https://sputnik.kg/20260619/ysyk-kol-mediaforum-otuudo-1101967184.html
Ысык-Көлдө ШКУ өлкөлөрүнүн медиафоруму өтүүдө
Ысык-Көлдө ШКУ өлкөлөрүнүн медиафоруму өтүүдө
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Бостери айылында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин медиафоруму өз ишин баштады. 19.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-19T11:00+0600
2026-06-19T11:00+0600
2026-06-19T11:07+0600
кыргызстан
ысык-көл
форум
медиа
шку
https://sputnik.kg/img/07e8/0a/10/1089508418_0:160:3071:1887_1920x0_80_0_0_a2c9d7b8d50e676d017dfc6d2a365900.jpg
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Бостери айылында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин медиафоруму өз ишин баштады.Бул иш-чарага ШКУ өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын, алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК), маалымат агенттиктеринин, санариптик платформалардын өкүлдөрү жана эксперттер чогулду. Иш-чарага уюмга мүчө алты өлкөдөн 100гө жакын делегат катышууда.Форумду Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги уюштурду. Анын негизги максаты — ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, маалымат жана байланыш тармагындагы өнөктөштүктү өнүктүрүү, ошондой эле медиачөйрө санарипке өтүп жаткан шартта бирдиктүү кесиптик диалог түзүү болуп саналат.Жыйындын катышуучуларына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов жана ШКУнун башкы катчысынын орун басары Олег Копылов куттуктоо сөзүн жолдошту.Маданият министри Мирбек Мамбеталиев ШКУ мамлекеттеринин медиа тармагындагы кызматташтыгы гуманитардык байланыштарды чыңдоодо жана өз ара ишенимге, сый-урматка негизделген бирдиктүү маалымат мейкиндигин түзүүдө маанилүү фактор экенин белгиледи.Ал эми улуттук делегациялардын жетекчилери маалыматтык кызматташтыкты кеңейтүү, медиамейкиндиктеги ишенимди бекемдөө жана уюмга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы кесиптик өз ара кызматташууну өнүктүрүү зарылдыгын ортого салышты.Форумдун алкагында үч пленардык отурум өтөт. Алар медиачөйрөнүн санариптешүүсү, журналистикада жасалма интеллект (ЖИ) технологияларын колдонуу жана жаңы медиа катары санариптик платформалардын ролуна арналмакчы. Катышуучулар маалымат мейкиндигиндеги заманбап чакырыктарды талкуулап, тажрыйба алмашышат.Жыйындын жыйынтыгы боюнча ШКУга мүчө өлкөлөрдүн медиа түзүмдөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүнүн практикалык кадамдарын иштеп чыгуу, биргелешкен демилгелерди алга жылдыруу жана кесиптик диалогду андан ары чыңдоо күтүлүүдө.
https://sputnik.kg/20260615/shku-zhana-anyn-mucholorunun-ekonomikalyk-korsotkuchtoru-1101889898.html
ысык-көл
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0a/10/1089508418_171:0:2900:2047_1920x0_80_0_0_932537aaf4f9e608c6f29e6639f6a213.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, ысык-көл, форум, медиа, шку
кыргызстан, ысык-көл, форум, медиа, шку
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Бостери айылында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин медиафоруму өз ишин баштады.
Бул иш-чарага ШКУ өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын, алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК), маалымат агенттиктеринин, санариптик платформалардын өкүлдөрү жана эксперттер чогулду. Иш-чарага уюмга мүчө алты өлкөдөн 100гө жакын делегат катышууда.
Форумду Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги уюштурду. Анын негизги максаты — ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, маалымат жана байланыш тармагындагы өнөктөштүктү өнүктүрүү, ошондой эле медиачөйрө санарипке өтүп жаткан шартта бирдиктүү кесиптик диалог түзүү болуп саналат.
Жыйындын катышуучуларына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов жана ШКУнун башкы катчысынын орун басары Олег Копылов куттуктоо сөзүн жолдошту.
Маданият министри Мирбек Мамбеталиев ШКУ мамлекеттеринин медиа тармагындагы кызматташтыгы гуманитардык байланыштарды чыңдоодо жана өз ара ишенимге, сый-урматка негизделген бирдиктүү маалымат мейкиндигин түзүүдө маанилүү фактор экенин белгиледи.
Ал эми улуттук делегациялардын жетекчилери маалыматтык кызматташтыкты кеңейтүү, медиамейкиндиктеги ишенимди бекемдөө жана уюмга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы кесиптик өз ара кызматташууну өнүктүрүү зарылдыгын ортого салышты.
Форумдун алкагында үч пленардык отурум өтөт. Алар медиачөйрөнүн санариптешүүсү, журналистикада жасалма интеллект (ЖИ) технологияларын колдонуу жана жаңы медиа катары санариптик платформалардын ролуна арналмакчы. Катышуучулар маалымат мейкиндигиндеги заманбап чакырыктарды талкуулап, тажрыйба алмашышат.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча ШКУга мүчө өлкөлөрдүн медиа түзүмдөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүнүн практикалык кадамдарын иштеп чыгуу, биргелешкен демилгелерди алга жылдыруу жана кесиптик диалогду андан ары чыңдоо күтүлүүдө.