https://sputnik.kg/20260731/kyrgyzstan-menen-azerbayzhan-bir-neche-dokumentterge-kol-koydu-1102717595.html
Киберкоопсуздук, кеме куруу. Кыргызстан — Азербайжан кызматташчу тармактардын тизмеси
Киберкоопсуздук, кеме куруу. Кыргызстан — Азербайжан кызматташчу тармактардын тизмеси
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров менен Азербайжандын лидери Илхам Алиевдин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында эки өлкөнүн ортосундагы... 31.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-31T12:57+0600
2026-07-31T12:57+0600
2026-07-31T13:10+0600
кыргызстан
азербайжан
ильхам алиев
садыр жапаров
документ
макулдашуу
кызматташуу
https://sputnik.kg/img/07ea/07/1f/1102716822_0:266:2560:1706_1920x0_80_0_0_25aeef7d47bc20794c0d27fec62fe035.jpg
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров менен Азербайжандын лидери Илхам Алиевдин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган бир катар маанилүү эки тараптуу документтерге кол коюлду. Булт тууралуу "Ынтымак ордо" билдирди. Маалымдалгандай, документтер транспорттук-логистикалык, энергетикалык, инвестициялык, санариптик, финансылык, гуманитардык жана башка тармактардагы кыргыз-азербайжан кызматташтыгын өнүктүрүүнү камтыйт. Мамлекет башчылары эки өлкө ортосундагы союздаштык мамилелер жөнүндө келишимге жана мамлекеттер аралык кеңештин чечимине кол коюшту. Төмөнкү багыттар боюнча бир катар макулдашуулар жана меморандумдар кабыл алынды: Мындан тышкары, Ош, Каракол жана Чолпон-Ата шаарлары менен Азербайжандын Гянжа, Габала жана Шуша калааларынын ортосунда боордош шаарлар байланыштарын түзүү боюнча документтерге кол коюлду. Энергетика жана мунайзаттарын жеткирүү багытында да кызматташтыкты өнүктүрүү каралды. Ошондой эле Экономика министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы менен Азербайжандын Борбордук банкынын ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандум түзүлдү. Мындан сырткары, "Кыргыз алтын" ачык акционердик коому менен "АзерГолд" жабык акционердик коомунун ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.
https://sputnik.kg/20260730/kyrgyz-ozbek-kyzmattashuusu-boyuncha-dokumentterge-kol-koyuldu-1102698689.html
азербайжан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/1f/1102716822_219:0:2494:1706_1920x0_80_0_0_55371de209171ce6b52a9a61b3502861.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, азербайжан, ильхам алиев, садыр жапаров, документ, макулдашуу, кызматташуу
кыргызстан, азербайжан, ильхам алиев, садыр жапаров, документ, макулдашуу, кызматташуу
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров менен Азербайжандын лидери Илхам Алиевдин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган бир катар маанилүү эки тараптуу документтерге кол коюлду. Булт тууралуу "Ынтымак ордо" билдирди.
Маалымдалгандай, документтер транспорттук-логистикалык, энергетикалык, инвестициялык, санариптик, финансылык, гуманитардык жана башка тармактардагы кыргыз-азербайжан кызматташтыгын өнүктүрүүнү камтыйт.
Мамлекет башчылары эки өлкө ортосундагы союздаштык мамилелер жөнүндө келишимге жана мамлекеттер аралык кеңештин чечимине кол коюшту.
Төмөнкү багыттар боюнча бир катар макулдашуулар жана меморандумдар кабыл алынды:
эл аралык автомобилдик каттамдарды өнүктүрүү;
энергетика тармагындагы кызматташтык боюнча 2026–2027-жылдарга карата жол картасы;
2024–2029-жылдарга кызматташуу программасын ишке ашыруу боюнча жол картасы;
Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердигин кеңейтүүгө багытталган кошумча макулдашуу;
жүк ташуу, кеме жүрүшү жана кеме куруу жаатындагы кызматташтык;
статистика, киберкоопсуздук жана маалыматтык коопсуздук тармагындагы өз ара кызматташуу.
Мындан тышкары, Ош, Каракол жана Чолпон-Ата шаарлары менен Азербайжандын Гянжа, Габала жана Шуша калааларынын ортосунда боордош шаарлар байланыштарын түзүү боюнча документтерге кол коюлду. Энергетика жана мунайзаттарын жеткирүү багытында да кызматташтыкты өнүктүрүү каралды.
Ошондой эле Экономика министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы менен Азербайжандын Борбордук банкынын ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандум түзүлдү.
Мындан сырткары, "Кыргыз алтын" ачык акционердик коому менен "АзерГолд" жабык акционердик коомунун ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.