https://sputnik.kg/20260801/1102740433.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы жетекчилик кызматтарга дайындалган аялдардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик... 01.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-01T15:00+0600
2026-08-01T15:00+0600
2026-08-01T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/01/1102740267_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_b409bd7e4b858eb20090d76130d7f27b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы жетекчилик кызматтарга дайындалган аялдардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бактыгүл Үсөналиева билдирди. Анын айтымында, 2024-жылы түзүлгөн кадрлар резервине 743 талапкер киргизилип, анын 100ү аялдар болгон. 2024–2025-жылдары резервден бир катар аялдар аким, акимдин орун басары, айыл өкмөт башчысы жана мэрдин орун басары кызматтарына дайындалган.Ал эми 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында дагы 14 аял жетекчилик кызматтарга дайындалып, мамлекеттик башкаруудагы аялдардын ролу мындан ары да күчөп жатканын көрсөттү.
ЕАЭБде жүк ташууга навигациялык пломбаларды колдонуу талабы күчүнө кирди Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдө оор жүк ташуучу унаалар менен ташылган бардык товарларга навигациялык пломбаларды колдонуу милдеттүү болуп калды. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, бул ЕАЭБде жүктөрдү көзөмөлдөө үчүн колдонулуучу пломбалар тууралуу макулдашуунун экинчи этабынын күчүнө кириши менен байланыштуу. Буга чейин навигациялык пломбалар санкцияга кабылган товарларды, ошондой эле алкоголдук ичимдиктерди, никотин камтыган продукцияларды, кийим-кече, бут кийим жана техниканы автомобиль транспорту менен ташууда колдонулуп келген. Ошондой эле эми темир жол аркылуу ташылган кийим-кече, бут кийим жана техникаларга да навигациялык пломбаларды колдонуу милдеттүү болот. Буга чейин темир жолдо мындай талап алкоголь, тамеки продукцияларына жана санкциялык товарларга гана тиешелүү эле. Навигациялык пломбалар товарлардын кыймылын көзөмөлдөөгө жана алардын ташылышынын ачыктыгын камсыздоого багытталган.
ФИФАнын президенти сын-пикирлерден кийин Дүйнө чемпионатынын үлүшүн жеке инвесторлорго сатуу планынан баш тартты Жанни Инфантинонун айтымында, бул долбоор канчалык колдоого ээ болгонуна карабастан, эми баштапкы максатка жооп бербей калды. Дүйнө чемпионатынын коммерциялык укуктарынын бир бөлүгүн сатуу сунушунан кийин УЕФА ФИФА уюштурган мелдештерге бойкот жарыялаган. Ал эми Инфантинонун улук кеңешчиси Карлос Кордейро нааразылык иретинде кызматтан кеткен.
Испаниянын анклавына мыйзамсыз киребиз деген мигранттардын ичинен 61и көз жумду Мароккодон Испаниянын Сеута шаарына мыйзамсыз өтүүгө аракет кылып жатып каза болгон мигранттардын саны 61ге жетти. Бул эң жогорку көрсөткүч экенин РИА Новости агенттиги Cadena SER радиосунун маалыматына таянып жазды. "Учурда каза болгондордун саны 61ге жетти. Бул рекорддук сан, анткени буга чейин мынчалык кыска убакыт ичинде мындай сандагы адам өлүмү катталган эмес", — деп радиостанция билдирген. Cadena SER радиосунун маалыматы боюнча, чек арага жакын жайгашкан Тарахаль жээгинен укук коргоо органдарынын кызматкерлери дагы эле сөөктөрдү таап жатат. Мындан улам өлгөндөрдүн саны дагы өсүшү мүмкүн деген божомолдор бар. Жума күнү Сеутанын мэр-президенти Хуан Хесус Вивас бир сутка ичинде Мароккодон Сеутага 60 миң адам киргенин билдирди. RTVE телеканалы Испаниянын ИИМнин маалыматына таянып 48 300дөн ашыгы Мароккого кайтарылганын кабарлаган.
