https://sputnik.kg/20260714/uyushkan-kylmyshtuu-top-mucho-karmaldy-1102411669.html
Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү Грузиядан алып келинди
Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү Грузиядан алып келинди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Улуттук коопсуздук комитети ИИМдин Интерпол улуттук бюросу менен биргеликте Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун 32 жаштагы А... 14.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-14T18:23+0600
2026-07-14T18:23+0600
2026-07-14T18:23+0600
кыргызстан
грузия
экстрадиция
камчы көлбаев
уюшкан кылмыштуу топ
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0e/1102408104_0:327:810:783_1920x0_80_0_0_819976daec482ea2889e3ac654de1810.jpg
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Улуттук коопсуздук комитети ИИМдин Интерпол улуттук бюросу менен биргеликте Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун 32 жаштагы А. у. Э. аттуу мүчөсүн Грузиядан кармап, өлкөгө алып келди.Шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинде ("Уюшкан топту түзүү же ага катышуу") каралган кылмышты жасагандыгы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн.Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2019-жылы ал шериктери менен бирге Чаткал жана Ала-Бука райондорундагы тоо-кен тармагын көзөмөлдөп, ошондой эле жергиликтүү тургундардан опузалап акча талап кылып келишкен.Учурда тергөө амалдары уланууда.
https://sputnik.kg/20260212/zhuk-tashuuchu-aydoochulardan-akcha-talap-kylgandar-karmaldy-1099699552.html
грузия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0e/1102408104_0:327:810:935_1920x0_80_0_0_56782292a757b829e1559e62b4ae76bd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, грузия, экстрадиция, камчы көлбаев, уюшкан кылмыштуу топ
кыргызстан, грузия, экстрадиция, камчы көлбаев, уюшкан кылмыштуу топ
Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү Грузиядан алып келинди
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Улуттук коопсуздук комитети ИИМдин Интерпол улуттук бюросу менен биргеликте Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун 32 жаштагы А. у. Э. аттуу мүчөсүн Грузиядан кармап, өлкөгө алып келди.
Шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинде ("Уюшкан топту түзүү же ага катышуу") каралган кылмышты жасагандыгы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2019-жылы ал шериктери менен бирге Чаткал жана Ала-Бука райондорундагы тоо-кен тармагын көзөмөлдөп, ошондой эле жергиликтүү тургундардан опузалап акча талап кылып келишкен.
Учурда тергөө амалдары уланууда.