https://sputnik.kg/20260831/kyrgyzstan-menen-kytajdyn-alakasy-zhaparov-1103311084.html
Жапаров: Кыргызстан менен Кытайдын алакасы алтын доорго кадам таштады
Жапаров: Кыргызстан менен Кытайдын алакасы алтын доорго кадам таштады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Кыргызстан менен Кытайдын кызматташуусу алтын доорго кадам таштады. Бул тууралуу президент Жапаров Кытай төрагасы Си Цзиньпин менен... 31.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-31T10:50+0600
2026-08-31T10:50+0600
2026-08-31T10:50+0600
кыргызстан
кытай
садыр жапаров
си цзиньпин
ынтымак ордо
кызматташуу
https://sputnik.kg/img/07e9/08/1f/1096213784_0:277:2048:1429_1920x0_80_0_0_f5fd619b891e05860b5ee83a531331e8.jpg
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Кыргызстан менен Кытайдын кызматташуусу алтын доорго кадам таштады. Бул тууралуу президент Жапаров Кытай төрагасы Си Цзиньпин менен "Ынтымак ордодогу" жолугушууда билдирди. Өлкө башчысы кебин "менин кымбаттуу досум" деп баштаган. Ал кыска мезгил ичинде Кыргызстан менен Кытайдын мамилеси жаңы стратегиялык өнөктөштүк деңгээлге жеткенин белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстан “Бүтүн Кытай” принцибин колдойт. Өлкө башчысы Кытайдын глобалдык өнүгүү, коопсуздук жана цивилизация жаатындагы демилгелерин колдоого аларын айтты. Эл аралык кырдаал татаалдашып турган шартта Кытайдын бул демилгелери дүйнөлүк коомчулук алдында турган көйгөйлөрдү чечүүдө маанилүү экенин белгиледи.Президент учурда жасалып жаткан иштерге токтолуп, жаңы өткөрүү бекеттеринин ачылышы, жолдордун, темир жолдун курулушу менен Улуу Жибек Жолу жанданып жатканын кошумчалаган. Жапаров Кыргызстан Кытай менен көп кылымдык достук жана коңшулук мамилелерди бекемдөөгө чоң маани берерине токтолду. Анын айтымында, эки эл кылымдар бою коңшу жашап, достук, ынак коңшулук жана өз ара урматтоого негизделген тыгыз байланыштарды түзүп келген. “Бүгүн кол коюлуп жаткан түбөлүккө достук жөнүндө келишим эки өлкөнүн ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары өнүктүрүүгө бекем негиз болуп берерине ишенем”, — деген Жапаров.
https://sputnik.kg/20260830/kytay-kp-zhyldan-beri-kyrgyzstandyn-iri-sooda-onoktoshu-1103298761.html
кытай
ынтымак ордо
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/1f/1096213784_0:196:2048:1732_1920x0_80_0_0_3149d0b7c9522caaffce72d314e6873f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, кытай, садыр жапаров, си цзиньпин, ынтымак ордо, кызматташуу
кыргызстан, кытай, садыр жапаров, си цзиньпин, ынтымак ордо, кызматташуу
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Кыргызстан менен Кытайдын кызматташуусу алтын доорго кадам таштады. Бул тууралуу президент Жапаров Кытай төрагасы Си Цзиньпин менен "Ынтымак ордодогу" жолугушууда билдирди.
Өлкө башчысы кебин "менин кымбаттуу досум" деп баштаган. Ал кыска мезгил ичинде Кыргызстан менен Кытайдын мамилеси жаңы стратегиялык өнөктөштүк деңгээлге жеткенин белгиледи.
"Бүгүнкү күндө өлкөлөрүбүздүн кызматташтыгы өнүгүүнүн алтын дооруна кирди деп ишенимдүү айта алам. Албетте, бул жетишкендиктердин баары сиздин жеке колдооңуздун аркасында ишке ашууда", — деди Жапаров.
Анын айтымында, Кыргызстан “Бүтүн Кытай” принцибин колдойт. Өлкө башчысы Кытайдын глобалдык өнүгүү, коопсуздук жана цивилизация жаатындагы демилгелерин колдоого аларын айтты. Эл аралык кырдаал татаалдашып турган шартта Кытайдын бул демилгелери дүйнөлүк коомчулук алдында турган көйгөйлөрдү чечүүдө маанилүү экенин белгиледи.
Президент учурда жасалып жаткан иштерге токтолуп, жаңы өткөрүү бекеттеринин ачылышы, жолдордун, темир жолдун курулушу менен Улуу Жибек Жолу жанданып жатканын кошумчалаган.
Жапаров Кыргызстан Кытай менен көп кылымдык достук жана коңшулук мамилелерди бекемдөөгө чоң маани берерине токтолду. Анын айтымында, эки эл кылымдар бою коңшу жашап, достук, ынак коңшулук жана өз ара урматтоого негизделген тыгыз байланыштарды түзүп келген.
“Бүгүн кол коюлуп жаткан түбөлүккө достук жөнүндө келишим эки өлкөнүн ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары өнүктүрүүгө бекем негиз болуп берерине ишенем”, — деген Жапаров.