"Алган билимимди ишимде колдоном". Москвада Sputnik Pro долбоорунун 14-модулу өттү
"Алган билимимди ишимде колдоном". Москвада Sputnik Pro долбоорунун 14-модулу өттү
Sputnik Кыргызстан
МОСКВА, 21-авг. — Sputnik, Елизавета Борисенко. Москва шаарында "Зубовскийдеги Sputnik Pro" долбоорунун 14-модулу аяктады. Бул быйылкы жылдагы экинчи программа... 21.08.2026, Sputnik Кыргызстан
МОСКВА, 21-авг. — Sputnik, Елизавета Борисенко. Москва шаарында "Зубовскийдеги Sputnik Pro" долбоорунун 14-модулу аяктады. Бул быйылкы жылдагы экинчи программа болуп, ага алты өлкөдөн: Абхазия, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан келген журналисттер, блогерлер, SMM жана PR-адистер катышты. Беш күн бою (17-августтан 21-августка чейин) агенттиктин алдыңкы адистери заманбап медиаиндустриянын негизги багыттары боюнча лекцияларды жана чеберчилик сабактарын өтүштү. Алардын катарында заманбап радионун сырлары, жаңылык жазуу процесси жана аскердик кабарчынын иши сыяктуу темалар талкууланды. Окутуунун башкы темаларынын бири жасалма интеллект (ЖИ) менен иштөө болду. Катышуучуларга ЖИнин негизги ыкмалары, ошондой эле аны күнүмдүк жумушта максималдуу колдонуу жолдору айтылды. Катышуучулар бул темадагы сабактар чынында эле кызыктуу болгонун, атүгүл мурдатан тааныш темалар жаңы өңүттөн сунушталганын баса белгилешти. "Долбоордон абдан чоң таасир алып жатам. Сабактар аябай кызыктуу жана кесибибизге түздөн-түз тиешелүү болгондуктан биз үчүн өтө пайдалуу болууда. Айрыкча заманбап журналистиканын талаптары, нейротүйүндөр жана жасалма интеллект боюнча өтүлгөн темалар өзгөчө кызыгууну жаратты. Москвага биринчи жолу келишим, шаар мынчалык чоң жана кооз деп элестеткен эмесмин. Көрө турган тарыхый жайлары көп, өтө көрктүү калаа экен. Мага абдан жакты", — деди кыргызстандык журналист Назира Кенжебекова. Жасалма интеллект боюнча сабактар өзгөчө пайдалуу болгонун казакстандык катышуучу белгиледи. "Мисалы, мен чыныгы жана жасалма интеллект жараткан сүрөттү айырмалоону үйрөндүм. Буга чейин мындай суроо мени да ойлондурчу. Ошондой эле тексттерге туура тема коюуну үйрөтүштү. Мен бул билимди сөзсүз өз ишимде колдоном", — деди казакстандык катышуучу Айдана Нагиева. Модулдун жүрүшүндө катышуучулар виртуалдык студияны көрүп, видео менен иштөө боюнча сабактарга катышты. "Азыркы заманбап видеоөндүрүш форматтары бардык темаларды чагылдырууга мүмкүнчүлүк берет. Буга маектер да, кыска видеокомментарийлер да кирет. Биз башкы ойду жеткирүү үчүн "мультфильм" стилиндеги кызыктуу баяндарды жасайбыз", — деди Sputnik Жакынкы чет өлкөлөр жана Балтика боюнча контент өндүрүшү башкармалыгынын жетекчиси Елена Загородняя. Катышуучулардын айтымында, Sputnik Pro долбоорунун башкы баалуулугу — алынган билимди журналистикада гана эмес, блог жүргүзүү, жеке брендди өнүктүрүү сыяктуу башка ар түрдүү тармактарда да кеңири колдонууга мүмкүн болгондугунда. "Менин оюмча, азыр соцтармактарсыз бир да кесипте иштөө мүмкүн эмес. SMM адистиги — жок эле дегенде өзүңдү, жеке брендиңди алдыга жылдырууга эң сонун мүмкүнчүлүк", — деди өзбекстандык Севара Оролова. Албетте, Sputnik Pro — жаңы көндүмдөрдү алуу гана эмес, дос күтүү жана жаңы жерлерди көрүү мүмкүнчүлүгү. Катышуучулардын көбү Москвага биринчи жолу келишкен. Модулдун акыркы күнүндө катышуучулар беш күн бою даярдаган өздөрүнүн долбоорлорун жактап, программанын соңунда долбоорду аяктагандыгы тууралуу дипломдорго ээ болушту. Эскерте кетсек, "Зубовскийдеги Sputnik Pro" — КМШ өлкөлөрүнүн журналисттери үчүн Жакынкы чет өлкөлөр жана Балтика мультимедиалык борборлору дирекциясы тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоор. 2023-жылдан бери ага 11 өлкөдөн 168 журналист катышкан. Быйылкы жылы агенттиктин иши менен таанышып, кесиптик чеберчилигин арттырууга жакынкы чет мамлекеттерден дагы 24 ЖМК өкүлү мүмкүнчүлүк алат. Алдыда сентябрь жана октябрь айларындагы программалар бар.
