00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
3 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Өлкөдө 40тан ашык медициналык объекттин курулушу улануудаБишкекте Россиянын мамлекеттик туусуна арналган иш-чара өттүПрезидент Кыргызстандын жарандыгы боюнча жарлыктарга кол койду
Кыргызстандын президентинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу жөнүндө жарлыктарына кол коюлду. Кыргыз Республикасынын жарандыгын кабыл алгандардын көпчүлүгүн тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандыгын калыбына келтирип жаткан адамдар түзөт.
Бишкекте Кыргыз Республикасынын “Психологиялык ишмердүүлүк жана психологиялык жардам жөнүндө” мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун төртүнчү жыйыны өттү. Мыйзам долбоорунун демилгечиси —Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева. Жыйынга Жогорку Кеңештин, мамлекеттик органдардын, психологдордун ассоциацияларынын, ошондой эле эксперттик жана илимий коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө мыйзам долбоору тааныштырылып, документ кеңири талкууланды. Катышуучулар Кыргызстанда психологиялык ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу жана психологиялык жардам көрсөтүү үчүн укуктук негизди түзүүгө багытталган документтин негизги жоболорун карап чыгышты. Психологдордун кесиптик ишмердүүлүгүн жөнгө салуу, адистердин укуктарын жана милдеттерин аныктоо, кесиптик ишмердүүлүккө коюлуучу талаптар, ошондой эле бул чөйрөнү мамлекеттик жөнгө салуу механизмдерине өзгөчө көңүл бурулду. Психологдордун кесиптик жана илимий коомчулугунун өкүлдөрү мыйзам долбоорунун айрым жоболору боюнча өз сунуштарын жана пикирлерин билдиришти. Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар документти мындан ары өркүндөтүүгө байланыштуу маселелер боюнча пикир алмашты.
Кыргызстанда учурда саламаттык сактоо тармагына тиешелүү 40тан ашык объекттин курулушу уланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коллегиясынын жыйынында маалымдалды. Маалыматка ылайык, 2026-жылы аталган курулуш жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга 13,2 млрд сом каралган. Коллегияда объектилердин курулушун көзөмөлдөөнү күчөтүү жана медициналык жардамдын сапаты менен жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттер белгиленди.
Бишкекте Россотрудничествонун өкүлчүлүгүндө Россиянын мамлекеттик туусунун күнүнө арналган иш-чара өттү. Саамалыкта РФтин Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчи-элчиси Екатерина Чистова мамлекеттик туунун көп улуттуу орус элин бириктирген символ экенин белгиледи. Анын айтымында, тууну элдин салттуу руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, анын ичинде боорукерликке, адилеттүүлүккө жана тарыхка болгон урмат-сыйга берилгендиктин белгиси катары да кароого болот. Ал эми Россотрудничествонун өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев мындан 35 жыл мурун тарыхый үч түстүү тууну Россиянын мамлекеттик туусу катары кайра кабыл алуу чечими чыкканын эске салды.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 102 сом 38 тыйынга юань 13 сом рубль 1 сом 2 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 87 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындын тегерегинде сатылууда.
Аба ырайы 22-августка карата аба ырайыИршемби күнү көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. 22-августка караган түнү өлкөбүздүн айрым жерлеринде жаан жаап күн күн күркурөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө +29...+34, Талас чөлкөмүндө +25...+30, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +22...+27 градус ысыйт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +29...+31, Ошто +32...+34, ал эми Чолпон-Атада +23...+25 градуска көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0