https://sputnik.kg/20260831/zhaparov-buuga-too-sammiti-uyushturuu-1103318109.html
Садыр Жапаров БУУга Тоо саммитин биргелешип уюштурууну сунуштады
Садыр Жапаров БУУга Тоо саммитин биргелешип уюштурууну сунуштады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "ШКУ+" жолугушуусуна жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келген... 31.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-31T14:13+0600
2026-08-31T14:13+0600
2026-08-31T14:21+0600
кыргызстан
буу
садыр жапаров
антониу гутерриш
кызматташтык
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1f/1103317732_0:119:2726:1652_1920x0_80_0_0_b51f5acd917051b7d24786254820170a.jpg
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "ШКУ+" жолугушуусуна жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келген БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту. Бул тууралуу "Ынтымак ордо" кабарлады. Өлкө башчысы Гутерришке Кыргыз Республикасына келүүгө чакырууну кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалыгы Уюмдун түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына жана өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына туш келип жатканын белгиледи. Мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешиндеги иштин артыкчылыктуу багыттары катары эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоону, чакан жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин эл аралык процесстердеги ролун кеңейтүүнү, ошондой эле климаттык чакырыктарды жана тоолуу аймактардын көйгөйлөрүн чечүүдө эл аралык аракеттерди бириктирүүнү белгиледи. Буга байланыштуу 2027-жылдын 21-23-октябрында Бишкекте өтө турган "Бишкек+25" Экинчи глобалдык тоо саммитине даярдык маселеси талкууланды. Саммит 2023-2027-жылдарга карата Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча эл аралык иш-аракеттердин беш жылдыгынын жыйынтыктоочу иш-чарасы болот. Президент иш-чараны биргелешип уюштурууну сунуштады. Жыйынтыгында Кыргызстан менен БУУ кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө кызыкдарлыгын билдиришти.
https://sputnik.kg/20260831/kyrgyzstan-menen-kytajdyn-alakasy-zhaparov-1103311084.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1f/1103317732_0:2:2726:2047_1920x0_80_0_0_bbc56f5571bf8c8f82934a7b0445da0d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, буу, садыр жапаров, антониу гутерриш, кызматташтык
кыргызстан, буу, садыр жапаров, антониу гутерриш, кызматташтык
Садыр Жапаров БУУга Тоо саммитин биргелешип уюштурууну сунуштады
14:13 31.08.2026 (Жаңыртылды: 14:21 31.08.2026) БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "ШКУ+" жолугушуусуна жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келген БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту. Бул тууралуу "Ынтымак ордо" кабарлады.
Өлкө башчысы Гутерришке Кыргыз Республикасына келүүгө чакырууну кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалыгы Уюмдун түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына жана өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына туш келип жатканын белгиледи.
"Тараптар БУУ менен өз ара аракеттенүүнүн келечегин, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, ошондой эле тоолуу аймактарга жана климатка байланыштуу демилгелерди дүйнөлүк деңгээлде илгерилетүү маселелерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдары БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү катары иш алып баруусуна бурулду", — деп айтылат маалыматта.
Мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешиндеги иштин артыкчылыктуу багыттары катары эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоону, чакан жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин эл аралык процесстердеги ролун кеңейтүүнү, ошондой эле климаттык чакырыктарды жана тоолуу аймактардын көйгөйлөрүн чечүүдө эл аралык аракеттерди бириктирүүнү белгиледи.
Буга байланыштуу 2027-жылдын 21-23-октябрында Бишкекте өтө турган "Бишкек+25" Экинчи глобалдык тоо саммитине даярдык маселеси талкууланды. Саммит 2023-2027-жылдарга карата Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча эл аралык иш-аракеттердин беш жылдыгынын жыйынтыктоочу иш-чарасы болот. Президент иш-чараны биргелешип уюштурууну сунуштады.
Жыйынтыгында Кыргызстан менен БУУ кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө кызыкдарлыгын билдиришти.