https://sputnik.kg/20260821/1103122128.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жумушсуздардын саны азайдыРФ ТИМ ги Украина Батышка Россияга каршы туруучу плацдарм катары гана керек деди Өкмөт башчы 2030-жылга чейин балдардын... 21.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-21T17:00+0600
2026-08-21T17:00+0600
2026-08-21T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/15/1103121962_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_e140848016a3d4a99c3cd77332788898.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жумушсуздардын саны азайдыРФ ТИМ ги Украина Батышка Россияга каршы туруучу плацдарм катары гана керек деди Өкмөт башчы 2030-жылга чейин балдардын 80 пайызы бакчага барып калышы керектигин айтты
Кыргызстанда билим берүүнүн сапаты жакшырып, былтыр аталган тармакка 75 миллиард доллар бөлүндү. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев улуттук педагогикалык форумда айтты. Өкмөт башчы акыркы беш жылда өлкөдө 390дан ашык жаңы мектеп курулуп, 110дон ашык билим уясы оңдоп-түзөтүлгөнүн белгиледи. "Билим берүүгө бөлүнгөн каражат 2021-жылдагы 40 миллиард сомдон 2025-жылы 75 миллиардга жеткен. Мектепке чейинки билим берүү 2021-жылы бөбөктөрдүн 22 пайызын камтыса, былтыр 51 пайызга чукулдады. Ал эми 2030-жылга чейин кичинекейлердин 80 пайызы бала бакчага барып калыш керек деген милдет коюлду", — деди Касымалиев. Ал ошондой эле ЖРТдагы орточо бал 119,8ден 128 упайга көтөрүлгөнүн кошумчалады.
2026-жылдын 1-июлуна карата Кыргызстандын иш менен камсыз кылуу кызматтарында 605 миң жумушсуз жаран каттоодо турган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7 пайызга аз. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, алардын 37,8 миңи расмий жумушсуз статусуна ээ болгон. Бул көрсөткүч бир жылда 17 пайызга кыскарган. 2026-жылдын биринчи жарымында иш менен камсыз кылуу кызматтарынын көмөгү менен 7,1 миң адам жумушка орношкон, дагы 13,1 миң жаран жумушка орношууга көмөктөшүү боюнча активдүү чараларга тартылган. Өлкөдө расмий жумушсуздуктун деңгээли экономикалык активдүү калктын 1,3 пайызын түзөт. Мындан тышкары, 22-июлдан тартып Jumush.gov.kg санариптик платформасы пилоттук режимде иштей баштады. Анда иш берүүчүлөр бош жумуш орундарын акысыз жайгаштырып, ал эми жарандар өлкө боюнча ылайыктуу жумуш орундарын өз алдынча издей алышат.
Кыргызстанда электр тармактарын күз-кыш мезгилине даярдоо иштери жылдагыдай эле жаз айларында башталып, учурда көмөк чордондордун жана электр жабдууларын оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу “Кыргыз улуттук электр тармагы” ААКнын Өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн жетекчиси Кубанычбек Исмаилов билдирди. Анын айтымында, 2026-жылдын 7 айынын жыйынтыгы менен 149 көмөк чордондун жабдуулары оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Ошондой эле электр жабдуулары капиталдык оңдоодон жана техникалык тейлөөдөн өткөрүлүүдө. Маалымдалгандай, сентябрь айынын аягында атайын комиссиялар түзүлүп, ар бир облуста кышка даярдык иштеринин жүрүшү жеринен текшерилет. Текшерүүнүн жыйынтыгында талаптарга жооп берген ишканаларга даярдык паспорту берилет. Ошондон кийин гана ишкананын күз-кыш мезгилине даярдыгы тууралуу чечим кабыл алынат. Исмаилов учурда электр тармагында эскирген жана жаңы орнотулуп жаткан жабдуулар бар экенин өз сөзүндө айтып өттү. Анын айтымында, техникалык талаптарга ылайык трансформаторлор кеминде 25 жыл иштөөгө эсептелген.
Батыш , Украинаны өз алдынча мамлекет катары карабайт жана аны Россияга коркунуч туудуруучу аянтча катары пайдаланууда. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди. "Батыштын Украинага мамилеси толугу менен утилитардык мүнөздө. Ал ресурстарды неоколониялык жол менен пайдалануу жана жергиликтүү калкты Россияга каршы геосаясий жаңжалга аралаштырчу аймак катары кароодо", — деди Захарова. Анын айтымында, Батыш Украинаны алсыратуу менен Россияга зыян келтирүүнү көздөйт. Дипломат Киев бийлигинин келечеги мурда эле чечилип калганын да кошумчалады.
