00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Базисттик окуу пландары бекитилди: жаңы окуу жылында окуу процесси кандай уюштурулат?
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
7 мин
Между строк
Может ли переводчик создать писателя заново?
18:08
38 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Туркмөнстандын башчылары менен бирге Ысык-Көлдүн жээгиндеги жаңы Baku Resort & Spa беш жылдыздуу мейманканасынын ачылышына катышты. Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, өлкө башчылары пансионатты кыдырып чыгып, коноктор үчүн түзүлгөн шарттар, эс алуу жана ар кандай жыйындарды өткөрүүгө арналган имараттар менен таанышып чыгышты. Бул мейманкана Кыргызстан менен Азербайжандын биргелешкен инвестициялык долбоору болуп саналат. Ал Ысык-Көлдүн туризмин өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого чоң өбөлгө түзөрү белгиленди. Baku Resort & Spa — Ысык-Көлдүн жээгиндеги заманбап эс алуу комплекси. Ичинде негизги мейманкана, коттеждер, чоң жыйын өткөрүүчү зал, ден соолукту чыңдоо борбору, спорт аянтчалары жана көрктөндүрүлгөн көл жээги бар. Комплекс жыл бою иштеп, конокторду кабыл алууга жана эл аралык иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкташкан.
Кыргызстан, Азербайжан жана Өзбекстандын биринчи айымдары: Айгүл Жапарова, Мехрибан Алиева жана Зироат Мирзиеева Ысык-Көлдөгү "Алтын балалык" балдар борборуна барып, ал жерди көрүп, тарбиялануучулардын чыгармачылыгы менен таанышты. Үч айым балдардын колунан чыккан буюмдардын көргөзмөсүн кыдырып, алар менен баарлашкан. Коноктор үчүн "Шаттык" ансамбли жана жаш комузчулар концерттик программа тартуулашты. Иш-чаранын соңунда президенттердин жубайлары үч өлкөнүн достугун символдоштурган "Достук дарагы" кийиз панносуна сайма түшүргөн. Айгүл Жапарова конокторго ооз комуз белек кылган.
Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдө оор жүк ташуучу унаалар менен ташылган бардык товарларга навигациялык пломбаларды колдонуу милдеттүү болуп калды. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, бул ЕАЭБде жүктөрдү көзөмөлдөө үчүн колдонулуучу пломбалар тууралуу макулдашуунун экинчи этабынын күчүнө кириши менен байланыштуу. Буга чейин навигациялык пломбалар санкцияга кабылган товарларды, ошондой эле алкоголдук ичимдиктерди, никотин камтыган продукцияларды, кийим-кече, бут кийим жана техниканы автомобиль транспорту менен ташууда колдонулуп келген. Ошондой эле эми темир жол аркылуу ташылган кийим-кече, бут кийим жана техникаларга да навигациялык пломбаларды колдонуу милдеттүү болот.
Украинага курал бере турган акча АКШга түшкөнү менен келишим түзүлө элекНАТО АКШ Конгрессинин PURL механизминин алкагында Украинага америкалык курал-жарактарды жеткирүүнү баштай албай турат. Бул туурасында РИА Новости жазды. Агенттик карап чыккан Конгресстин отчетунда 31-мартка карата 21 өлкө аталган программага 4,15 миллиард доллар которгону айтылат. Каражат АКШ казыналыгына түшкөнү менен курал-жарак жеткирүү боюнча келишимдерди түзүүгө азырынча мүмкүн болбой жатат. Мындан сырткары, Кошмо Штаттар Пентагондун кампаларынан түзмө-түз Украинага курал-жарак берүүгө мүмкүнчүлүк жараткан 4,96 миллиард долларлык квотаны колдоно элек. Маалыматта бул өлкөнүн согуштук даярдыгына зыянын тийгизбей турганы айтылган. PURL механизми Европа өлкөлөрү менен Канаданын каражатына Украина үчүн АКШдан курал-жарак сатып алууну көздөйт.
Жаңылыктар түрмөгү
0