https://sputnik.kg/20260618/masadykov-ukrain-askerlerinin-baldarga-bryanskide-kol-salyshyn-ayyptady-1101938941.html
ЖККУнун баш катчысы украин аскерлеринин Брянскиде балдарга кол салышын айыптады
ЖККУнун баш катчысы украин аскерлеринин Брянскиде балдарга кол салышын айыптады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. ЖККУнун баш катчысы Таалатбек Масадыков Украина Куралдуу күчтөрүнүн Беларусь жарандарын ташып бара жаткан Брянскидеги автобуска... 18.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-18T09:42+0600
2026-06-18T09:42+0600
2026-06-18T09:42+0600
дүйнөдө
россия
беларусь
украина
жкку
таалатбек масадыков
теракт
https://sputnik.kg/img/07ea/06/11/1101934144_0:157:1889:1220_1920x0_80_0_0_e976c200443d71a73e2d14542665404a.jpg
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. ЖККУнун баш катчысы Таалатбек Масадыков Украина Куралдуу күчтөрүнүн Беларусь жарандарын ташып бара жаткан Брянскидеги автобуска чабуул коюшун айыптады. Шаршемби күнү аталган аймактын губернатору Егор Ковальчук украин армиясы дрон менен беларустук балдардын футбол командасын аткылаганын кабарлаган. Жаш спортчулардын Геленжикке баратканы айтылды. Команданы коштоп бараткан аял да каза тапкан. РФтин Тергөө комитети муну теракт деп мүнөздөп, иш козгоду. Катчы балдардын тез арада сакайып кетүүсүн тилеген. Соңку маалымат боюнча, Украина армиясынын автобуска жасаган чабуулунан бир аял каза таап, алты бала, эки киши жаракат алды. Алардын ичинен бирөөнүн абалы оор дешти.
https://sputnik.kg/20260617/rf-timi-belarustuk-baldarga-zhasalgan-chabuul-tuuraluu-1101935356.html
беларусь
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/11/1101934144_27:0:1863:1377_1920x0_80_0_0_ac41062f7d567e33842533528e7b68e1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, беларусь, украина, жкку, таалатбек масадыков, теракт
дүйнөдө, россия, беларусь, украина, жкку, таалатбек масадыков, теракт
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. ЖККУнун баш катчысы Таалатбек Масадыков Украина Куралдуу күчтөрүнүн Беларусь жарандарын ташып бара жаткан Брянскидеги автобуска чабуул коюшун айыптады.
Шаршемби күнү аталган аймактын губернатору Егор Ковальчук украин армиясы дрон менен беларустук балдардын футбол командасын аткылаганын кабарлаган. Жаш спортчулардын Геленжикке баратканы айтылды. Команданы коштоп бараткан аял да каза тапкан. РФтин Тергөө комитети муну теракт деп мүнөздөп, иш козгоду.
"ЖККУ катчылыгынын атынан беларустук кесиптештериме РФтин Брянск облусунда бараткан беларус жарандарына, анан ичинде балдарга жасалган чабуул боюнча көңүл айтам. Кылмыштуу бул ишти катуу айыптайм. Жай жарандарга, анын ичинде балдарга каршы жасалган мындай жоруктарды актоо болбойт", — деди Масадыков.
Катчы балдардын тез арада сакайып кетүүсүн тилеген.
Соңку маалымат боюнча, Украина армиясынын автобуска жасаган чабуулунан бир аял каза таап, алты бала, эки киши жаракат алды. Алардын ичинен бирөөнүн абалы оор дешти.