https://sputnik.kg/20260629/prokuror-75-katy-figurant-9-zhyl-erkinen-azhyratuu-1102137873.html
"75чилердин иши": прокурор фигуранттарды тогуз жылга эркинен ажыратууну өтүндү
"75чилердин иши": прокурор фигуранттарды тогуз жылга эркинен ажыратууну өтүндү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Прокуратура "75чилердин каты" иши боюнча айыпталып жаткандардын ар бирин 9 жылдан эркинен ажыратууну сурады. Бул тууралуу Sputnik... 29.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-29T16:55+0600
2026-06-29T16:55+0600
2026-06-29T16:59+0600
кыргызстан
бишкек
биринчи май райондук соту
"75чилер иши"
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0f/1101882293_0:32:1280:752_1920x0_80_0_0_817fef278a65667e8d7917fa8ada53ea.jpg
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Прокуратура "75чилердин каты" иши боюнча айыпталып жаткандардын ар бирин 9 жылдан эркинен ажыратууну сурады. Бул тууралуу Sputnik агенттигине ишенимдүү маалымат булактар кабарлады.Учурда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда аталган иш боюнча кезектеги отурум өтүүдө.Буга чейин адвокат Икрамидин Айткулов Камчыбек Ташиев прокуратурага айыптоону колдоодон баш тартууну сунуштаганын билдирген.Эске салсак, 9-февралда 75 адамдан турган мурдагы аткаминер, саясатчы жана коомдук ишмерлер президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Тургунбек уулуна кат жолдогон. Алар катында жакын арада мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырганы айтылган.Президент алардын кылыгын сынга алып, коомчулукка жик салууга аракет деп айыптаган.Кийин Маматалиев спикер болуп шайланган алгачкы күнү эле бул маселени териштиргенин билдирген.
https://sputnik.kg/20260624/mamataliyev-choo-zhana-arstan-boyuncha-aytkanyna-kommetariy-zhasady-1102062691.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0f/1101882293_0:0:1280:961_1920x0_80_0_0_b9ea05297e3b61a46f8d1612b7c52540.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, биринчи май райондук соту, "75чилер иши"
кыргызстан, бишкек, биринчи май райондук соту, "75чилер иши"
"75чилердин иши": прокурор фигуранттарды тогуз жылга эркинен ажыратууну өтүндү
16:55 29.06.2026 (Жаңыртылды: 16:59 29.06.2026) БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Прокуратура "75чилердин каты" иши боюнча айыпталып жаткандардын ар бирин 9 жылдан эркинен ажыратууну сурады. Бул тууралуу Sputnik агенттигине ишенимдүү маалымат булактар кабарлады.
Учурда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда аталган иш боюнча кезектеги отурум өтүүдө.
Буга чейин адвокат Икрамидин Айткулов Камчыбек Ташиев прокуратурага айыптоону колдоодон баш тартууну сунуштаганын билдирген.
Эске салсак, 9-февралда 75 адамдан турган мурдагы аткаминер, саясатчы жана коомдук ишмерлер президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Тургунбек уулуна кат жолдогон. Алар катында жакын арада мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырганы айтылган.
Президент алардын кылыгын сынга алып, коомчулукка жик салууга аракет деп
айыптаган.
Кийин Маматалиев спикер болуп шайланган алгачкы күнү эле бул маселени териштиргенин
билдирген.