https://sputnik.kg/20260615/shku-zhana-anyn-mucholorunun-ekonomikalyk-korsotkuchtoru-1101889898.html
ШКУ жана анын мүчөлөрүнүн экономикалык көрсөткүчтөрү. Инфографика
ШКУ жана анын мүчөлөрүнүн экономикалык көрсөткүчтөрү. Инфографика
Sputnik Кыргызстан
Шанхай кызматташтык уюму 2001-жылдын 15-июнунда негизделген. 15.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-15T20:15+0600
2026-06-15T20:15+0600
2026-06-15T20:15+0600
дүйнөдө
шку
идп
экономика
бирикме
геосаясат
инфографика
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0f/1101890191_0:0:3244:1825_1920x0_80_0_0_46736070a69c28e618312372ca4ed465.jpg
Учурда ШКУга 10 мамлекет мүчө. Алардын аянты дээрлик 36 миллион чарчы чакырым, бул — бүткүл Евразиянын үчтөн эки бөлүгү. Аталган аймакта Жер шарынын калкынын жарымы жашайт, ал эми уюмга кирген өлкөлөр дүйнөлүк ИДПнын чейрегин өндүрөт. Маданияттардын көп түрдүүлүгүнө карабастан, орус жана кытай тилдери мүчө өлкөлөр сүйлөшүп, пикир алышкан расмий тил бойдон калууда. ШКУнун тарыхы 1996-жылы эле "Шанхай бешилтигинен" башталган. Ал кезде Россия, Кытай жана Борбордук Азиянын кээ бир өлкөлөрү чек аралардагы ишеним чаралары боюнча макулдашат. 2001-жылы аларга Өзбекстан кошулуп, ШКУ пайда болгон. Убакыттын өтүшү менен уюмга Индия, Пакистан, Иран жана Беларусь мүчө болду. 25 жылдын ичинде ШКУ чек аралык союздан дүйнөлүк таасири бар кубаттуу борборго айланды. Өлкөлөр чек арасын гана коргобостон, террорчулукка каршы ийиндеше күрөшүп, энергетиканы өнүктүрүүдө. Андан сырткары, жаңы транспорттук каттамдарды курууда. Гуманитардык чөйрөдө миллиарддаган адамдарды бириктирүү максатында ШКУ университети ачылып, жаштар программалары ишке кирди. Бул жылы уюмга Кыргызстан төрагалык кылууда. 2027-жылы бул милдетти Россия алат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0f/1101890191_5:0:2736:2048_1920x0_80_0_0_71bf4cefb93cde9fa99794d395c27faa.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, шку, идп, экономика, бирикме, геосаясат, инфографика, инфографика
дүйнөдө, шку, идп, экономика, бирикме, геосаясат, инфографика, инфографика
ШКУ жана анын мүчөлөрүнүн экономикалык көрсөткүчтөрү. Инфографика
Шанхай кызматташтык уюму 2001-жылдын 15-июнунда негизделген.
Учурда ШКУга 10 мамлекет мүчө. Алардын аянты дээрлик 36 миллион чарчы чакырым, бул — бүткүл Евразиянын үчтөн эки бөлүгү. Аталган аймакта Жер шарынын калкынын жарымы жашайт, ал эми уюмга кирген өлкөлөр дүйнөлүк ИДПнын чейрегин өндүрөт.
Маданияттардын көп түрдүүлүгүнө карабастан, орус жана кытай тилдери мүчө өлкөлөр сүйлөшүп, пикир алышкан расмий тил бойдон калууда.
ШКУнун тарыхы 1996-жылы эле "Шанхай бешилтигинен" башталган. Ал кезде Россия, Кытай жана Борбордук Азиянын кээ бир өлкөлөрү чек аралардагы ишеним чаралары боюнча макулдашат. 2001-жылы аларга Өзбекстан кошулуп, ШКУ пайда болгон. Убакыттын өтүшү менен уюмга Индия, Пакистан, Иран жана Беларусь мүчө болду.
25 жылдын ичинде ШКУ чек аралык союздан дүйнөлүк таасири бар кубаттуу борборго айланды. Өлкөлөр чек арасын гана коргобостон, террорчулукка каршы ийиндеше күрөшүп, энергетиканы өнүктүрүүдө. Андан сырткары, жаңы транспорттук каттамдарды курууда. Гуманитардык чөйрөдө миллиарддаган адамдарды бириктирүү максатында ШКУ университети ачылып, жаштар программалары ишке кирди.
Бул жылы уюмга Кыргызстан төрагалык кылууда. 2027-жылы бул милдетти Россия алат.