https://sputnik.kg/20260809/okm-alpinist-korumdu-choku-izdoo-ishteri-1102884292.html
Чатыры калып өздөрү жок. ӨКМ альпинисттерди издөө уланганын айтты
Чатыры калып өздөрү жок. ӨКМ альпинисттерди издөө уланганын айтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстандагы Корумду чокусуна (Алай районунун аймагы) чыгып, бирок дайыны билинбей жаткан альпинисттердин чатырын ӨКМ... 09.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-09T13:01+0600
2026-08-09T13:01+0600
2026-08-09T13:01+0600
кыргызстан
өкм
альпинист
издөө
куткаруучу
алай району
https://sputnik.kg/img/102258/37/1022583782_0:643:1357:1406_1920x0_80_0_0_0aaa6de957e37736052d093fb5a1fa40.jpg
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстандагы Корумду чокусуна (Алай районунун аймагы) чыгып, бирок дайыны билинбей жаткан альпинисттердин чатырын ӨКМ куткаруучулары тапты. Бул тууралуу министрлик саат 11:20га карата берген маалыматында кабарлады. Министрликтин айтымында, Корумду чокусуна чыгып, дайынсыз болуп жаткан альпинисттердин экөө Беларустун, бирөө Литванын жарандары. Буга чейин Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигине Беларусь альпинизм федерациясы спортчулардын дайынсыз жоголгону тууралуу расмий кайрылганы маалым болгон. "Биз дароо ӨКМ менен ИИМге маалымат бердик. Альпинисттерден турган коомдук куткаруучулар тобу түзүлдү. ӨКМ жүргүзүп жаткан мониторингдин жыйынтыгын күтүп жатабыз. Издөө-куткаруу иштерине чыгууга даярбыз", — деген Эдуард Кубатов.
https://sputnik.kg/20260809/kyrgyzstan-alpinist-belarus-izdoo-turist-1102881880.html
алай району
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102258/37/1022583782_0:515:1357:1533_1920x0_80_0_0_d911693500720a6e60c72457049d3153.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, өкм, альпинист, издөө, куткаруучу, алай району
кыргызстан, өкм, альпинист, издөө, куткаруучу, алай району
Чатыры калып өздөрү жок. ӨКМ альпинисттерди издөө уланганын айтты
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстандагы Корумду чокусуна (Алай районунун аймагы) чыгып, бирок дайыны билинбей жаткан альпинисттердин чатырын ӨКМ куткаруучулары тапты. Бул тууралуу министрлик саат 11:20га карата берген маалыматында кабарлады.
"Бүгүн альпинисттерди издөөнү улантуу үчүн Чоң-Алай райондук №88 ӨКБдан беш куткаруучу, Чек ара кызматынан беш кызматкер жана швейцариялык эки ыктыярчы жолго чыгып кетти. Ал эми кечээ ӨКМдин сегиз куткаруучусу издөөгө чыгып, 5000 метр бийиктикте түнөп калышкан", — деп билдирди ведомство.
Министрликтин айтымында, Корумду чокусуна чыгып, дайынсыз болуп жаткан альпинисттердин экөө Беларустун, бирөө Литванын жарандары.
Буга чейин Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигине Беларусь альпинизм федерациясы спортчулардын дайынсыз жоголгону тууралуу расмий кайрылганы маалым болгон.
"Биз дароо ӨКМ менен ИИМге маалымат бердик. Альпинисттерден турган коомдук куткаруучулар тобу түзүлдү. ӨКМ жүргүзүп жаткан мониторингдин жыйынтыгын күтүп жатабыз. Издөө-куткаруу иштерине чыгууга даярбыз", — деген Эдуард Кубатов.