https://sputnik.kg/20260712/algachky-kurultajdyn-videosu-1102316737.html
Дүйнө жүзүндөгү кыргыздарды чогулткан алгачкы курултай. Архивдик видео
Дүйнө жүзүндөгү кыргыздарды чогулткан алгачкы курултай. Архивдик видео
Sputnik Кыргызстан
Кыргыздардын биринчи дүйнөлүк курултайы 1992-жылы 27-30-август күндөрү Бишкектин Эски аянтында өткөн. 12.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-12T19:15+0600
2026-07-12T19:15+0600
2026-07-12T19:15+0600
кыргызстан
кыргыздар
курултай
жыйын
аскар акаев
видео
https://sputnik.kg/img/07ea/07/09/1102316567_0:111:1193:782_1920x0_80_0_0_3f19b43e9c688ef621e00c3b527bde25.png
Жыйынга Сауд Арабиясынан, Австралия, Кытай, Түркия, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Россия, АКШдан этникалык кыргыздар, кыргыздарды изилдеген чет элдик илимпоздор келген. Курултай Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн бир жылдыгына удаа өткөн. Биринчи максат эгемен Кыргызстан чет өлкөлөрдөгү кандаштар менен маданий байланыштарды чыңдоо эле. Экинчиден, улуттук аң-сезимди көтөрүп, четтеги кандаштар менен кызматташунун багыттарын аныктоого басым жасалган. Расмий салтанат 28-августта борбор калаадагы Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда өтүп, четтен келген кандаштарга туңгуч президент Аскар Акаев кайрылган. "Ушу тапта биз улуттук өмүрүбүздүн жылдыздуу бир саатын, салтанаттуу бир учурун башыбыздан кечирип отурабыз. Себеп дегенде биз кыргыз элинин ата конушун байырлаган кулундары тагдыр буйругу менен Кыргызстандан сырткары жүргөн кандаш туугандарыбызга кошулуп, жалпы кыргыз аттууга тең орток туңгуч курултай өткөрүп жатабыз. Курултайга атайын чакырылган, кыргыздын жакшы санаалаштарына, кыргыз тарыхын, маданиятын, дилин изилдеп жүргөн чет элдик конокторго дагы келгениңерге рахмат деп ыраазылык билдирем", — деген Акаев. Көргөзмөлөр уюштурулуп, борбор калаадагы ат майданда ар түрдүү улуттук оюндар көрсөтүлгөн. Ушул курултайга "жердин жети катмарынан келген" австралиялык кыргыз Газиз атанын тарых-баяны өзгөчө кызык.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/09/1102316567_3:0:1192:892_1920x0_80_0_0_92c73c6bc7c78db9d5a3575f7ff2d966.pngSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, кыргыздар, курултай, жыйын, аскар акаев, видео, видео
кыргызстан, кыргыздар, курултай, жыйын, аскар акаев, видео, видео
Дүйнө жүзүндөгү кыргыздарды чогулткан алгачкы курултай. Архивдик видео
Кыргыздардын биринчи дүйнөлүк курултайы 1992-жылы 27-30-август күндөрү Бишкектин Эски аянтында өткөн.
Жыйынга Сауд Арабиясынан, Австралия, Кытай, Түркия, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Россия, АКШдан этникалык кыргыздар, кыргыздарды изилдеген чет элдик илимпоздор келген.
Курултай Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн бир жылдыгына удаа өткөн.
Биринчи максат эгемен Кыргызстан чет өлкөлөрдөгү кандаштар менен маданий байланыштарды чыңдоо эле. Экинчиден, улуттук аң-сезимди көтөрүп, четтеги кандаштар менен кызматташунун багыттарын аныктоого басым жасалган.
"Курултай үчүн бишкектик сүрөтчүлөр атайын эмблема тартышкан. Кандаштар 20-августтан тарта келе баштаган. 27-августта аларга атайын арналып боз үйлөр тигилген. Ал жерден чыгармачыл жамааттар, коомдук жана саясий уюмдардын мүчөлөрү менен жолугушкан. Ала-тоолук кыргыздар нукура каада-салттарды сактап калганын көрүп кандаштар таң калышкан", — деп жазган "Вечерний Бишкек" басылмасы.
Расмий салтанат 28-августта борбор калаадагы Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда өтүп, четтен келген кандаштарга туңгуч президент Аскар Акаев кайрылган.
"Ушу тапта биз улуттук өмүрүбүздүн жылдыздуу бир саатын, салтанаттуу бир учурун башыбыздан кечирип отурабыз. Себеп дегенде биз кыргыз элинин ата конушун байырлаган кулундары тагдыр буйругу менен Кыргызстандан сырткары жүргөн кандаш туугандарыбызга кошулуп, жалпы кыргыз аттууга тең орток туңгуч курултай өткөрүп жатабыз. Курултайга атайын чакырылган, кыргыздын жакшы санаалаштарына, кыргыз тарыхын, маданиятын, дилин изилдеп жүргөн чет элдик конокторго дагы келгениңерге рахмат деп ыраазылык билдирем", — деген Акаев.
Көргөзмөлөр уюштурулуп, борбор калаадагы ат майданда ар түрдүү улуттук оюндар көрсөтүлгөн.
Ушул курултайга "жердин жети катмарынан келген" австралиялык кыргыз
Газиз атанын тарых-баяны өзгөчө кызык.