https://sputnik.kg/20260801/1102741636.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Жарыштын ачылышына Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын президенттери келди. Кыргызстан бул эл аралык мелдешти алгачкы жолу өткөрүп жатат... 01.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-01T17:00+0600
2026-08-01T17:00+0600
2026-08-01T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/01/1102741470_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_2ec8751e50a2ac93ffe047598baac233.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Жарыштын ачылышына Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын президенттери келди. Кыргызстан бул эл аралык мелдешти алгачкы жолу өткөрүп жатат. Жарышка 13 өлкөдөн сегиз команда жана 18 пилот катышууда Мелдештин алдында жарыша турган кайыктардын парады болду. Алардын суудагы ылдамдыгы саатына 250 чакырымга чейин жетет. Эртең министрлер кабинетинин башчысынын катышуусунда сыйлоо аземи болот. Айта кетсек, суудагы "Формула-1" мелдеши Кыргызстанда алгачкы жолу өткөрүлүүдө. Ошондой эле Ысык-Көл деңиз деңгээлинен 1607 метр бийиктикте жайгашкандыктан, бул дүйнө чемпионатынын тарыхындагы эң бийик тоолуу этап болуп саналат. Чемпионаттын Кыргызстандагы этабы 31-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көлдө уланат. Жарыштар Бает айылынын жээгинде, "Ак-Марал" жана "Чайка" пансионаттарынын ортосундагы тилкеде өтүүдө. Бүгүн, мелдешти Садыр Жапаров ачып, Бүгүн Кыргызстандын тарыхында дагы бир жаңы баракча ачылып жатканын, кереметтүү Ысык-Көл суудагы "Формула-1" дүйнө чемпионатынын тарыхында эң бийик тоолуу аянтча болуп каларын билдирген.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын байге фонду 700 миң доллардан ашат. Бул тууралуу мелдештин уюштуруучулары Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдиришти. Маалымдалгандай, байге фонду үчүн 64 миллион сом (700 миң доллар) каралууда. Иш-чарага 100 миңге жакын көрүүчү жана турист келет деп күтүлүүдө. Уюштуруучулар айткан урунттуу учурлар: оюндардын программасы 42 спорт түрүнө чейин кеңейтилди. Алгачкы оюндарда 37 болгон; чет өлкөлүк конокторду коштоо үчүн 700 ыктыярчы тандалды; коопсуздук үчүн түз эфирде көзөмөл жүргүзгөн, 24 саат иштеген штаб түзүлөт; маданий программада 5 күндүн ичинде 5 аянтчада 800дөн ашык иш-чара өтөт;
Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун капиталы 200 миллион долларга көбөйдү. Бул туурасында анын башкармалыгынын башчысы Замир Осмонов билдирди. Эске салсак, фонд 4 жыл мурда 100 миллион долларлык капитал менен түзүлгөн. Азербайжан президентинин мамлекеттик сапарынын алкагында анын каражатын эки эсе көтөрүү чечими кабыл алынган.
Мароккодон Испаниянын Сеута шаарына мыйзамсыз өтүүгө аракет кылып жатып каза болгон мигранттардын саны 61ге жетти. Бул эң жогорку көрсөткүч экенин РИА Новости агенттиги Cadena SER радиосунун маалыматына таянып жазды. "Учурда каза болгондордун саны 61ге жетти. Бул рекорддук сан, анткени буга чейин мынчалык кыска убакыт ичинде мындай сандагы адам өлүмү катталган эмес", — деп радиостанция билдирген. Cadena SER радиосунун маалыматы боюнча, чек арага жакын жайгашкан Тарахаль жээгинен укук коргоо органдарынын кызматкерлери дагы эле сөөктөрдү таап жатат. Мындан улам өлгөндөрдүн саны дагы өсүшү мүмкүн деген божомолдор бар. Жума күнү Сеутанын мэр-президенти Хуан Хесус Вивас бир сутка ичинде Мароккодон Сеутага 60 миң адам киргенин билдирди. RTVE телеканалы Испаниянын ИИМнин маалыматына таянып 48 300дөн ашыгы Мароккого кайтарылганын кабарлаган.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 100 сом 77 тыйынга юань 12 сом 94 тыйынга рубль 1 сом 10 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 86 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындын тегерегинде сатылууда.
АБА ЫРАЙЫОш облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Жекшембиде өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +34...+39, Таласта +34...+36, Ысык-Көл облусунда +27...+32, Нарын регионунда +30...+35 градуска жетет. Термометрдин көрсөткүчү Бишкек менен Ош шаарында +37...+39, Чолпон-Атада +27...+29 градусту көрсөтөт.