Кыргызстанда мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы жетекчилик кызматтарга дайындалган аялдардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бактыгүл Үсөналиева билдирди. Анын айтымында, 2024-жылы түзүлгөн кадрлар резервине 743 талапкер киргизилип, анын 100ү аялдар болгон. 2024–2025-жылдары резервден бир катар аялдар аким, акимдин орун басары, айыл өкмөт башчысы жана мэрдин орун басары кызматтарына дайындалган.Ал эми 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында дагы 14 аял жетекчилик кызматтарга дайындалып, мамлекеттик башкаруудагы аялдардын ролу мындан ары да күчөп жатканын көрсөттү.ЕАЭБде жүк ташууга навигациялык пломбаларды колдонуу талабы күчүнө кирди Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдө оор жүк ташуучу унаалар менен ташылган бардык товарларга навигациялык пломбаларды колдонуу милдеттүү болуп калды. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, бул ЕАЭБде жүктөрдү көзөмөлдөө үчүн колдонулуучу пломбалар тууралуу макулдашуунун экинчи этабынын күчүнө кириши менен байланыштуу. Буга чейин навигациялык пломбалар санкцияга кабылган товарларды, ошондой эле алкоголдук ичимдиктерди, никотин камтыган продукцияларды, кийим-кече, бут кийим жана техниканы автомобиль транспорту менен ташууда колдонулуп келген. Ошондой эле эми темир жол аркылуу ташылган кийим-кече, бут кийим жана техникаларга да навигациялык пломбаларды колдонуу милдеттүү болот. Буга чейин темир жолдо мындай талап алкоголь, тамеки продукцияларына жана санкциялык товарларга гана тиешелүү эле. Навигациялык пломбалар товарлардын кыймылын көзөмөлдөөгө жана алардын ташылышынын ачыктыгын камсыздоого багытталган.ФИФАнын президенти сын-пикирлерден кийин Дүйнө чемпионатынын үлүшүн жеке инвесторлорго сатуу планынан баш тартты Жанни Инфантинонун айтымында, бул долбоор канчалык колдоого ээ болгонуна карабастан, эми баштапкы максатка жооп бербей калды. Дүйнө чемпионатынын коммерциялык укуктарынын бир бөлүгүн сатуу сунушунан кийин УЕФА ФИФА уюштурган мелдештерге бойкот жарыялаган. Ал эми Инфантинонун улук кеңешчиси Карлос Кордейро нааразылык иретинде кызматтан кеткен.Испаниянын анклавына мыйзамсыз киребиз деген мигранттардын ичинен 61и көз жумду Мароккодон Испаниянын Сеута шаарына мыйзамсыз өтүүгө аракет кылып жатып каза болгон мигранттардын саны 61ге жетти. Бул эң жогорку көрсөткүч экенин РИА Новости агенттиги Cadena SER радиосунун маалыматына таянып жазды. "Учурда каза болгондордун саны 61ге жетти. Бул рекорддук сан, анткени буга чейин мынчалык кыска убакыт ичинде мындай сандагы адам өлүмү катталган эмес", — деп радиостанция билдирген. Cadena SER радиосунун маалыматы боюнча, чек арага жакын жайгашкан Тарахаль жээгинен укук коргоо органдарынын кызматкерлери дагы эле сөөктөрдү таап жатат. Мындан улам өлгөндөрдүн саны дагы өсүшү мүмкүн деген божомолдор бар. Жума күнү Сеутанын мэр-президенти Хуан Хесус Вивас бир сутка ичинде Мароккодон Сеутага 60 миң адам киргенин билдирди. RTVE телеканалы Испаниянын ИИМнин маалыматына таянып 48 300дөн ашыгы Мароккого кайтарылганын кабарлаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/01/1102740267_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_6dd7030423424a7a0c8f50b0cb25e667.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио