https://sputnik.kg/20260706/-ymyrkay-zholok-pul-kantip-alsa-bolot-1102263414.html
Чет өлкөдө төрөлгөн ымыркайга “Бала ырысы” жөлөк пулун алуунун жол-жобосу
Чет өлкөдө төрөлгөн ымыркайга “Бала ырысы” жөлөк пулун алуунун жол-жобосу
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бала чет өлкөдө төрөлгөн учурда “Бала ырысы” жөлөк пулун кантип жолжоболоштуруу... 06.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-06T18:09+0600
2026-07-06T18:09+0600
2026-07-06T18:09+0600
кыргызстан
"бала ырысы" жөлөк пулу
чет өлкө
эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги
https://sputnik.kg/img/07e5/05/10/1052509708_0:129:3185:1921_1920x0_80_0_0_85508ccbc434dce2c793d642559b1563.jpg
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бала чет өлкөдө төрөлгөн учурда “Бала ырысы” жөлөк пулун кантип жолжоболоштуруу керектигин түшүндүрдү.Ведомствонун маалыматына ылайык, эгерде бала Кыргызстандан тышкары жерде төрөлүп, “Түндүк” тиркемеси аркылуу жөлөк пулга арыз берүүдө ката кетип жатса, демек, балага дагы деле Жеке идентификациялык номер (ЖИН/ПИН) бериле элек же ал ата-энесинин маалыматтарына байланган эмес.Мындай учурда жакынкы Калкты тейлөө борборуна кайрылып, төмөнкү документтерди көрсөтүү зарыл:Эгер баланын Кыргызстандын жараны деген паспорту жок болсо, КР жарандыгына таандык экени тууралуу маалымкат керек болот. Аны Калкты тейлөө борборунан алуу керек. Маалымкатты берүү мөөнөтү 14 жумушчу күнгө чейин созулгандыктан, бул документке алдын ала кайрылуу сунушталат.Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров үч жашка чейинки бардык балдарга ай сайын берилүүчү жөлөк пулду белгилөө тууралуу мыйзамга кол койгон. Бул төлөмдөр үй-бүлөнүн киреше деңгээлине карабастан ар бир балага берилет. Жөлөк пулдун өлчөмү 1 200 сомду түзөт.
https://sputnik.kg/20260702/bala-yrysyna-14-minden-ashyk-aryz-tushtu-1102195512.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/05/10/1052509708_228:0:2959:2048_1920x0_80_0_0_76cdf09cbd307c4d9f87be343c2de895.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, "бала ырысы" жөлөк пулу, чет өлкө, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги
кыргызстан, "бала ырысы" жөлөк пулу, чет өлкө, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бала чет өлкөдө төрөлгөн учурда “Бала ырысы” жөлөк пулун кантип жолжоболоштуруу керектигин түшүндүрдү.
Ведомствонун маалыматына ылайык, эгерде бала Кыргызстандан тышкары жерде төрөлүп, “Түндүк” тиркемеси аркылуу жөлөк пулга арыз берүүдө ката кетип жатса, демек, балага дагы деле Жеке идентификациялык номер (ЖИН/ПИН) бериле элек же ал ата-энесинин маалыматтарына байланган эмес.
Мындай учурда жакынкы Калкты тейлөө борборуна кайрылып, төмөнкү документтерди көрсөтүү зарыл:
баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн түп нускасы;
ата-энесинин биринин паспорту;
эгерде күбөлүк чет тилде берилген болсо — анын кыргыз же орус тилине нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу.
“Калкты тейлөө борборунда балага жеке идентификациялык номер берилип, ата-энесинин маалыматтарына байланат. Андан соң адистер маалыматты тутумга киргизишкенден кийин “Бала ырысы“ жөлөк пулун жолжоболоштурууну уланта аласыз”, — деди министрлик.
Эгер баланын Кыргызстандын жараны деген паспорту жок болсо, КР жарандыгына таандык экени тууралуу маалымкат керек болот. Аны Калкты тейлөө борборунан алуу керек. Маалымкатты берүү мөөнөтү 14 жумушчу күнгө чейин созулгандыктан, бул документке алдын ала кайрылуу сунушталат.
Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров үч жашка чейинки бардык балдарга ай сайын берилүүчү жөлөк пулду белгилөө тууралуу мыйзамга кол койгон. Бул төлөмдөр үй-бүлөнүн киреше деңгээлине карабастан ар бир балага берилет. Жөлөк пулдун өлчөмү 1 200 сомду түзөт.