МОСКВА, 21-авг. — Sputnik, Елизавета Борисенко. Москва шаарында "Зубовскийдеги Sputnik Pro" долбоорунун 14-модулу аяктады. Бул быйылкы жылдагы экинчи программа болуп, ага алты өлкөдөн: Абхазия, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан келген журналисттер, блогерлер, SMM жана PR-адистер катышты.
Беш күн бою (17-августтан 21-августка чейин) агенттиктин алдыңкы адистери заманбап медиаиндустриянын негизги багыттары боюнча лекцияларды жана чеберчилик сабактарын өтүштү. Алардын катарында заманбап радионун сырлары, жаңылык жазуу процесси жана аскердик кабарчынын иши сыяктуу темалар талкууланды.
Быйылкы жылдагы экинчи программага Абхазия, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан келген журналисттер, блогерлер, SMM жана PR-адистер катышты
Быйылкы жылдагы экинчи программага Абхазия, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан келген журналисттер, блогерлер, SMM жана PR-адистер катышты
Sputnik Pro — жаңы көндүмдөрдү алуу гана эмес, дос күтүү жана жаңы жерлерди көрүү мүмкүнчүлүгү. Катышуучулардын көбү Москвага биринчи жолу келишкен
Окутуунун башкы темаларынын бири жасалма интеллект (ЖИ) менен иштөө болду. Катышуучуларга ЖИнин негизги ыкмалары, ошондой эле аны күнүмдүк жумушта максималдуу колдонуу жолдору айтылды.
"Жасалма интеллектиге токтолсок — биз көп нерсени кыйладан бери колдонуп келебиз. Бирок алар көбүнчө техникалык, көмөкчү мүнөзгө ээ. Албетте, биз жасалма интеллектиге өзүбүздүн ордубузга жаңылык же макала жазуу тапшырмасын бербейбиз, ошентсе да үндү текстке айландыруу, котормо, титр коюу жана монтаждоо сыяктуу бардык багыттарда аны пайдаланабыз", — деди модулдун ачылышында "Россия сегодня" медиатобунун башкы редакторунун орун басары Андрей Благодыренко.
Катышуучулар бул темадагы сабактар чынында эле кызыктуу болгонун, атүгүл мурдатан тааныш темалар жаңы өңүттөн сунушталганын баса белгилешти.
"Долбоордон абдан чоң таасир алып жатам. Сабактар аябай кызыктуу жана кесибибизге түздөн-түз тиешелүү болгондуктан биз үчүн өтө пайдалуу болууда. Айрыкча заманбап журналистиканын талаптары, нейротүйүндөр жана жасалма интеллект боюнча өтүлгөн темалар өзгөчө кызыгууну жаратты. Москвага биринчи жолу келишим, шаар мынчалык чоң жана кооз деп элестеткен эмесмин. Көрө турган тарыхый жайлары көп, өтө көрктүү калаа экен. Мага абдан жакты", — деди кыргызстандык журналист Назира Кенжебекова.
Жасалма интеллект боюнча сабактар өзгөчө пайдалуу болгонун казакстандык катышуучу белгиледи.
