https://sputnik.kg/20260821/1103115049.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Борбор калаабызда саат 15:00 жанылыктар топтому менен микрафондо мен Аяна Бекболот кызы Саламатсызбы !Антимонополия кызматы элди күйүүчү майды үнөмдөөгө... 21.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-21T15:00+0600
2026-08-21T15:00+0600
2026-08-21T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/15/1103114883_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_b3e9847058edc76e36b18822ae975d48.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Борбор калаабызда саат 15:00 жанылыктар топтому менен микрафондо мен Аяна Бекболот кызы Саламатсызбы !Антимонополия кызматы элди күйүүчү майды үнөмдөөгө чакырып, себебин түшүндүрдү"Толук тынчый элек". РФ ТИМи Ормуз кысыгындагы кырдаалга комментарий берди"Кылым банк" президенттин иш башкармалыгына өткөрүлдү
Мамлекеттик "Кылым банк" президенттин иш башкармалыгына өткөрүлөт. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду. Документке ылайык, министрлер кабинетине банктын акционери боюнча функцияларды иш башкармалыкка өткөрүп берүү тапшырылды. Жарлык август айынын аягында күчүнө кирет. "Кылым банк" 1 миллиард сом уставдык капитал менен былтыр түзүлгөн. Аны 2027-жылга чейин 5 миллиард сомго жеткирүү пландалууда. Банк баалуу кагаздар боюнча эсептешүү жана клиринг операцияларын жүргүзүп, аларды сактоо жана эсепке алуу кызматтарын көрсөтөт. Ошондой эле Кыргызстанда борбордук контрагенттин, улуттук депозитарийдин жана нумерация боюнча агенттин функцияларын аткаруусу каралган.
Монополияга каршы кызмат мамлекет күйүүчү майдын баасын кармап туруу үчүн мунай сатуучу компанияларга 1 миллиард сомго жакын субсидия төлөп бергенин эске салып, жарандарды күйүүчү майды үнөмдөөгө чакырды. Маалымдалгандай, учурда АИ-92нин литрине 23–30 сом, дизелге 25-37 сом, автогазга 2,2-5,2 сом бюджеттен компенсацияланат. "Күнүнө 10 литр бензин короткон айдоочу үчүн мамлекет орточо 266 сом, бир айда 7 980 сом төлөп берет. Бул бир гана унаа. Балким зарыл эмес сапарларды азайтып, коомдук транспортко, велосипедге өтүп же жөө жүрүү жөндүү болуп жүрбөсүн", — деп суроо салган аталган кызмат. Мекеме бул унаадан толук баш тартууга чакырык эмес, күйүүчү майды сарамжалдуу пайдалануу сунушу экенин кошумчалады.
Кыргызстан суудагы "Формула-1" жарышын даярдоого жана өткөрүүгө эки миллион доллардан ашык акча жумшады. Бул туурасында Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Эдуард Кубатов билдирди. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, иш-чаранын экономикалык пайдасы 12,5 миллион долларга жакын болгонун айткан.Эске салсак, F1H2O дүйнө чемпионатынын Grand Prix of Kyrgyzstan этабы 1-августта Бает айылынын аймагындагы сууда башталып, үч күнгө созулду. Анын ачылышына бир нече чет мамлекеттин президенттери жана мамлекет башчы Садыр Жапаров катышкан. Мелдешке 13 өлкөдөн 8 эл аралык команда жана 18 пилот катышты. Чемпионаттын этабы деңиз деңгээлинен 1 607 метр бийиктикте өткөндүктөн Кыргызстандагы F1H2O мелдешинин тарыхындагы эң бийик тоолуу этап болуп калды. Суудагы "Формула-1" мелдешинин баш байгесин азыркы дүйнө чемпиону Шон Торренте утуп алды. Victory Team командасынын америкалык пилоту жеңүүчү болсо, экинчини швециялык Эрик Старк, ал эми үчүнчү орунду норвегиялык Марит Стремой ээледи.
Иран менен Омандын Ормуз кысыгындагы кеме каттамынын тартиби боюнча сүйлөшүүлөрү ийгиликтүү аяктаган күндө да, аймактагы кырдаалдын мындан ары курчуп кетүү коркунучу бар. Бул тууралуу РФ ТИМ башчысынын орун басары Сергей Рябков айтты.Алардын бири-бирине утур чабуул жасап жатканын, суудагы каттамдарга кайра чектөө коюшу, чыр-чатакка аралашкан тараптардын арбышын эске алганда, Перс булуңундагы кырдаалды "тынчый түшүү" деп айтуу кыйын экенин белгиледи."Сүйлөшүүлөрдүн үзүл-кесилдиги, мурда бекитилген макулдашуулардын андан ары иштеп кетишинен күмөн саноо олку-солкулукту жараткан негизги себептерден болууда", — деген Рябков.
