https://sputnik.kg/20260824/osh-sulayman-too-yunesko-chygaruu-1103154944.html
Оштун мэри Акаев Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун тизмесинен чыгарууну көздөөдө
Оштун мэри Акаев Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун тизмесинен чыгарууну көздөөдө
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Ош шаарынын мэри Жанар Акаев Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун тизмесинен чыгарууну көздөөдө. Ал бул боюнча Маданият министрлигине расмий кат... 24.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-24T09:17+0600
2026-08-24T09:17+0600
2026-08-24T09:17+0600
кыргызстан
ош
"сулайман-тоо" музейи
юнеско
https://sputnik.kg/img/07e9/06/07/1094472706_0:0:1920:1080_1920x0_80_0_0_8f0bfcb2f7aa227069f146d0d576528d.jpg
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Ош шаарынын мэри Жанар Акаев Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун тизмесинен чыгарууну көздөөдө. Ал бул боюнча Маданият министрлигине расмий кат жөнөтүүгө ниеттенип жатканын журналист Семетей Аманбековго берген маегинде билдирди. Калаа башчынын пикиринде, дүйнөлүк мурас макамы Сулайман-Тоонун айланасында туристтик инфраструктураны өнүктүрүүгө жана ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга тоскоолдук жаратууда. Анын айтымында, тоонун өзүндө гана эмес, ага жакын аймактарда пландалган курулуштарды да ЮНЕСКО менен макулдашуу талап кылынат.Мэр буга мисал катары ишкер Нариман Түлеевдин сунушун келтирди. Анын сөзүнө караганда, Түлеев Ошто курулуп жаткан “Сулайман парк” соода борборунан Сулайман-Тоонун чокусуна чейин асма жол салууну сунуштаган. Бирок ЮНЕСКОнун талаптарына байланыштуу бул идея ишке ашпай калган.Ош мэри Сулайман-Тоонун тарыхый калыбы жана баалуулугу сөзсүз сакталышы керектигин белгиледи. Ошол эле учурда тоого тийбестен, анын айланасына веложол, жөө адамдар үчүн тротуар, отургучтар, ичүүчү суу жана Wi-Fi сыяктуу шарттарды түзүүгө болорун айтты. Анын пикиринде, мындай инфраструктура туристтердин санын көбөйтөт.Акаев бул маселени маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев менен да талкуулаганын билдирди.“Мирбек Кемеловичке мен тамашасыз айтып жатам. Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгаруу боюнча жакында расмий кат берем. Ойлонуп көрүңүз дедим. Ал таң калып, катуу каршы да болгон жок, макул да деген жок. Ойлонуп калды”, — деди мэр.
https://sputnik.kg/20251119/meriya-sulayman-toogo-buferdik-zona-tuzot-1097955352.html
ош
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/07/1094472706_52:0:1492:1080_1920x0_80_0_0_1ae02942ab55ce84505d5b777224ead3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, ош, "сулайман-тоо" музейи, юнеско
кыргызстан, ош, "сулайман-тоо" музейи, юнеско
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Ош шаарынын мэри Жанар Акаев Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун тизмесинен чыгарууну көздөөдө. Ал бул боюнча Маданият министрлигине расмий кат жөнөтүүгө ниеттенип жатканын журналист Семетей Аманбековго берген маегинде билдирди.
Калаа башчынын пикиринде, дүйнөлүк мурас макамы Сулайман-Тоонун айланасында туристтик инфраструктураны өнүктүрүүгө жана ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга тоскоолдук жаратууда. Анын айтымында, тоонун өзүндө гана эмес, ага жакын аймактарда пландалган курулуштарды да ЮНЕСКО менен макулдашуу талап кылынат.
Мэр буга мисал катары ишкер Нариман Түлеевдин сунушун келтирди. Анын сөзүнө караганда, Түлеев Ошто курулуп жаткан “Сулайман парк” соода борборунан Сулайман-Тоонун чокусуна чейин асма жол салууну сунуштаган. Бирок ЮНЕСКОнун талаптарына байланыштуу бул идея ишке ашпай калган.
“Ал жерде бир нече чоң устун орнотулмак. Бирок ЮНЕСКОнун өкүлдөрү буга каршы чыгышты. Тоонун айланасында чоң инвестициялык долбоор пландалса, аны да карап чыгууну талап кылышат. Бир сом акча бербейт, бирок "Сулайман-Тоо дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген" деген имидж бар”, — деди Акаев.
Ош мэри Сулайман-Тоонун тарыхый калыбы жана баалуулугу сөзсүз сакталышы керектигин белгиледи. Ошол эле учурда тоого тийбестен, анын айланасына веложол, жөө адамдар үчүн тротуар, отургучтар, ичүүчү суу жана Wi-Fi сыяктуу шарттарды түзүүгө болорун айтты. Анын пикиринде, мындай инфраструктура туристтердин санын көбөйтөт.
“Бул жерди ресторан-кафелерге толтуруп, башаламан соода жайына айлантуу дегендик эмес. Биз ага жол бербейбиз. Тескерисинче, адамдар велосипед тээп, жөө басып, эс алып отура турган шарт түзүлүшү керек”, — деди ал.
Акаев бул маселени маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев менен да талкуулаганын билдирди.
“Мирбек Кемеловичке мен тамашасыз айтып жатам. Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгаруу боюнча жакында расмий кат берем. Ойлонуп көрүңүз дедим. Ал таң калып, катуу каршы да болгон жок, макул да деген жок. Ойлонуп калды”, — деди мэр.

19 Жетинин айы 2025, 11:50