https://sputnik.kg/20260903/nikol-sherzinger-bishkek-arena-video-kochmondor-oyundary-1103423662.html
“Сөзсүз кайтып келем”. Николь Шерзингер Бишкектеги концертинен видео жарыялады
“Сөзсүз кайтып келем”. Николь Шерзингер Бишкектеги концертинен видео жарыялады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Америкалык белгилүү ырчы, The Pussycat Dolls тобунун мурдагы солисти Николь Шерзингер Кыргызстандагы сапарынан соң социалдык... 03.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-03T10:04+0600
2026-09-03T10:04+0600
2026-09-03T10:04+0600
кыргызстан
бишкек арена
николь шерзингер
vi дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
https://sputnik.kg/img/07ea/09/03/1103423399_0:128:3187:1920_1920x0_80_0_0_a1ad0cb4f631ca85e3b535f3e15477d4.jpg.webp
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Америкалык белгилүү ырчы, The Pussycat Dolls тобунун мурдагы солисти Николь Шерзингер Кыргызстандагы сапарынан соң социалдык тармактагы баракчасына видео бөлүшүп, кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди.Дүйнөлүк жылдыз 31-августта борбор калаадагы жаңы “Бишкек Арена” стадионунда өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземинде өнөрүн тартуулаган. Анын шоу-программасы көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, соцтармактарда кызуу талкууланган.Ырчы өзүнүн расмий баракчасында стадиондогу толкундатуучу көз ирмемдерди чагылдырган видео менен бөлүшүп, кыргыз элинин меймандостугуна суктанганын жазды.“Сиздерге чоң рахмат! Баары абдан сонун болду. Бул стадион чынында эле укмуш экен. Сүйүүңүздөр, өзгөчө энергияңыздар жана меймандостугуңуздар үчүн терең ыраазычылык билдирем. Бир күнү сөзсүз кайтып келем”, — деп белгилеген Шерзингер.Эске салсак, 31-августта Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата 51 миң көрүүчүгө ылайыкталган жаңы “Бишкек Арена” стадиону пайдаланууга берилип, анда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы болгон. Салтанатка ата мекендик таланттардан тышкары чет элдик белгилүү өнөрпоздор да катышкан.
https://sputnik.kg/20260903/dilnoza-aidarbekova-gimn-synga-joop-berdi-1103422511.html
бишкек арена
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/03/1103423399_228:0:2957:2047_1920x0_80_0_0_88089ab5d6ca7a4b90bfd7db9e24534d.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек арена, николь шерзингер, vi дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
кыргызстан, бишкек арена, николь шерзингер, vi дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Америкалык белгилүү ырчы, The Pussycat Dolls тобунун мурдагы солисти Николь Шерзингер Кыргызстандагы сапарынан соң социалдык тармактагы баракчасына видео бөлүшүп, кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди.
Дүйнөлүк жылдыз 31-августта борбор калаадагы жаңы “Бишкек Арена” стадионунда өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземинде өнөрүн тартуулаган. Анын шоу-программасы көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, соцтармактарда кызуу талкууланган.
Ырчы өзүнүн расмий баракчасында стадиондогу толкундатуучу көз ирмемдерди чагылдырган видео менен бөлүшүп, кыргыз элинин меймандостугуна суктанганын жазды.
“Сиздерге чоң рахмат! Баары абдан сонун болду. Бул стадион чынында эле укмуш экен. Сүйүүңүздөр, өзгөчө энергияңыздар жана меймандостугуңуздар үчүн терең ыраазычылык билдирем. Бир күнү сөзсүз кайтып келем”, — деп белгилеген Шерзингер.
Эске салсак, 31-августта Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата 51 миң көрүүчүгө ылайыкталган жаңы “Бишкек Арена” стадиону пайдаланууга берилип, анда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы болгон. Салтанатка ата мекендик таланттардан тышкары чет элдик белгилүү өнөрпоздор да катышкан.