https://sputnik.kg/20260731/dkogo-100-mindey-koruuchu-kelet-1102720043.html
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100 миңге жакын көрүүчү жана турист келери күтүлүүдө
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100 миңге жакын көрүүчү жана турист келери күтүлүүдө
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына болжол менен 100 миң көрүүчү жана турист катышары күтүлүүдө. Бул тууралуу мелдештин уюштуруучулары... 31.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-31T13:57+0600
2026-07-31T13:57+0600
2026-07-31T13:57+0600
кыргызстан
дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
спорт
мелдеш
турист
конок
https://sputnik.kg/img/104101/33/1041013336_0:324:5650:3502_1920x0_80_0_0_5b9c6a2cb5de1314f6c79de465f4eb63.jpg
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына болжол менен 100 миң көрүүчү жана турист катышары күтүлүүдө. Бул тууралуу мелдештин уюштуруучулары Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдиришти. Маалыматка ылайык, быйылкы мелдештердин программасы кеңейтилип, спорттун 42 түрү боюнча таймаштар өткөрүлөт. Алгачкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында саны 37 эле. Чет өлкөлүк конокторду коштоп жүрүү үчүн 700 ыктыярчы тандалды. Ошондой эле бардык объектилердеги коопсуздукту күнү-түнү көзөмөлдөөчү штаб иштеп, мелдештердин түз көрсөтүүлөрү уюштурулат. Оюндардын маданий программасы беш күндүн ичинде беш аянтчада өтө турган 800дөн ашуун иш-чараны камтыйт. Жабылуу аземинде дүйнөгө белгилүү Gypsy Kings тобу жана башка чет элдик өнөрпоздордун чыгышы пландалууда. Мындан тышкары, уюштуруучулар этноаймакка келген катышуучуларды айлана-чөйрөнү коргоо максатында бир жолу пайдалануучу желим идиштерден жана буюмдардан баш тартууга чакырышат.
https://sputnik.kg/20260626/vi-duynoluk-kochmondor-oyundarynyn-rasmiy-roligi-zharyyalandy-1102086387.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104101/33/1041013336_275:0:5375:3825_1920x0_80_0_0_35cb311c9db69f41782c22f3e98081e8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, спорт, мелдеш, турист, конок
кыргызстан, дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, спорт, мелдеш, турист, конок
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына болжол менен 100 миң көрүүчү жана турист катышары күтүлүүдө. Бул тууралуу мелдештин уюштуруучулары Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдиришти.
Маалыматка ылайык, быйылкы мелдештердин программасы кеңейтилип, спорттун 42 түрү боюнча таймаштар өткөрүлөт. Алгачкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында саны 37 эле. Чет өлкөлүк конокторду коштоп жүрүү үчүн 700 ыктыярчы тандалды. Ошондой эле бардык объектилердеги коопсуздукту күнү-түнү көзөмөлдөөчү штаб иштеп, мелдештердин түз көрсөтүүлөрү уюштурулат.
Оюндардын маданий программасы беш күндүн ичинде беш аянтчада өтө турган 800дөн ашуун иш-чараны камтыйт. Жабылуу аземинде дүйнөгө белгилүү Gypsy Kings тобу жана башка чет элдик өнөрпоздордун чыгышы пландалууда.
Мындан тышкары, уюштуруучулар этноаймакка келген катышуучуларды айлана-чөйрөнү коргоо максатында бир жолу пайдалануучу желим идиштерден жана буюмдардан баш тартууга чакырышат.