00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Особый акцент
14:05
53 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Соглашение ЕАЭС об электронной торговле: общие правила, без конкретики
08:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
ММК фондунун 2027-жылга бюджети: саламаттык сактоо системасында кайсы багыттар артыкчылыктуу?
09:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Алайда дайынсыз болгон альпинисттерди издөө үчүн тик учак колдонулмай болду

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүАсмандагы тик учак. Архив
Асмандагы тик учак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Чоң-Алайдагы Корумду чокусунда дайынсыз болгон альпинисттерди издөө иштерине тик учак тартылат. Бул тууралуу издөө-куткаруу тобунун мүчөсү Александр Смирнов билдирди.
Анын айтымында, буга чейин аба ырайы издөөгө тоскоолдук жараткан, ошого карабастан 11-августта дрон алты жолу учурулуп, 4 миңден 5,5 миң метрге чейинки аймак каралган. Азырынча топтун изи табыла элек.
"Калың жааган жаңы кар издерди, буюмдарды жана чатырды жаап калышы мүмкүн. Тартылган видеолорду литвалык адистер компьютердик көрүү технологиясы аркылуу талдап жатышат", — деп жазды ал соцтармактагы баракчасына.
Бүгүн күн ачылгандыктан издөөгө тик учак тартылары күтүлүп жатканы кошумчаланды. Смирнов кар баскан тик мөңгү альпинисттер болушу мүмкүн деген негизги аймак катары каралып жатканын белгиледи.
Эске салсак, 1-августта үч кишиден турган альпинисттик топ Чоң-Алай районундагы 6 миң 613 метр бийиктиктеги Корумду чокусуна чыккан. 2-августта байланышка чыгып, түшүүгө толук даяр экенин билдиргенден кийин лагерге карай жол тартышкан. Бирок 4-августта белгиленген жерге кайтып келишкен эмес, ошону менен байланыш үзүлгөн.

9-августта Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигине Беларусь альпинизм федерациясы спортчулардын дайынсыз болуп жатканы тууралуу расмий кайрылганы маалым болгон.

ӨКМдин куткаруучулары ошол эле күнү алардын чатырын табышкан, бирок ичинде эч ким болгон эмес. Дайынсыз болуп жаткан альпинисттердин экөө Беларустун, бирөө Литванын жарандары.
Россиялык альпинист Наталья Наговицына - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2026
Кубатов: Жеңиш чокусунда калган Наталья Наговицынанын сөөгү быйыл түшүрүлбөйт
Жаңылыктар түрмөгү
0