Канттагы авиабазанын аскерлери ЖККУ машыгуусунун алдында даярдыктан өтүштү
Канттагы авиабазанын аскерлери ЖККУ машыгуусунун алдында даярдыктан өтүштү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Кант шаарында Россиянын авиациялык базасынын аскер кызматкерлери Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун биргелешкен... 22.07.2026, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Кант шаарында Россиянын авиациялык базасынын аскер кызматкерлери Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун биргелешкен машыгууларынын алдында ок атуу боюнча даярдыктан өтүштү. Анда аскер кызматкерлери АК-12 автоматтарынан ок атып, БТР-82А сооттолгон транспортерун колдонууну тереңдеп өздөштүрүп, ири калибрлүү "Утес" пулемету менен да машыгышкан. Ошондой эле өздүк курам кол гранаталарын ыргытуу боюнча даярдыктан өттү. Автоматтан ок атуу машыгуусунда аскер кызматкерлери заманбап тактикалык жана ок атуу даярдыгы комплекси "БЛИКти" колдонушкан. Бул комплекс атуунун жыйынтыгын дароо көрсөтүп, ар бир бутага тийген ок тууралуу маалыматты ыкчам берет. Иш-чаранын жүрүшүндө бутага таамай тийүүгө, аскер бөлүктөрү аткарган иш-аракеттердин бирдиктүү уюштурулушуна, түрдүү шартта берилген тапшырмалардын канчалык деңгээлде аткарылышына кылдат көңүл бурулду. Окуу-машыгуулар аскер кызматкерлеринин кесиптик даярдыгын жогорулатууга, курал-жарак менен аскердик техниканы колдонуу көндүмдөрүн жакшыртууга жана авиабазанын өздүк курамынын ЖККУнун биргелешкен машыгууларына катышууга даярдыгын камсыздоого багытталган.
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Кант шаарында Россиянын авиациялык базасынын аскер кызматкерлери Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун биргелешкен машыгууларынын алдында ок атуу боюнча даярдыктан өтүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө бутага таамай тийүүгө, аскер бөлүктөрү аткарган иш-аракеттердин бирдиктүү уюштурулушуна, түрдүү шартта берилген тапшырмалардын канчалык деңгээлде аткарылышына кылдат көңүл бурулду
Иш-чаранын жүрүшүндө бутага таамай тийүүгө, аскер бөлүктөрү аткарган иш-аракеттердин бирдиктүү уюштурулушуна, түрдүү шартта берилген тапшырмалардын канчалык деңгээлде аткарылышына кылдат көңүл бурулду
Окуу-машыгуулар аскер кызматкерлеринин кесиптик даярдыгын жогорулатууга, курал-жарак менен аскердик техниканы колдонуу көндүмдөрүн жакшыртууга
Анда аскер кызматкерлери АК-12 автоматтарынан ок атып, БТР-82А сооттолгон транспортерун колдонууну тереңдеп өздөштүрүп, ири калибрлүү "Утес" пулемету менен да машыгышкан. Ошондой эле өздүк курам кол гранаталарын ыргытуу боюнча даярдыктан өттү.
Автоматтан ок атуу машыгуусунда аскер кызматкерлери заманбап тактикалык жана ок атуу даярдыгы комплекси "БЛИКти" колдонушкан. Бул комплекс атуунун жыйынтыгын дароо көрсөтүп, ар бир бутага тийген ок тууралуу маалыматты ыкчам берет.
Иш-чаранын жүрүшүндө бутага таамай тийүүгө, аскер бөлүктөрү аткарган иш-аракеттердин бирдиктүү уюштурулушуна, түрдүү шартта берилген тапшырмалардын канчалык деңгээлде аткарылышына кылдат көңүл бурулду.
Окуу-машыгуулар аскер кызматкерлеринин кесиптик даярдыгын жогорулатууга, курал-жарак менен аскердик техниканы колдонуу көндүмдөрүн жакшыртууга жана авиабазанын өздүк курамынын ЖККУнун биргелешкен машыгууларына катышууга даярдыгын камсыздоого багытталган.