Россиянын аскерлери ЖККУ машыгуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди
Россиянын аскерлери ЖККУ машыгуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Россиянын Борбордук аскер округуна караштуу 201-аскер базасынын жоокерлери Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Борбор Азия... 07.08.2026, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Россиянын Борбордук аскер округуна караштуу 201-аскер базасынын жоокерлери Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Борбор Азия аймагындагы Ыкчам жайгаштырылуучу жамааттык күчтөрүнүн командалык-штабдык машыгууларына катышуу үчүн Кыргызстанга келишти. ЖККУнун Канттагы авиабазасынын маалыматына ылайык, анда издөө-чабуул топторунун аракеттери, тоолуу аймактардагы күжүрмөн тапшырмаларды аткаруу жана учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу боюнча машыгуулар өткөрүлөт. Аскер кызматкерлери жана атайын техникалар Кыргызстанга аскердик-транспорттук авиациянын Ил-76 учактары менен жеткирлиди. Алардын арасында мотоциклдер, "Урал", УАЗ, КамАЗ үлгүсүндөгү автоунаалар жана "Улан-2" атайын техникасы бар. Жакынкы күндөрү аскер кызматкерлери Балыкчы шаарында курал-жарак менен аскердик техниканы машыгууга даярдоого киришет. 201-аскер базасынын өздүк курамы аскердик автоинспекциянын коштоосунда Балыкчыга жөнөп кетери маалымдалды.
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Россиянын Борбордук аскер округуна караштуу 201-аскер базасынын жоокерлери Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Борбор Азия аймагындагы Ыкчам жайгаштырылуучу жамааттык күчтөрүнүн командалык-штабдык машыгууларына катышуу үчүн Кыргызстанга келишти.
ЖККУнун Канттагы авиабазасынын маалыматына ылайык, анда издөө-чабуул топторунун аракеттери, тоолуу аймактардагы күжүрмөн тапшырмаларды аткаруу жана учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу боюнча машыгуулар өткөрүлөт.
Россиянын аскерлери ЖККУ машыгуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди
Аскер кызматкерлери жана атайын техникалар Кыргызстанга аскердик-транспорттук авиациянын Ил-76 учактары менен жеткирлиди. Алардын арасында мотоциклдер, "Урал", УАЗ, КамАЗ үлгүсүндөгү автоунаалар жана "Улан-2" атайын техникасы бар.
Жакынкы күндөрү аскер кызматкерлери Балыкчы шаарында курал-жарак менен аскердик техниканы машыгууга даярдоого киришет. 201-аскер базасынын өздүк курамы аскердик автоинспекциянын коштоосунда Балыкчыга жөнөп кетери маалымдалды.