Адамзатка космоско жол ачып берген иттер. Видео
© Sputnik
Жазылуу
1960-жылдын 19-августунда Белка жана Стрелка аттуу иттер орбитага чыгып, Жерге аман-эсен кайткан жандык катары тарыхта калды. Бул — Советтер Союзундагы илим жаатындагы олуттуу окуялардан болгон.
АКШда космостук изилдөөлөр үчүн маймылды колдонушса, СССР итти тандаган. Анткени алар тез үйрөтүлүп, тар жерге узак убакыт бою кыймылсыз отура алган.
Космос программасына иттерди атайын көчө иттеринин арасынан тандап алышкан. Породалуу иттерге караганда алар чыдамкай жана катаал шарттарга жакшы ыңгайлашат деп эсептелип келет. Көп сыноолор жүргүзүлгөн 12 иттин ичинен так ушул Белка менен Стрелка ызы-чуулуу жана тар жерде жашап кете аларын көрсөткөн. Башында аларды Вильна, Капля деп аташкан. Бирок кийинчерээк келечекке сапар алчу космонавттарга кулакка жагымдуураак, угумдуу аттарды берүү чечими кабыл алынып, Белка, Стрелка болуп калат.

Алардын "Спутник-5" кемесиндеги сапары 25 сааттан ашык созулган. Бул мезгилде кеме Жерди 17 жолу айланып, 700 миң чакырымдай аралыкка учкан. Көпчүлүк биле бербеген дагы бир кызыктуу жагдай, орбитага башка коноктор да "аттанган. Алар: 40 чычкан, эки келемиш, ар кандай курт-кумурскалар, өсүмдүктөр, козу карындар эле. Атүгүл адамдын клеткалары да жөнөтүлгөн.
Кайтып келгенден кийин каарман эки ит кадимки эле жашоосуна кайткан. Стрелка көп өтпөй алты күчүк тууган.
Пушинка деген күчүгүн СССРдин ошондогу башчысы Хрущев АКШнын ошол маалдагы лидери Жон Кеннединин жубайы Жаклинге белек кылат. Тыңчылык жабдуулар орнотулган-орнотулбаганы текшерилгенден кийин ал Ак үйдө жашап калган. Анын тукумдары азыркыга чейин АКШда жашап келет.
СССР андан кийин деле итти космоско жөнөтөт. Бирок Белка менен Стрелка адамзатка космостун жолун ачып берген. Иттер кайтып келгенден бир жыл өтүп-өтпөй, 1961-жылы 12-апрелде Юрий Гагарин легендага айланган "Поехали!" деген сөзүн айтып, "Восток-1" менен космоско аттанган.