"Мисалы, мен чыныгы жана жасалма интеллект жараткан сүрөттү айырмалоону үйрөндүм. Буга чейин мындай суроо мени да ойлондурчу. Ошондой эле тексттерге туура тема коюуну үйрөтүштү. Мен бул билимди сөзсүз өз ишимде колдоном", — деди казакстандык катышуучу Айдана Нагиева.
Модулдун жүрүшүндө катышуучулар виртуалдык студияны көрүп, видео менен иштөө боюнча сабактарга катышты.
"Азыркы заманбап видеоөндүрүш форматтары бардык темаларды чагылдырууга мүмкүнчүлүк берет. Буга маектер да, кыска видеокомментарийлер да кирет. Биз башкы ойду жеткирүү үчүн "мультфильм" стилиндеги кызыктуу баяндарды жасайбыз", — деди Sputnik Жакынкы чет өлкөлөр жана Балтика боюнча контент өндүрүшү башкармалыгынын жетекчиси Елена Загородняя.
Sputnik Pro долбоорунун башкы баалуулугу — алынган билимди журналистикада гана эмес, блог жүргүзүү, жеке брендди өнүктүрүү сыяктуу башка ар түрдүү тармактарда да кеңири колдонууга мүмкүн болгондугунда
Модулдун акыркы күнүндө катышуучулар беш күн бою даярдаган өздөрүнүн долбоорлорун жактап, программанын соңунда долбоорду аяктагандыгы тууралуу дипломдорго ээ болушту
"Зубовскийдеги Sputnik Pro" — КМШ өлкөлөрүнүн журналисттери үчүн Жакынкы чет өлкөлөр жана Балтика мультимедиалык борборлору дирекциясы тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоор
Sputnik Pro долбоорунун башкы баалуулугу — алынган билимди журналистикада гана эмес, блог жүргүзүү, жеке брендди өнүктүрүү сыяктуу башка ар түрдүү тармактарда да кеңири колдонууга мүмкүн болгондугунда
Модулдун акыркы күнүндө катышуучулар беш күн бою даярдаган өздөрүнүн долбоорлорун жактап, программанын соңунда долбоорду аяктагандыгы тууралуу дипломдорго ээ болушту
"Зубовскийдеги Sputnik Pro" — КМШ өлкөлөрүнүн журналисттери үчүн Жакынкы чет өлкөлөр жана Балтика мультимедиалык борборлору дирекциясы тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоор
Катышуучулардын айтымында, Sputnik Pro долбоорунун башкы баалуулугу — алынган билимди журналистикада гана эмес, блог жүргүзүү, жеке брендди өнүктүрүү сыяктуу башка ар түрдүү тармактарда да кеңири колдонууга мүмкүн болгондугунда.
"Менин оюмча, азыр соцтармактарсыз бир да кесипте иштөө мүмкүн эмес. SMM адистиги — жок эле дегенде өзүңдү, жеке брендиңди алдыга жылдырууга эң сонун мүмкүнчүлүк", — деди өзбекстандык Севара Оролова.
Албетте, Sputnik Pro — жаңы көндүмдөрдү алуу гана эмес, дос күтүү жана жаңы жерлерди көрүү мүмкүнчүлүгү. Катышуучулардын көбү Москвага биринчи жолу келишкен.
"Сабактардан көп нерсени үйрөнүп, бош убактыбызды пайдалуу өткөрүүгө жетиштик. Мисалы, кечээ Москванын кызыктуу жерлерин кыдырдык", — деп Sputnik менен алган таасирлери тууралуу абхазиялык Милена Снятовская бөлүштү.
Модулдун акыркы күнүндө катышуучулар беш күн бою даярдаган өздөрүнүн долбоорлорун жактап, программанын соңунда долбоорду аяктагандыгы тууралуу дипломдорго ээ болушту.
Эскерте кетсек, "Зубовскийдеги Sputnik Pro" — КМШ өлкөлөрүнүн журналисттери үчүн Жакынкы чет өлкөлөр жана Балтика мультимедиалык борборлору дирекциясы тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоор. 2023-жылдан бери ага 11 өлкөдөн 168 журналист катышкан. Быйылкы жылы агенттиктин иши менен таанышып, кесиптик чеберчилигин арттырууга жакынкы чет мамлекеттерден дагы 24 ЖМК өкүлү мүмкүнчүлүк алат. Алдыда сентябрь жана октябрь айларындагы программалар бар.