлөм кошулат", — деди Өмүрзаков.
Ал белгилегендей, натыйжада азыр 21-22 миң сом алган айыл өкмөт кызматкеринин айлыгы 40-45 миң сомго чейин жетиши мүмкүн. Өмүрзаков айлык орточо 74 пайызга жогорулап, бардык төлөмдөрдү кошкондо дээрлик эки эсе көбөйөрүн белгиледи.
"Бирок 15 миң сомдук кенемте өргүү акчасын жана пенсияны эсептөөдө эске алынбайт", — деди мамкызматкер.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров аймактарда иштеген айрым мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге 15 миң сомдон компенсациялык төлөм берүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, кызматкерлерге ишинин татаалдыгы, сапаты, натыйжасы, кесиптик демилгеси жана ченемге салынбаган иш режими үчүн кызматтык маянасынын 50 пайызына чейин үстөк акы төлөнүшү мүмкүн.