https://sputnik.kg/20260620/polsha-prezident-zelenskiy-ak-burkut-orden-azhyratuu-1101985065.html
Польша президенти Зеленскийди Ак бүркүт орденинен ажыратты
Польша президенти Зеленскийди Ак бүркүт орденинен ажыратты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Польша президенти Кароль Навроцкий Владимир Зеленскийди УПАнын* (Украинанын козголоңчулар армиясы) аскерлерин даңазалаганы үчүн Ак... 20.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-20T11:57+0600
2026-06-20T11:57+0600
2026-06-20T11:57+0600
дүйнөдө
польша
кароль навроцкий
владимир зеленский
орден
сыйлык
ажыратуу
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/09/1098439802_0:161:3071:1888_1920x0_80_0_0_3db677667520a3096ae39e443e089f21.jpg
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Польша президенти Кароль Навроцкий Владимир Зеленскийди УПАнын* (Украинанын козголоңчулар армиясы) аскерлерин даңазалаганы үчүн Ак бүркүт орденинен ажыратты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Бул орден Зеленскийге 2023-жылы Польшанын мурдагы президенти Анджей Дуда тарабынан ыйгарылган. Сыйлык Польша менен Украинанын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого кошкон өзгөчө салымы, Европада демократияны, тынчтыкты, коопсуздукту бекемдөө багытындагы кызматташууну өнүктүргөндүгү жана "адам укуктарын коргогону" үчүн деп берилген. Анын айтымында, Зеленскийдин Украинанын куралдуу күчтөрүндөгү аскердик бөлүктөрдүн бирине УПАнын* баатырларынын биринин атын ыйгаруусу өлкөнүн ички иштери менен гана чектелбестен, алда канча кеңири маанини берүүдө.Киев режиминин башчысы май айынын аягында Украинанын куралдуу күчтөрүндөгү аскердик бөлүктөрдүн бирине "УПАнын баатырларынын" наамын берүүнү чечкен. Көп өтпөй Киев облусунда ОУНдун** лидерлеринин бири Андрей Мельниктин сөөгүн кайра жерге берүүгө катышкан. Бул үчүн ал Польшанын бир катар саясатчыларынын, анын ичинде премьер-министр Дональд Туск менен өлкөнүн мурдагы президенти Лех Валенсанын катуу сынына кабылган. УПА Улуу Ата Мекендик согушта гитлердик аскерлер менен кызматташып, советтик жоокерлерге каршы күрөшкөн. ОУН-УПАнын тарыхында көптөгөн кылмыштар бар. Алардын ичинен эң белгилүүлөрүнүн бири 1943-жылы Волынь аймагында поляк калкын массалык түрдө кырып жок кылган Волынь кыргыны. Ошол учурда улутчул күчтөр менен кызматташуудан баш тарткан миңдеген украиндер да мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.* Россия Федерациясында тыюу салынган террордук уюм** Россия Федерациясында экстремисттик деп таанылып, тыюу салынган уюм
https://sputnik.kg/20260616/varshava-natsizmden-ulam-zelenskiyge-talap-koydu-1101898438.html
польша
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/09/1098439802_170:0:2901:2048_1920x0_80_0_0_d8ffe9e49b588f2a2eeb1f98344d207c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, польша, кароль навроцкий, владимир зеленский, орден, сыйлык, ажыратуу
дүйнөдө, польша, кароль навроцкий, владимир зеленский, орден, сыйлык, ажыратуу
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Польша президенти Кароль Навроцкий Владимир Зеленскийди УПАнын* (Украинанын козголоңчулар армиясы) аскерлерин даңазалаганы үчүн Ак бүркүт орденинен ажыратты. Бул тууралуу
РИА Новости жазды.Бул орден Зеленскийге 2023-жылы Польшанын мурдагы президенти Анджей Дуда тарабынан ыйгарылган. Сыйлык Польша менен Украинанын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого кошкон өзгөчө салымы, Европада демократияны, тынчтыкты, коопсуздукту бекемдөө багытындагы кызматташууну өнүктүргөндүгү жана "адам укуктарын коргогону" үчүн деп берилген.
"Поляк коомчулугунун басымдуу бөлүгү үчүн Украинанын козголоңчулар армиясы (УПА) биринчи кезекте Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Польшанын жарандарына каршы жасалган үрөй учурган кылмыштар үчүн жооптуу түзүм катары кабыл алынат", — деп түшүндүргөн Навроцкий өзүнүн чечими боюнча.
Анын айтымында, Зеленскийдин Украинанын куралдуу күчтөрүндөгү аскердик бөлүктөрдүн бирине УПАнын* баатырларынын биринин атын ыйгаруусу өлкөнүн ички иштери менен гана чектелбестен, алда канча кеңири маанини берүүдө.
Киев режиминин башчысы май айынын аягында Украинанын куралдуу күчтөрүндөгү аскердик бөлүктөрдүн бирине "УПАнын баатырларынын" наамын берүүнү чечкен. Көп өтпөй Киев облусунда ОУНдун** лидерлеринин бири Андрей Мельниктин сөөгүн кайра жерге берүүгө катышкан. Бул үчүн ал Польшанын бир катар саясатчыларынын, анын ичинде премьер-министр Дональд Туск менен өлкөнүн мурдагы президенти Лех Валенсанын катуу сынына кабылган.
УПА Улуу Ата Мекендик согушта гитлердик аскерлер менен кызматташып, советтик жоокерлерге каршы күрөшкөн. ОУН-УПАнын тарыхында көптөгөн кылмыштар бар. Алардын ичинен эң белгилүүлөрүнүн бири 1943-жылы Волынь аймагында поляк калкын массалык түрдө кырып жок кылган Волынь кыргыны. Ошол учурда улутчул күчтөр менен кызматташуудан баш тарткан миңдеген украиндер да мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.
* Россия Федерациясында тыюу салынган террордук уюм
** Россия Федерациясында экстремисттик деп таанылып, тыюу салынган уюм