https://sputnik.kg/20260821/1103108758.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын чыгарууга арналган... 21.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-21T13:00+0600
2026-08-21T13:00+0600
2026-08-21T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/15/1103108592_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_7d4b211f972cbbbc1c43b880f1732866.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын чыгарууга арналган коллегиянын отуруму өтүүдө. Ведомстводон билдиришкендей, коллегиянын күн тартибинде сегиз негизги маселе каралууда. Алардын арасында министрликтин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишинин жыйынтыктары, бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу, балдарды социалдык жактан колдоону өнүктүрүү, социалдык коргоо чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу, миграциялык саясат жана эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо, аймактык бөлүмдөрдүн жана социалдык мекемелердин иши, жарандардын кайрылуулары менен иштөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу маселелери бар. Жыйындын жыйынтыгы менен министрликтин алдыдагы мезгилдеги негизги милдеттери жана ишинин артыкчылыктуу багыттары аныкталат.
Кыргызстандын жалпы мунай затына болгон бир жылдык керектөөсү орточо 1,5 миллион тоннадан ашат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоого байланышкан маселелер боюнча кезектеги жыйынында белгилүү болду. Жыйында өлкөнүн ички рыногун мунай заттары менен жеткиликтүү деңгээлде камсыздоо үчүн мунай заттарын импорттоо, зарыл болгон коруктарды камсыздоо, күйүүчү-майлоочу продуктулары менен иш жүргүзгөн компанияларга мамлекеттик субсидиянын берилиши сыяктуу иштердин аткарылышы боюнча маалымат угулуп, талкууланды. Отурумдун соңунда минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев отурумдун катышуучуларына өлкөнү мунай заттары менен үзгүлтүксүз камсыздоо, абалдын мониторингин күчөтүү, өлкөдөгү мунай продуктулары менен иш жүргүзгөн ар бир компания менен иш алып баруу, импорттоо боюнча жаңы келишимдерди түзүү, мамлекеттик чек арада логистика маселесин чечүү жана зарыл болгон чараларды өз убагында көрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Өлкөдө жыйналган дандын көлөмү 1 млн. тоннадан ашты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, ар бир гектардан орточо 27,6 центнерден түшүм алынууда. Былтыр бул көрсөткүч 25 центнерге жеткен эмес. Учурда 365,9 миң гектардан дээрлик 1,1 миллион тонна дан эгини жыйналды. Анын жарымынан көбү — буудай. Аймактар арасында Чүй облусу алдыда, бул жерде 663 миң тонна дан жыйналды. Ош облусунда болсо 204 миң тонна түшүм алынган. Мындан тышкары, жашылча, картошка жана бакча өсүмдүктөрүн жыйноо иштери да уланууда.
Владимир Зеленский согушту улантуу үчүн Украинада каражат, күч тартыш болуп жатканын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. Ал согушка оңбогондой каражат кетип жатканын, бул олуттуу көйгөй болуп турганын мойнуна алган. Зеленский бул тууралуу Украинанын жаңы коргонуу министри Евгений Хмараны тааныштыруу учурунда аскер кызматкерлеринин, депутаттардын жана өкмөт мүчөлөрүнүн алдында айткан. Жаңы дайындалган министрден Батыштагы өнөктөштөрү менен түзүлгөн келишимдердин аткарылышы боюнча аудитти күтөрүн белгиледи. Буга чейин, 22-июнда Зеленский өлкөнүн 2026-жылга каралган бюджетиндеги аскердик чыгымдарды көбөйтүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Ал эми май айынын соңунда Украинанын Финансы министрлиги Жогорку Рада коргонуу чыгымдарын 1,56 триллион гривнага көбөйтүүнү биринчи окууда колдогонун маалымдаган. Июндун соңунда эл өкүлү Ярослав Железняк армияга каралган каражат тартыш болуп жаткандыктан өкмөт бюджетке өзгөртүү киргизүүгө аргасыз болорун билдирген.
Бүгүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын чыгарууга арналган коллегиянын отуруму өтүүдө. Ведомстводон билдиришкендей, коллегиянын күн тартибинде сегиз негизги маселе каралууда. Алардын арасында министрликтин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишинин жыйынтыктары, бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу, балдарды социалдык жактан колдоону өнүктүрүү, социалдык коргоо чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу, миграциялык саясат жана эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо, аймактык бөлүмдөрдүн жана социалдык мекемелердин иши, жарандардын кайрылуулары менен иштөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу маселелери бар. Жыйындын жыйынтыгы менен министрликтин алдыдагы мезгилдеги негизги милдеттери жана ишинин артыкчылыктуу багыттары аныкталат. Кыргызстандын жалпы мунай затына болгон бир жылдык керектөөсү орточо 1,5 миллион тоннадан ашат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоого байланышкан маселелер боюнча кезектеги жыйынында белгилүү болду. Жыйында өлкөнүн ички рыногун мунай заттары менен жеткиликтүү деңгээлде камсыздоо үчүн мунай заттарын импорттоо, зарыл болгон коруктарды камсыздоо, күйүүчү-майлоочу продуктулары менен иш жүргүзгөн компанияларга мамлекеттик субсидиянын берилиши сыяктуу иштердин аткарылышы боюнча маалымат угулуп, талкууланды. Отурумдун соңунда минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев отурумдун катышуучуларына өлкөнү мунай заттары менен үзгүлтүксүз камсыздоо, абалдын мониторингин күчөтүү, өлкөдөгү мунай продуктулары менен иш жүргүзгөн ар бир компания менен иш алып баруу, импорттоо боюнча жаңы келишимдерди түзүү, мамлекеттик чек арада логистика маселесин чечүү жана зарыл болгон чараларды өз убагында көрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.Өлкөдө жыйналган дандын көлөмү 1 млн. тоннадан ашты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, ар бир гектардан орточо 27,6 центнерден түшүм алынууда. Былтыр бул көрсөткүч 25 центнерге жеткен эмес. Учурда 365,9 миң гектардан дээрлик 1,1 миллион тонна дан эгини жыйналды. Анын жарымынан көбү — буудай. Аймактар арасында Чүй облусу алдыда, бул жерде 663 миң тонна дан жыйналды. Ош облусунда болсо 204 миң тонна түшүм алынган. Мындан тышкары, жашылча, картошка жана бакча өсүмдүктөрүн жыйноо иштери да уланууда. Владимир Зеленский согушту улантуу үчүн Украинада каражат, күч тартыш болуп жатканын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. Ал согушка оңбогондой каражат кетип жатканын, бул олуттуу көйгөй болуп турганын мойнуна алган. Зеленский бул тууралуу Украинанын жаңы коргонуу министри Евгений Хмараны тааныштыруу учурунда аскер кызматкерлеринин, депутаттардын жана өкмөт мүчөлөрүнүн алдында айткан. Жаңы дайындалган министрден Батыштагы өнөктөштөрү менен түзүлгөн келишимдердин аткарылышы боюнча аудитти күтөрүн белгиледи. Буга чейин, 22-июнда Зеленский өлкөнүн 2026-жылга каралган бюджетиндеги аскердик чыгымдарды көбөйтүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Ал эми май айынын соңунда Украинанын Финансы министрлиги Жогорку Рада коргонуу чыгымдарын 1,56 триллион гривнага көбөйтүүнү биринчи окууда колдогонун маалымдаган. Июндун соңунда эл өкүлү Ярослав Железняк армияга каралган каражат тартыш болуп жаткандыктан өкмөт бюджетке өзгөртүү киргизүүгө аргасыз болорун билдирген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/15/1103108592_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_2141a1cf371e3cc20c351801b2da3b3a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио