https://sputnik.kg/20260808/-rosatom-ysyk-koldo-shamal-elektr-stantsiyasyn-kurat-1102878045.html
"Росатом" Ысык-Көлгө курчу шамал электр станциясынын кубаттуулугу 100 МВт болот
"Росатом" Ысык-Көлгө курчу шамал электр станциясынын кубаттуулугу 100 МВт болот
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Россиянын "Росатом" ишканасы Ысык-Көлдө шамал электр станциясын курмай болууда. Тиешелүү келишимге кол коюлганын Россия-Кыргыз... 08.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-08T17:22+0600
2026-08-08T17:22+0600
2026-08-08T19:55+0600
кыргызстан
росатом
электр станциясы
ысык-көл
курулуш
https://sputnik.kg/img/07e8/09/1b/1089057542_0:320:3072:2048_1920x0_80_0_0_4dfe006e0240f2855ad80fec8e879686.jpg
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Россиянын "Росатом" ишканасы Ысык-Көлдө шамал электр станциясын курмай болууда. Тиешелүү келишимге кол коюлганын Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан билдиришти. Маалыматка караганда, долбоор тууралуу макулдашууга Бостериде өткөн VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунда кол коюлган. Эске салсак, шамал электр станциясынын курулушуна 2024-жылдын сентябрында капсула салынган. Долбоорго ылайык, шамал станциясынын кубаттуулугу 100 мегаватт болуп, жылына 280 миллион киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгарат. Көк-Мойнокто жайгаша турган станциянын жалпы аймагы 200 гектарды түзмөкчү. "Росатомдун" маалыматына караганда, компания буга чейин Россияда жалпы кубаттуулугу 1,3 гигаваттан ашкан шамал электр станцияларын ишке киргизген. 2028-жылга чейин жалпы кубаттуулугу болжол менен 2 гигаватт болгон шамал электр станцияларын курууну пландап жатат.
https://sputnik.kg/20260806/kyrgyzstan-rossiya-birdiktuu-mobildik-baylanysh-1102827538.html
ысык-көл
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/09/1b/1089057542_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_203d38a7ecfdcf119e82d36d43102bc8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, росатом, электр станциясы, ысык-көл, курулуш
кыргызстан, росатом, электр станциясы, ысык-көл, курулуш
"Росатом" Ысык-Көлгө курчу шамал электр станциясынын кубаттуулугу 100 МВт болот
17:22 08.08.2026 (Жаңыртылды: 19:55 08.08.2026) БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Россиянын "Росатом" ишканасы Ысык-Көлдө шамал электр станциясын курмай болууда. Тиешелүү келишимге кол коюлганын Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан билдиришти.
Маалыматка караганда, долбоор тууралуу макулдашууга Бостериде өткөн VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунда кол коюлган.
"Долбоорду каржылоого Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду катышат. Бул "Росатомдун"шамал энергетикасы боюнча Кыргызстандагы биринчи долбоору болуп саналат", — деп айтылат кабарда.
Эске салсак, шамал электр станциясынын курулушуна 2024-жылдын сентябрында капсула салынган. Долбоорго ылайык, шамал станциясынын кубаттуулугу 100 мегаватт болуп, жылына 280 миллион киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгарат. Көк-Мойнокто жайгаша турган станциянын жалпы аймагы 200 гектарды түзмөкчү.
"Росатомдун" маалыматына караганда, компания буга чейин Россияда жалпы кубаттуулугу 1,3 гигаваттан ашкан шамал электр станцияларын ишке киргизген. 2028-жылга чейин жалпы кубаттуулугу болжол менен 2 гигаватт болгон шамал электр станцияларын курууну пландап жатат.