Жарыштын ачылышына Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын президенттери келди. Кыргызстан бул эл аралык мелдешти алгачкы жолу өткөрүп жатат. Жарышка 13 өлкөдөн сегиз команда жана 18 пилот катышууда Мелдештин алдында жарыша турган кайыктардын парады болду. Алардын суудагы ылдамдыгы саатына 250 чакырымга чейин жетет. Эртең министрлер кабинетинин башчысынын катышуусунда сыйлоо аземи болот. Айта кетсек, суудагы "Формула-1" мелдеши Кыргызстанда алгачкы жолу өткөрүлүүдө. Ошондой эле Ысык-Көл деңиз деңгээлинен 1607 метр бийиктикте жайгашкандыктан, бул дүйнө чемпионатынын тарыхындагы эң бийик тоолуу этап болуп саналат. Чемпионаттын Кыргызстандагы этабы 31-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көлдө уланат. Жарыштар Бает айылынын жээгинде, "Ак-Марал" жана "Чайка" пансионаттарынын ортосундагы тилкеде өтүүдө. Бүгүн, мелдешти Садыр Жапаров ачып, Бүгүн Кыргызстандын тарыхында дагы бир жаңы баракча ачылып жатканын, кереметтүү Ысык-Көл суудагы "Формула-1" дүйнө чемпионатынын тарыхында эң бийик тоолуу аянтча болуп каларын билдирген.Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын байге фонду 700 миң доллардан ашат. Бул тууралуу мелдештин уюштуруучулары Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдиришти. Маалымдалгандай, байге фонду үчүн 64 миллион сом (700 миң доллар) каралууда. Иш-чарага 100 миңге жакын көрүүчү жана турист келет деп күтүлүүдө. Уюштуруучулар айткан урунттуу учурлар: оюндардын программасы 42 спорт түрүнө чейин кеңейтилди. Алгачкы оюндарда 37 болгон; чет өлкөлүк конокторду коштоо үчүн 700 ыктыярчы тандалды; коопсуздук үчүн түз эфирде көзөмөл жүргүзгөн, 24 саат иштеген штаб түзүлөт; маданий программада 5 күндүн ичинде 5 аянтчада 800дөн ашык иш-чара өтөт;Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун капиталы 200 миллион долларга көбөйдү. Бул туурасында анын башкармалыгынын башчысы Замир Осмонов билдирди. Эске салсак, фонд 4 жыл мурда 100 миллион долларлык капитал менен түзүлгөн. Азербайжан президентинин мамлекеттик сапарынын алкагында анын каражатын эки эсе көтөрүү чечими кабыл алынган.Мароккодон Испаниянын Сеута шаарына мыйзамсыз өтүүгө аракет кылып жатып каза болгон мигранттардын саны 61ге жетти. Бул эң жогорку көрсөткүч экенин РИА Новости агенттиги Cadena SER радиосунун маалыматына таянып жазды. "Учурда каза болгондордун саны 61ге жетти. Бул рекорддук сан, анткени буга чейин мынчалык кыска убакыт ичинде мындай сандагы адам өлүмү катталган эмес", — деп радиостанция билдирген. Cadena SER радиосунун маалыматы боюнча, чек арага жакын жайгашкан Тарахаль жээгинен укук коргоо органдарынын кызматкерлери дагы эле сөөктөрдү таап жатат. Мындан улам өлгөндөрдүн саны дагы өсүшү мүмкүн деген божомолдор бар. Жума күнү Сеутанын мэр-президенти Хуан Хесус Вивас бир сутка ичинде Мароккодон Сеутага 60 миң адам киргенин билдирди. RTVE телеканалы Испаниянын ИИМнин маалыматына таянып 48 300дөн ашыгы Мароккого кайтарылганын кабарлаган.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 100 сом 77 тыйынга юань 12 сом 94 тыйынга рубль 1 сом 10 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 86 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындын тегерегинде сатылууда. АБА ЫРАЙЫОш облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Жекшембиде өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +34...+39, Таласта +34...+36, Ысык-Көл облусунда +27...+32, Нарын регионунда +30...+35 градуска жетет. Термометрдин көрсөткүчү Бишкек менен Ош шаарында +37...+39, Чолпон-Атада +27...+29 градусту көрсөтөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/01/1102741470_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_72c9b3f66bdee7a85045f35ab04af94a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио