https://sputnik.kg/20260701/litsenziyasyz-taksistterge-ayyp-salynat-1102174387.html
Айып төлөйт. Өлкөдө лицензия албаган таксисттер текшериле баштады
Айып төлөйт. Өлкөдө лицензия албаган таксисттер текшериле баштады
Sputnik Кыргызстан
Учурда "Коомдук транспорт" деп аталган рейд жүрүүдө. 01.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-01T12:20+0600
2026-07-01T12:20+0600
2026-07-01T12:25+0600
кыргызстан
таксист
рейд
айып
лицензия
жкккбб
https://sputnik.kg/img/07e7/08/1c/1078154491_0:160:3071:1887_1920x0_80_0_0_1b44d182287baa8cc6dd791368e9d824.jpg
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Бүгүндөн тарта лицензиясыз таксисттерге айып салына баштайт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалымдалгандай, учурда өлкө боюнча "Коомдук транспорт" деп аталган рейд жүрүүдө. Жеке жактар үчүн айыптын өлчөмү 7,5 миң сом, ал эми юридикалык жактар үчүн 23 миң сом дешти. Ошондой эле ал буга чейин 20 миңден ашыгы лицензия алганын белгилеп, таксопарктын системасында уруксат кагазы жок айдоочулар бөгөттөлгөнүн кошумчалады. Белгилей кетсек, жүргүнчү ташуучулар үчүн милдеттүү лицензиялоо талабы күчүнө киргенден кийин аларга башында 1-февралга чейин мөөнөт берилген. Бирок жарандардын көптөгөн кайрылууларынын негизинде бул мөөнөт 1-июлга жылдырылган.
https://sputnik.kg/20260616/kyrgyzstan-uluttuk-taksi-agregatoru-tuzuu-plan-1101904087.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/08/1c/1078154491_6:0:2735:2047_1920x0_80_0_0_04f88f2bf67533b2cac9a5c9026e8739.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, таксист, рейд, айып, лицензия, жкккбб
кыргызстан, таксист, рейд, айып, лицензия, жкккбб
Айып төлөйт. Өлкөдө лицензия албаган таксисттер текшериле баштады
12:20 01.07.2026 (Жаңыртылды: 12:25 01.07.2026) Учурда "Коомдук транспорт" деп аталган рейд жүрүүдө.
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Бүгүндөн тарта лицензиясыз таксисттерге айып салына баштайт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалымдалгандай, учурда өлкө боюнча "Коомдук транспорт" деп аталган рейд жүрүүдө. Жеке жактар үчүн айыптын өлчөмү 7,5 миң сом, ал эми юридикалык жактар үчүн 23 миң сом дешти.
"Жетишпей калгандар лицензия алуу үчүн дагы деле кайрыла берсе болот. Анткени лицензия берүү токтотулган жок", — деди ЖКККББнын маалымат кызматынын башчысы Нурсултан Муратбеков.
Ошондой эле ал буга чейин 20 миңден ашыгы лицензия алганын белгилеп, таксопарктын системасында уруксат кагазы жок айдоочулар бөгөттөлгөнүн кошумчалады.
Белгилей кетсек, жүргүнчү ташуучулар үчүн милдеттүү лицензиялоо талабы күчүнө киргенден кийин аларга башында 1-февралга чейин мөөнөт берилген. Бирок жарандардын көптөгөн кайрылууларынын негизинде бул мөөнөт 1-июлга жылдырылган.