00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Татыктуулар жеңсин". Жапаров Ысык-Көлдөгү "Формула-1" мелдешин ачты. Видео

© Sputnik / Антон Слоньпрезидент Садыр Жапаров
президент Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстандын тарыхында дагы бир жаңы баракча ачылып, баарыбыз өзгөчө окуянын күбөсү болуп турабыз. Кереметтүү Ысык-Көлүбүз суудагы "Формула-1" дүйнө чемпионатынын тарыхында эң бийик тоолуу аянтча болуп калмакчы. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров аталган иш-чараны ачып жатып айтты.
Мамлекет башчы Ысык-Көл чемпионат өткөн жер эле эмес, кайра кайтып келүүнү эңсеткен жай болушун кааларын айтты.
Ал ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттерине иш-чарага катышканы үчүн ыраазылык билдирип, мелдеш деңиз деңгээлинен 1607 метр бийиктикте өтүп жатканын белгиледи.
Жапаров чемпионатты өткөрүүдөгү алгачкы кадам ушул жылдын март айында эл аралык суу-мотор союзунун президенти Раффаэле Чиулли менен жолугушууда башталганын айтып берди. Сүйлөшүүдө Кыргызстанда гана эмес, бүтүндөй Борбор Азияда буга чейин өткөрүлбөгөн иш-чараны өткөрүү убадасын берген.
Бул дүйнөлүк спорттогу эң абройлуу, эң кызыктуу жана эң жогорку технологияларга негизделген мелдештердин бири экенине токтолду.
"Иш-чараны өткөрүүчү тарап катары биз ажайып кооз жаратылышыбызга аяр мамиле жасоо, экологиялык маданиятты сактоо жана ыйык Ысык-Көлүбүздү кийинки муунга таза бойдон өткөрүп берүү принципиалдуу маселебиз экендигин көрсөтөбүз. Суудагы "Формула-1" бир орундуу жогорку ылдамдыктагы болид-катерлер менен өткөрүлүүчү жарыштардын эл аралык эң жогорку категориясы. Бүгүн дүйнөнүн эң мыкты спортчулары биринчи ирет деңиз деңгээлинен 1607 метр бийиктикте өнөр тартуулаганы турушат. Биздин кереметтүү Ысык-Көлүбүз суудагы "Формула-1" дүйнө чемпионатынын тарыхында эң бийик тоолуу аянтча болуп калмакчы", — деди ал.
Мындан тышкары, Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү багытына бүгүнкү дүйнөлүк чемпионат да кирерин кошумчалады. Президент катышуучуларга таза таймаш, татыктуу жыйынтык жана эң негизгиси, коопсуз мелдеш каалады.
Пилот Шон Торренте, участвующий на чемпионате мира по водно-моторному спорту UIM F1H2O Grand Prix of Kyrgyzstan - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2026
Ысык-Көлдөгү суу жарышынын катышуучусу: жаратылыштын кооздугу таң калтырды
Жаңылыктар түрмөгү
0