Бишкекте ШКУнун Energy Expo Kyrgyzstan эл аралык көргөзмөсү ачылды
Бишкекте ШКУнун Energy Expo Kyrgyzstan эл аралык көргөзмөсү ачылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Борбор калаада энергетика жаатындагы Energy Expo Kyrgyzstan — ШКУ 2026 деп аталган жогорку технологиялар менен жабдуулардын... 18.06.2026, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Борбор калаада энергетика жаатындагы Energy Expo Kyrgyzstan — ШКУ 2026 деп аталган жогорку технологиялар менен жабдуулардын көргөзмөсү ачылды. Иш-чара Энергетика министрлигинин демилгеси менен уюштурулууда. Energy Expo Kyrgyzstan — ШКУ 2026 көргөзмөсү Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмундагы төрагалыгынын алкагында өтүп жатат. Иш-чара ШКУга мүчө өлкөлөрдүн энергетика министрлеринин кеңешинин жыйынына туш келди. Көргөзмө мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, ири энергетикалык компаниялардын өкүлдөрүн, инвесторлорду, долбоорлоо жана өндүрүш ишканаларын бир аянтка чогултуп, тармактагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө шарт түзөт. Быйыл көргөзмөгө Кыргызстан, Кытай, Россия, Индия, Беларусь, Түркия жана Вьетнамдан 40тан ашык компания катышууда. Алар энергетика тармагындагы өздөрүнүн акыркы технологияларын, жабдууларын жана жаңычыл ыкмаларын тартуулашмакчы.
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Борбор калаада энергетика жаатындагы Energy Expo Kyrgyzstan — ШКУ 2026 деп аталган жогорку технологиялар менен жабдуулардын көргөзмөсү ачылды.
Көргөзмө мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, ири энергетикалык компаниялардын өкүлдөрүн, инвесторлорду, долбоорлоо жана өндүрүш ишканаларын бир аянтка чогултуп, тармактагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө шарт түзөт
Көргөзмө мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, ири энергетикалык компаниялардын өкүлдөрүн, инвесторлорду, долбоорлоо жана өндүрүш ишканаларын бир аянтка чогултуп, тармактагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө шарт түзөт
Быйыл көргөзмөгө Кыргызстан, Кытай, Россия, Индия, Беларусь, Түркия жана Вьетнамдан 40тан ашык компания катышууда
Иш-чара Энергетика министрлигинин демилгеси менен уюштурулууда.
"Бүгүн катардагы эле эмес, жаңы идеялардын, технологиялардын, стратегиялык өнөктөштүктүн аянтын ачып жатабыз. Бул энергетиканын келечегин аныктамакчы. Кыргызстан бул тармактагы кызматташууда ишенимдүү өнөктөш катары аймактын туруктуу энергетикалык келечегин курууга даяр", — деди көргөзмөгө келген энергетика министри Алтынбек Рысбеков.
Energy Expo Kyrgyzstan — ШКУ 2026 көргөзмөсү Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмундагы төрагалыгынын алкагында өтүп жатат. Иш-чара ШКУга мүчө өлкөлөрдүн энергетика министрлеринин кеңешинин жыйынына туш келди. Көргөзмө мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, ири энергетикалык компаниялардын өкүлдөрүн, инвесторлорду, долбоорлоо жана өндүрүш ишканаларын бир аянтка чогултуп, тармактагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө шарт түзөт.
Быйыл көргөзмөгө Кыргызстан, Кытай, Россия, Индия, Беларусь, Түркия жана Вьетнамдан 40тан ашык компания катышууда. Алар энергетика тармагындагы өздөрүнүн акыркы технологияларын, жабдууларын жана жаңычыл ыкмаларын тартуулашмакчы.