https://sputnik.kg/20260622/polsha-ukrainaga-shart-kojdu-1102003586.html
Тирешүүгө баратабы? Польша Украинага шарт коймокчу
Тирешүүгө баратабы? Польша Украинага шарт коймокчу
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Украина Польша койгон шартты аткармайынча Евробиримдикке кошулууга уруксат ала албайт. Бул тууралуу өлкө парламентинин спикери... 22.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-22T10:19+0600
2026-06-22T10:19+0600
2026-06-22T10:19+0600
дүйнөдө
украина
польша
орден
евробиримдик
шарт
мүчөлүк
https://sputnik.kg/img/07ea/06/08/1101777864_0:0:3160:1778_1920x0_80_0_0_86379935f45100185b893c71d91dac33.jpg
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Украина Польша койгон шартты аткармайынча Евробиримдикке кошулууга уруксат ала албайт. Бул тууралуу өлкө парламентинин спикери Влодимеж Чажастый Polsat News каналына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды. Саясатчынын айтымында, украин тараптын жоругунан кийин пикир келишпестикке карабай тараптардын бири чегиниши керек. "Президент Навроцкий жакшылап акыл калчаса керек. Эми тынчыйбызбы? Маселе ушунда. Же тирешүүгө баратабызбы?" — деген Чажастый. Өткөн ишемби күнү Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорский Украинанын Евробиримдикке кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөр оңой болбой турганын, буга Киев менен айрым маселелерде пикир келишпестик себеп экенин айткан. Жума күнү Польша президенти Кароль Навроцкий Владимир Зеленскийдин Украинада Көтөрүлүшчүлөр армиясынын башчыларын (УПА*) даңазалоосуна байланыштуу аны өлкөнүн эң жогорку мамлекеттик сыйлыгынан ажыратканын жар салган. Буга жооп кылып Зеленскийдин артынан Ак бүркүт ордени менен сыйланган Украинанын үч экс-президенти: Леонич Кучма, Виктор Ющенко жана Петр Порошенко** наамдан баш тартышкан. Аларга удаа эле тышкы иштер министри Андрей Сибиге, Зеленскийдин кеңсе башчысы Кирилл Буданов***, Киевдин Варшавадагы элчиси Василий Бондар жана башка бир катар ишмерлер орденди кайтарышкан. Зеленский май айында Украин улутчулдар уюму менен анын куралдуу бөлүгү Көтөрүлүшчүлөр армиясынын (УПА*) лидерлеринин бири Андрей Мельниктин сөөгүн кайра көмүүгө катышып, Куралдуу күчтөрүнүн бир бөлүгүнө "УПА баатырларынын атын" ыйгарган. Миңдеген поляктын канына забын болгон уюм мүчөлөрүнүн минтип даңазаланышы Варшаваны катуу нааразы кылган. Ага чейин Зеленский Евробиримдиктен Украинаны уюмга 2027-жылы кабыл алууну талап кылган. Деген менен ЕБ лидерлери Украина мыйзамдарынын европалык стандартка туура келбей турганын, мүчөлүк маселесин кароодогу негизги шарт реформа экенин айтып келишет. Евродипломатиянын башчысы Кая Калаас 15-февралда ЕБ мамлекеттери Украинанын уюмга кошулуу мөөнөтүн так айта албай тургандыктарын ачыктаган. Евробиримдик ичинде Киевдин уюмга кошулуусуна каршы чыккан мамлекеттер да бар. * — Россияда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик уюм ** — Росфинмониторинг тарабынан экстремисттик ишмердүүлүккө же террорчулукка тиешеси бар адамдардын тизмесине киргизилген *** — Россияда экстремисттер менен террорчулардын тизмесине киргизилген
https://sputnik.kg/20260621/polshada-zelenskijdin-kylygyna-zhoop-ajtyldy-1101990586.html
украина
польша
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/08/1101777864_215:0:2946:2048_1920x0_80_0_0_c570dfaed30f8c2e470cb9e79c14ba0f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, польша, орден, евробиримдик, шарт, мүчөлүк
дүйнөдө, украина, польша, орден, евробиримдик, шарт, мүчөлүк
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Украина Польша койгон шартты аткармайынча Евробиримдикке кошулууга уруксат ала албайт. Бул тууралуу өлкө парламентинин спикери Влодимеж Чажастый Polsat News каналына маек куруп жатып айтканын
РИА Новости жазды.
"Украина Польшасыз Евробиримдикке кире албайт. Мүчөлүк боюнча шарт кое турган убакыт келди", — деген ал ортодогу курчуп жаткан мамилеге оюн билдирип жатып.
Саясатчынын айтымында, украин тараптын жоругунан кийин пикир келишпестикке карабай тараптардын бири чегиниши керек.
"Президент Навроцкий жакшылап акыл калчаса керек. Эми тынчыйбызбы? Маселе ушунда. Же тирешүүгө баратабызбы?" — деген Чажастый.
Өткөн ишемби күнү Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорский Украинанын Евробиримдикке кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөр оңой болбой турганын, буга Киев менен айрым маселелерде пикир келишпестик себеп экенин айткан.
Жума күнү Польша президенти Кароль Навроцкий Владимир Зеленскийдин Украинада Көтөрүлүшчүлөр армиясынын башчыларын (УПА*) даңазалоосуна байланыштуу аны өлкөнүн эң жогорку мамлекеттик сыйлыгынан ажыратканын
жар салган.
Буга жооп кылып Зеленскийдин артынан Ак бүркүт ордени менен сыйланган Украинанын үч экс-президенти: Леонич Кучма, Виктор Ющенко жана Петр Порошенко** наамдан баш
тартышкан. Аларга удаа эле тышкы иштер министри Андрей Сибиге, Зеленскийдин кеңсе башчысы Кирилл Буданов***, Киевдин Варшавадагы элчиси Василий Бондар жана башка бир катар ишмерлер орденди кайтарышкан.
Зеленский май айында Украин улутчулдар уюму менен анын куралдуу бөлүгү Көтөрүлүшчүлөр армиясынын (УПА*) лидерлеринин бири Андрей Мельниктин сөөгүн кайра көмүүгө катышып, Куралдуу күчтөрүнүн бир бөлүгүнө "УПА баатырларынын атын" ыйгарган. Миңдеген поляктын канына забын болгон уюм мүчөлөрүнүн минтип даңазаланышы Варшаваны катуу нааразы кылган.
Ага чейин Зеленский Евробиримдиктен Украинаны уюмга 2027-жылы кабыл алууну талап кылган. Деген менен ЕБ лидерлери Украина мыйзамдарынын европалык стандартка туура келбей турганын, мүчөлүк маселесин кароодогу негизги шарт реформа экенин айтып келишет. Евродипломатиянын башчысы Кая Калаас 15-февралда ЕБ мамлекеттери Украинанын уюмга кошулуу мөөнөтүн так айта албай тургандыктарын ачыктаган. Евробиримдик ичинде Киевдин уюмга кошулуусуна каршы чыккан мамлекеттер да бар.
* — Россияда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик уюм
** — Росфинмониторинг тарабынан экстремисттик ишмердүүлүккө же террорчулукка тиешеси бар адамдардын тизмесине киргизилген
*** — Россияда экстремисттер менен террорчулардын тизмесине киргизилген