00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жапаров: мурда балыктын чоңу кичинесин жесе, азыр шамдагайы кашаңын жеңип жатат

© Фото / пресс-служба кабмина КРЭкс-премьер-министр Акылбек Жапаров
Экс-премьер-министр Акылбек Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2026
Жазылуу
БОСТЕРИ, 5-авг. — Sputnik. Азыркы глобалдык белгисиздик шартында мамлекеттин ыкчамдыгы жана институттук ыңгайлашуусу экономикалык туруктуулуктун башкы критерийине айланды. Бул тууралуу экс-премьер-министр Акылбек Жапаров Ысык-Көлдө өтүп жаткан Кыргыз-орус экономикалык форумунда билдирди.
Жапаров “мурда балыктын чоңу кичинесин жесе, азыр шамдагайы кашаңын жеңип жатат” деген принципти эске салып, Кыргызстан үчүн чечимдерди тез кабыл алуу административдик гана эмес, өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн негизги шартына айланганын белгиледи.
Жапаровдун кебинин урунттуу учурлары:
президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында мурда ондогон жылдар бою кагаз бетинде калып келген чечимдер турмушка аша баштады. Алардын ичинде Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу, Камбар-Ата-1 ГЭСи жана аймактагы башка ири транспорттук-энергетикалык долбоорлор активдүү ишке ашырылууда;
заманбап экономика заматта бири-бирине таасир этүүчү татаал система болуп саналат. Бир өлкөдөгү же логистикалык чынжырчадагы үзгүлтүк коңшу мамлекеттерге, өндүрүүчүлөргө жана акыркы керектөөчүлөрдүн баасына дароо таасирин тийгизет;
мамлекеттердин улуттук валюталар менен эсептешүүлөргө өтүүсү эл аралык каржы архитектурасынын өзгөрүшүн айгинелейт;
негизги маселе — көп уюлдуу дүйнөдө кандай жаңы санариптик инструменттер, алтын же реалдуу активдер менен камсыздалган механизмдердин пайда болорунда.

“Глобалдык өзгөрүүлөр Борбор Азия үчүн соода каттамдарын жаңыча калыптандырууга жана Россия, Кытай, Түштүк Азия, Жакынкы Чыгыш менен мамилелерди бекемдөөгө тарыхый мүмкүнчүлүк берет. Бирок бул мүмкүнчүлүк убакыт менен чектелүү болгондуктан инфраструктуралык жана бажы-банкинг тоскоолдуктарын тезирээк чечүү зарыл”, — деди Жапаров.

Ал ошондой эле XXI кылымда экономикалардын көлөмү гана эмес, институттук системалардын тобокелчиликтерди алдын ала көрө билүү жана сырткы шокторго биргеликте туруштук берүү жөндөмү туруктуулукту камсыздай турганын кошумчалады.
Федор Войтоловский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2026
Эксперт: Кыргызстан менен Россиянын евразиялык интеграциясы бекемделүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0