https://sputnik.kg/20260810/75chilerdi-katy-sot-1102894340.html
"75чилердин каты" боюнча соттук жараян кийинкиге жылды
"75чилердин каты" боюнча соттук жараян кийинкиге жылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Бишкек шаардык сотунда "75чилер каты" боюнча соттук жараян кийинкиге жылып, 13-августта өтмөй болду. Бул тууралуу Камчыбек Ташиевдин... 10.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-10T10:25+0600
2026-08-10T10:25+0600
2026-08-10T10:31+0600
кыргызстан
сот
камчыбек ташиев
"75чилер иши"
отурум
процесс
https://sputnik.kg/img/07ea/07/02/1102206913_0:120:1280:840_1920x0_80_0_0_ecd8d5beac6b51d08d3b00bf691c281e.jpg
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Бишкек шаардык сотунда "75чилер каты" боюнча соттук жараян кийинкиге жылып, 13-августта өтмөй болду. Бул тууралуу Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Жыргалбек Бабаев билдирди. Анын айтымында, айыпталуучу жана адвокаттар прокуратуранын доо арызы менен тааныша элек. Эскерте кетсек, процесс бүгүнкүгө белгиленип, жабык өтөрү айтылган. Отурумга УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, мурунку баш прокурор Курманбек Зулушев, ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов, мурдагы премьер-министрдин аппарат жетекчиси Бекболот Талгарбеков, экс-вице-премьер Аалы Карашев жана башкалар да келишти. Биринчи май райондук соту Камчыбек Ташиев, Курманкул Зулушев жана Нурланбек Тургунбек уулун "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча актап, бирок "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси менен күнөөлүү деп тапкан. Биринчи инстанциянын өкүмүнө ылайык, алардын мүлкү конфискацияланып, төрт жылга кесилишкен. Бирок сот баарына үч жылдан пробация берген. Ушундай эле өкүм Талгарбековго, Узакбаев, Карашев, Дыйканбаев жана Асановго да чыккан, бирок алардын мүлкү алынган эмес. Эскерте кетсек, 75 киши президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек улууна мөөнөтүнөн мурун президенттик шайлоо өткөрүү өтүнүчү менен кайрылган. Катка окумуштуулар, мурунку премьерлер, экс-депутаттар жана коомдук ишмерлер кол койгон.
https://sputnik.kg/20260703/75chiler-emnege-probatsiyaga-alyndy-1102215257.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/02/1102206913_0:0:1280:960_1920x0_80_0_0_cbac227c1c3639998fda318757ff01c0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, сот, камчыбек ташиев, "75чилер иши", отурум, процесс
кыргызстан, сот, камчыбек ташиев, "75чилер иши", отурум, процесс
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Бишкек шаардык сотунда "75чилер каты" боюнча соттук жараян кийинкиге жылып, 13-августта өтмөй болду. Бул тууралуу Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Жыргалбек Бабаев билдирди.
Анын айтымында, айыпталуучу жана адвокаттар прокуратуранын доо арызы менен тааныша элек.
Эскерте кетсек, процесс бүгүнкүгө белгиленип, жабык өтөрү айтылган.
Отурумга УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, мурунку баш прокурор Курманбек Зулушев, ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов, мурдагы премьер-министрдин аппарат жетекчиси Бекболот Талгарбеков, экс-вице-премьер Аалы Карашев жана башкалар да келишти.
Биринчи май райондук соту Камчыбек Ташиев, Курманкул Зулушев жана Нурланбек Тургунбек уулун "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча актап, бирок "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси менен күнөөлүү деп тапкан. Биринчи инстанциянын өкүмүнө ылайык, алардын мүлкү конфискацияланып, төрт жылга кесилишкен. Бирок сот баарына үч жылдан пробация берген.
Ушундай эле өкүм Талгарбековго, Узакбаев, Карашев, Дыйканбаев жана Асановго да чыккан, бирок алардын мүлкү алынган эмес.
Эскерте кетсек, 75 киши президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек улууна мөөнөтүнөн мурун президенттик шайлоо өткөрүү өтүнүчү менен кайрылган. Катка окумуштуулар, мурунку премьерлер, экс-депутаттар жана коомдук ишмерлер кол койгон.