Кыргызстанда жумушсуздардын саны азайдыРФ ТИМ ги Украина Батышка Россияга каршы туруучу плацдарм катары гана керек деди Өкмөт башчы 2030-жылга чейин балдардын 80 пайызы бакчага барып калышы керектигин айтты Кыргызстанда билим берүүнүн сапаты жакшырып, былтыр аталган тармакка 75 миллиард доллар бөлүндү. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев улуттук педагогикалык форумда айтты. Өкмөт башчы акыркы беш жылда өлкөдө 390дан ашык жаңы мектеп курулуп, 110дон ашык билим уясы оңдоп-түзөтүлгөнүн белгиледи. "Билим берүүгө бөлүнгөн каражат 2021-жылдагы 40 миллиард сомдон 2025-жылы 75 миллиардга жеткен. Мектепке чейинки билим берүү 2021-жылы бөбөктөрдүн 22 пайызын камтыса, былтыр 51 пайызга чукулдады. Ал эми 2030-жылга чейин кичинекейлердин 80 пайызы бала бакчага барып калыш керек деген милдет коюлду", — деди Касымалиев. Ал ошондой эле ЖРТдагы орточо бал 119,8ден 128 упайга көтөрүлгөнүн кошумчалады.2026-жылдын 1-июлуна карата Кыргызстандын иш менен камсыз кылуу кызматтарында 605 миң жумушсуз жаран каттоодо турган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7 пайызга аз. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, алардын 37,8 миңи расмий жумушсуз статусуна ээ болгон. Бул көрсөткүч бир жылда 17 пайызга кыскарган. 2026-жылдын биринчи жарымында иш менен камсыз кылуу кызматтарынын көмөгү менен 7,1 миң адам жумушка орношкон, дагы 13,1 миң жаран жумушка орношууга көмөктөшүү боюнча активдүү чараларга тартылган. Өлкөдө расмий жумушсуздуктун деңгээли экономикалык активдүү калктын 1,3 пайызын түзөт. Мындан тышкары, 22-июлдан тартып Jumush.gov.kg санариптик платформасы пилоттук режимде иштей баштады. Анда иш берүүчүлөр бош жумуш орундарын акысыз жайгаштырып, ал эми жарандар өлкө боюнча ылайыктуу жумуш орундарын өз алдынча издей алышат. Кыргызстанда электр тармактарын күз-кыш мезгилине даярдоо иштери жылдагыдай эле жаз айларында башталып, учурда көмөк чордондордун жана электр жабдууларын оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу “Кыргыз улуттук электр тармагы” ААКнын Өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн жетекчиси Кубанычбек Исмаилов билдирди. Анын айтымында, 2026-жылдын 7 айынын жыйынтыгы менен 149 көмөк чордондун жабдуулары оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Ошондой эле электр жабдуулары капиталдык оңдоодон жана техникалык тейлөөдөн өткөрүлүүдө. Маалымдалгандай, сентябрь айынын аягында атайын комиссиялар түзүлүп, ар бир облуста кышка даярдык иштеринин жүрүшү жеринен текшерилет. Текшерүүнүн жыйынтыгында талаптарга жооп берген ишканаларга даярдык паспорту берилет. Ошондон кийин гана ишкананын күз-кыш мезгилине даярдыгы тууралуу чечим кабыл алынат. Исмаилов учурда электр тармагында эскирген жана жаңы орнотулуп жаткан жабдуулар бар экенин өз сөзүндө айтып өттү. Анын айтымында, техникалык талаптарга ылайык трансформаторлор кеминде 25 жыл иштөөгө эсептелген. Батыш , Украинаны өз алдынча мамлекет катары карабайт жана аны Россияга коркунуч туудуруучу аянтча катары пайдаланууда. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди. "Батыштын Украинага мамилеси толугу менен утилитардык мүнөздө. Ал ресурстарды неоколониялык жол менен пайдалануу жана жергиликтүү калкты Россияга каршы геосаясий жаңжалга аралаштырчу аймак катары кароодо", — деди Захарова. Анын айтымында, Батыш Украинаны алсыратуу менен Россияга зыян келтирүүнү көздөйт. Дипломат Киев бийлигинин келечеги мурда эле чечилип калганын да кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/15/1103121962_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_594c4dee17ccafa2561ae1d93c1990b9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио