https://sputnik.kg/20260718/podmoskove-wildberries-kampa-dron-chabuul-24-adam-zhabyrkoo-1102480888.html
Подмосковье: Wildberries кампасында дрон чабуулунан 24 адам жабыркады. Видео
Подмосковье: Wildberries кампасында дрон чабуулунан 24 адам жабыркады. Видео
Sputnik Кыргызстан
КРдин Россиядагы элчилиги алардын арасында кыргызстандыктардын бар-жогун тактап жатканын билдирди. 18.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-18T15:39+0600
2026-07-18T15:39+0600
2026-07-18T15:39+0600
дүйнөдө
россия
украина
wildberries
террорчулук
жабыркагандар
өлүм
https://sputnik.kg/img/07ea/07/12/1102481007_0:0:3640:2048_1920x0_80_0_0_7c0ba5cc9955eee5bcfcc7d7c52b6907.jpg
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Подмосковьедеги Электросталь шаарын жана анда жайгашкан Wildberries компаниясынын (маркетплейсинин) кампасына дрондор менен чабуул жасалып, анын кесепетинен бир киши каза таап, 24 адам жаракат алды. Москва облусунун губернатору Андрей Воробьёв шаарга жасалган чабуулдан кесепетинен ооруканага жеткирилгендердин бири каза болуп калганын билдирген. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги алардын арасында кыргызстандыктардын бар-жогун тактап жатканын билдирди. Москвада жашап, иштеген мекендештин айтымында, аталган кампада иштеген кыргызстандыктардын саны арбын. ЖМКдагы маалыматтар боюнча, жабыркагандардын айрымдарынын абалы оор. Wildberries компаниясы кампаларга жасалган чабуулдардан жабыркагандарга керектүү жардам көрсөтөрүн билдирди. Котовск жана Электросталь шаарларындагы логистикалык борборлорго жасалган соккулар боюнча террордук акт беренеси менен иш козголду. Котовскидеги бөлүмгө түшкөн дрон жети кишинин өмүрүн алып, 25и жарадар кылган.
https://sputnik.kg/20260224/moskvadagy-zhardyruuda-avtoinspektor-kaza-boldu-1099907323.html
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/12/1102481007_455:0:3186:2048_1920x0_80_0_0_92a0455f152b4c91e6b4ccdc442c1bfb.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, украина, wildberries, террорчулук, жабыркагандар, өлүм
дүйнөдө, россия, украина, wildberries, террорчулук, жабыркагандар, өлүм
Подмосковье: Wildberries кампасында дрон чабуулунан 24 адам жабыркады. Видео
КРдин Россиядагы элчилиги алардын арасында кыргызстандыктардын бар-жогун тактап жатканын билдирди.
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Подмосковьедеги Электросталь шаарын жана анда жайгашкан Wildberries компаниясынын (маркетплейсинин) кампасына дрондор менен чабуул жасалып, анын кесепетинен бир киши каза таап, 24 адам жаракат алды.
Москва облусунун губернатору Андрей Воробьёв шаарга жасалган чабуулдан кесепетинен ооруканага жеткирилгендердин бири каза болуп калганын билдирген.
Кыргызстандын Россиядагы элчилиги алардын арасында кыргызстандыктардын бар-жогун тактап жатканын билдирди.
Москвада жашап, иштеген мекендештин айтымында, аталган кампада иштеген кыргызстандыктардын саны арбын.
ЖМКдагы маалыматтар боюнча, жабыркагандардын айрымдарынын абалы оор. Wildberries компаниясы кампаларга жасалган чабуулдардан жабыркагандарга керектүү жардам көрсөтөрүн билдирди.
Котовск жана Электросталь шаарларындагы логистикалык борборлорго жасалган соккулар боюнча террордук акт беренеси менен иш козголду.
Котовскидеги бөлүмгө түшкөн дрон жети кишинин өмүрүн алып, 25и жарадар кылган.