Борбор калаабызда саат 15:00 жанылыктар топтому менен микрафондо мен Аяна Бекболот кызы Саламатсызбы !Антимонополия кызматы элди күйүүчү майды үнөмдөөгө чакырып, себебин түшүндүрдү"Толук тынчый элек". РФ ТИМи Ормуз кысыгындагы кырдаалга комментарий берди"Кылым банк" президенттин иш башкармалыгына өткөрүлдүМамлекеттик "Кылым банк" президенттин иш башкармалыгына өткөрүлөт. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду. Документке ылайык, министрлер кабинетине банктын акционери боюнча функцияларды иш башкармалыкка өткөрүп берүү тапшырылды. Жарлык август айынын аягында күчүнө кирет. "Кылым банк" 1 миллиард сом уставдык капитал менен былтыр түзүлгөн. Аны 2027-жылга чейин 5 миллиард сомго жеткирүү пландалууда. Банк баалуу кагаздар боюнча эсептешүү жана клиринг операцияларын жүргүзүп, аларды сактоо жана эсепке алуу кызматтарын көрсөтөт. Ошондой эле Кыргызстанда борбордук контрагенттин, улуттук депозитарийдин жана нумерация боюнча агенттин функцияларын аткаруусу каралган.Монополияга каршы кызмат мамлекет күйүүчү майдын баасын кармап туруу үчүн мунай сатуучу компанияларга 1 миллиард сомго жакын субсидия төлөп бергенин эске салып, жарандарды күйүүчү майды үнөмдөөгө чакырды. Маалымдалгандай, учурда АИ-92нин литрине 23–30 сом, дизелге 25-37 сом, автогазга 2,2-5,2 сом бюджеттен компенсацияланат. "Күнүнө 10 литр бензин короткон айдоочу үчүн мамлекет орточо 266 сом, бир айда 7 980 сом төлөп берет. Бул бир гана унаа. Балким зарыл эмес сапарларды азайтып, коомдук транспортко, велосипедге өтүп же жөө жүрүү жөндүү болуп жүрбөсүн", — деп суроо салган аталган кызмат. Мекеме бул унаадан толук баш тартууга чакырык эмес, күйүүчү майды сарамжалдуу пайдалануу сунушу экенин кошумчалады. Кыргызстан суудагы "Формула-1" жарышын даярдоого жана өткөрүүгө эки миллион доллардан ашык акча жумшады. Бул туурасында Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Эдуард Кубатов билдирди. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, иш-чаранын экономикалык пайдасы 12,5 миллион долларга жакын болгонун айткан.Эске салсак, F1H2O дүйнө чемпионатынын Grand Prix of Kyrgyzstan этабы 1-августта Бает айылынын аймагындагы сууда башталып, үч күнгө созулду. Анын ачылышына бир нече чет мамлекеттин президенттери жана мамлекет башчы Садыр Жапаров катышкан. Мелдешке 13 өлкөдөн 8 эл аралык команда жана 18 пилот катышты. Чемпионаттын этабы деңиз деңгээлинен 1 607 метр бийиктикте өткөндүктөн Кыргызстандагы F1H2O мелдешинин тарыхындагы эң бийик тоолуу этап болуп калды. Суудагы "Формула-1" мелдешинин баш байгесин азыркы дүйнө чемпиону Шон Торренте утуп алды. Victory Team командасынын америкалык пилоту жеңүүчү болсо, экинчини швециялык Эрик Старк, ал эми үчүнчү орунду норвегиялык Марит Стремой ээледи.Иран менен Омандын Ормуз кысыгындагы кеме каттамынын тартиби боюнча сүйлөшүүлөрү ийгиликтүү аяктаган күндө да, аймактагы кырдаалдын мындан ары курчуп кетүү коркунучу бар. Бул тууралуу РФ ТИМ башчысынын орун басары Сергей Рябков айтты.Алардын бири-бирине утур чабуул жасап жатканын, суудагы каттамдарга кайра чектөө коюшу, чыр-чатакка аралашкан тараптардын арбышын эске алганда, Перс булуңундагы кырдаалды "тынчый түшүү" деп айтуу кыйын экенин белгиледи."Сүйлөшүүлөрдүн үзүл-кесилдиги, мурда бекитилген макулдашуулардын андан ары иштеп кетишинен күмөн саноо олку-солкулукту жараткан негизги себептерден болууда", — деген Рябков.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/15/1103114883_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_84d40bdd89031af04505071ef1fed90f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио