00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Водородная энергетика и автономные села: смелые технологии научных сообществ ШОС
08:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Мониторингден айып пулга чейин: социалдык маанидеги товарлардын баасы кандай жөнгө салынат?
09:04
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
«Более 1200 сёл в зоне риска»: МЧС — о климате, ледниках и системе оповещения населения
10:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Адамды ток урса эмне кылуу керек? Тез жардамдын жетекчисинен кеңеш

© Изображение сгенерировано ИИТок урган адамга жүрөк-өпкө реанимациясы жасалууда
Ток урган адамга жүрөк-өпкө реанимациясы жасалууда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Бишкектеги Тез жардам борборунун директору Егор Борисов Sputnik Кыргызстанга ток урганда биринчи жардамды кантип туура көрсөтүү керектигин жана кандай каталарды кетирбөө зарылдыгын айтып берди.
Эң башкысы, өзүңүзгө коркунуч жаратпаңыз
Борисовдун айтымында, эң биринчи эреже — өзүңдүн коопсуздугуңду камсыз кылуу.
Токко тартылып жаткан адамды жылаңач кол менен кармаганга болбойт.
Эң адегенде ток булагын өчүрүү керек: автоматты өчүрүңүз же токтун зымын розеткадан сууруңуз.
Эгер өчүрүүгө мүмкүнчүлүк болбосо, зымды же ток чыгып жаткан нерсени токту өткөрбөгөн кургак жыгач же пластик таяк менен ары түртүп салыңыз.
Дароо 103 номерине чалып, тез жардам чакырыңыз.
Андан кийин эмне кылуу керек?
Кийинки аракеттер жабыркаган адамдын абалына жараша болот.
Эгер адам эсинде жана дем алып жатса (абалын билүү үчүн ага кайрылып, сизди угуп-түшүнүп жатканын байкаңыз):
аны тынчтандырыңыз;
отургузуп же жаткырыңыз, бастырбаңыз;
ток урган жер күйүп калса, ал жерди 10–15 мүнөт муздак сууга тосуп муздатыңыз. Андан соң үстүнө кургак, таза таңгак (стерильный бинт) басыңыз.
Эгер адам эсин жоготуп койгон болсо, бирок дем алып жатса:
аны капталынан коопсуз абалда жаткырыңыз (кырынан);
дем алуу жолдору ачык экенин көзөмөлдөңүз;
дарыгерлер келгиче жанында болуңуз.
Эгер адам дем албай жатса:
дароо жүрөк-өпкө реанимациясын баштаңыз;
жасалма дем алдырганды билсеңиз: көкүрөгүн 30 жолу басып, 2 жолу оозуна дем бериңиз;
эгер жасалма дем алдырганды билбесеңиз, тез жардам келгиче жөн гана көкүрөгүн ыргак менен тынымсыз баса бериңиз.

“Бул жерде абдан маанилүү бир нерсе бар. Ток урганда бир канча убакыттан кийин, керек болсо бир сутка өткөндөн кийин да жүрөктүн согушу начарлап кетиши мүмкүн. Ошондуктан ток тийген адам сөзсүз дарыгерлердин кароосунда болушу керек”, — дейт Борисов.

Кетирилген эң эле көп каталар
Дарыгер жабыркаган адамдын абалын начарлатып жибере турган аракеттерди атады:
ток астында турган адамды жылаңач кол менен кармоо;
аны темир нерселер менен же суу кол менен тартып чыгарууга аракет кылуу;
адам эсине келип калса, “жакшы болуп калдым” деп медициналык жардамдан баш тартуу;
күйгөн жерге май, спирт, тиш пастасын сыйпоо — күйүктү сууга гана муздатуу керек;
жабыркаган адамды “тогу чыгат” деп топуракка көмүү.
Борисовдун айтымында, бул ыкманын физика мыйзамдарына эч кандай тиешеси жок жана анын эч кандай жардамы тийбейт.
“Ток ургандан кийин бейтаптар дарыгерлердин көзөмөлүндө болушу шарт. Чоң чыңалуудагы ток терини гана эмес, ички органдарды да жабыркатат. Бир топ саат өткөндөн кийин да жүрөк ритми бузулушу, эсин жоготуп жыгылышы, калтырап-чыңалуу болушу мүмкүн. Оор учурларда ички органдар, анын ичинде бөйрөк жабыркайт. Ошондуктан медиктердин кароосу өтө маанилүү”, — деп кошумчалады дарыгер.
Окуя тууралуу эскертме
Эске салсак, 26-июлда кечинде Бишкектин 6-кичи районунда 9 жаштагы Ибрахим Анарбеков достору менен бетон арыктын ичинде ойноп жатканда ток урган. Апасынын айтымында, башка балдар арыктан чыгууга жетишип, анын уулу жетишпей калган. Бала комага түшүп, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган. Тилекке каршы, анын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон жок.
Бишкек мэриясы кабарлагандай, буга имараттардын биринин ички электр тармагындагы авариялык бузулуу себеп болушу мүмкүн. Факт боюнча кылмыш иши козголду.
Жайкы аптап. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2026
Мээ кайнаткан ысыктан кантип коргонуу керек. Дарыгердин кеп-кеңеши
Жаңылыктар түрмөгү
0