https://sputnik.kg/20260731/aliyev-menen-zhaparov-siylandy-1102713749.html
Илхам Алиев Манас, ал эми Садыр Жапаров Гейдар Алиев ордени менен сыйланды. Видео
Илхам Алиев Манас, ал эми Садыр Жапаров Гейдар Алиев ордени менен сыйланды. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Азербайжандын президенти Илхам Алиев Кыргызстандын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы деп эсептелген I даражадагы Манас ордени менен... 31.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-31T12:04+0600
2026-07-31T12:04+0600
2026-07-31T12:15+0600
кыргызстан
азербайжан
ильхам алиев
садыр жапаров
"манас" ордени
сыйлык
кызматташтык
расмий сапар
https://sputnik.kg/img/07ea/07/1f/1102709981_0:237:871:727_1920x0_80_0_0_c5d98cf550c8580b74a76dc42d5a2f00.jpg
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Азербайжандын президенти Илхам Алиев Кыргызстандын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы деп эсептелген I даражадагы Манас ордени менен сыйланды. Мамлекеттик сыйлык Азербайжан лидеринин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында тапшырылды. Буга чейин I даражадагы Манас ордени Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевге да тапшырылган. Ошондой эле жолугушуунун алкагында Алиев президент Садыр Жапаровду Азербайжандын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы болгон Гейдар Алиев ордени менен сыйлады. Ал сыйлык тапшыруу учурунда Жапаровдун өлкөнү өнүктүрүүгө жана эки тараптуу мамилелерди чыңдоого кошкон салымын белгиледи. Ал ошондой эле Кыргызстандын эл аралык аброю жогорулап, экономикалык жана социалдык өнүгүү өрүш алганын баса белгиледи. Ошондой эле мамлекеттин жарандарга болгон камкордугу майнабын берип, мекенине кайтып жаткан мигранттардын саны көбөйүп жатканын айтты. "Мунун баары сизсиз, сиздин чечимдерсиз жана келечекке болгон заманбап көз карашсыз мүмкүн болмок эмес", — деп кошумчалады Алиев.
https://sputnik.kg/20260731/aliyevdin-sapary-bashtaldy-1102710967.html
азербайжан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/1f/1102709981_0:155:871:808_1920x0_80_0_0_3504bb542362797e6d06ca4799d7b9ac.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, азербайжан, ильхам алиев, садыр жапаров, "манас" ордени, сыйлык, кызматташтык, расмий сапар
кыргызстан, азербайжан, ильхам алиев, садыр жапаров, "манас" ордени, сыйлык, кызматташтык, расмий сапар
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Азербайжандын президенти Илхам Алиев Кыргызстандын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы деп эсептелген I даражадагы Манас ордени менен сыйланды.
Мамлекеттик сыйлык Азербайжан лидеринин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында тапшырылды. Буга чейин I даражадагы Манас ордени Өзбекстандын президенти
Шавкат Мирзиеевге да тапшырылган.
Ошондой эле жолугушуунун алкагында Алиев президент Садыр Жапаровду Азербайжандын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы болгон Гейдар Алиев ордени менен сыйлады. Ал сыйлык тапшыруу учурунда Жапаровдун өлкөнү өнүктүрүүгө жана эки тараптуу мамилелерди чыңдоого кошкон салымын белгиледи.
"Мен Кыргызстанга биринчи жолу келип жаткан жокмун. Дал сиздин президенттик мезгилде биздин байланыштар жаңы деңгээлге чыкты. Мунун баары Кыргызстандын бир тууган эли сизге өлкөдө жогорку кызматты ишенип тапшыргандан кийин ишке ашты. Бүгүн Ысык-Көлдө көрүп жаткан өнүгүүнү Садыр Жапаров Кыргызстанды жетектегенге чейин элестетүү кыйын эле. Кыргыз жеринин бул кооз аймагында чоң өзгөрүүлөр болууда", — деди Азербайжандын лидери.
Ал ошондой эле Кыргызстандын эл аралык аброю жогорулап, экономикалык жана социалдык өнүгүү өрүш алганын баса белгиледи. Ошондой эле мамлекеттин жарандарга болгон камкордугу майнабын берип, мекенине кайтып жаткан мигранттардын саны көбөйүп жатканын айтты.
"Мунун баары сизсиз, сиздин чечимдерсиз жана келечекке болгон заманбап көз карашсыз мүмкүн болмок эмес", — деп кошумчалады Алиев.