Бишкек мэри “Олд Бишкек” комплексиндеги имаратты бузууга эки жума мөөнөт берди
Бишкек мэри “Олд Бишкек” комплексиндеги имаратты бузууга эки жума мөөнөт берди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев "Олд Бишкек" соода комплексиндеги жумуштардын кечеңдешине нааразы болуп, демонтаждоого эки жума убакыт... 01.07.2026, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев "Олд Бишкек" соода комплексиндеги жумуштардын кечеңдешине нааразы болуп, демонтаждоого эки жума убакыт берди. Бул тууралуу мэриядан маалымдалды. Билдирүүгө ылайык, шаар башчысы мындагы соода объектилери иштей баштаса да инвестор милдеттенмелерин аткара электигин белгилеген. Мэр аймактагы жумуштар эки аптада бүтпөсө, өтмөктөгү соода түйүндөрүнүн иши токтошу мүмкүн экенин эскертти. Мындан тышкары, соода түйүндөрүндө өспүрүмдөрдүн эмгекке тартылганы аныкталгандыктан калаа башчысы Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматтын өкүлдөрүнө текшерүүнү баштоону тапшырды.Эскерте кетсек, апрелде Жунушалиев журналисттерге имарат июль-августка чейин бузулуп бүтөрүн билдирген.
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев "Олд Бишкек" соода комплексиндеги жумуштардын кечеңдешине нааразы болуп, демонтаждоого эки жума убакыт берди. Бул тууралуу мэриядан маалымдалды.
Калаа башчысы аймактагы жумуштар эки аптада бүтпөсө, өтмөктөгү соода түйүндөрүнүн иши токтошу мүмкүн экенин эскертти
Билдирүүгө ылайык, шаар башчысы мындагы соода объектилери иштей баштаса да инвестор милдеттенмелерин аткара электигин белгилеген. Мэр аймактагы жумуштар эки аптада бүтпөсө, өтмөктөгү соода түйүндөрүнүн иши токтошу мүмкүн экенин эскертти.
"Шаардын алдында алган милдеттенмелериңерди аткарбай туруп ишкердик жүргүзүп жатасыздар", — деген Жунушалиев.
Мындан тышкары, соода түйүндөрүндө өспүрүмдөрдүн эмгекке тартылганы аныкталгандыктан калаа башчысы Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматтын өкүлдөрүнө текшерүүнү баштоону тапшырды.