https://sputnik.kg/20260617/samarkand-ken-altay-konferenciya-1101919935.html
"Кең Алтай": Самаркандда Евразиянын тарыхы жана өнүгүүсү талкууланууда
"Кең Алтай": Самаркандда Евразиянын тарыхы жана өнүгүүсү талкууланууда
Sputnik Кыргызстан
Самарканд, 17-июн. — Sputnik. Самарканд шаарында "Евразиядагы саясий, социалдык-экономикалык жана этномаданий процесстер: тарыхы жана азыркы мезгил" аттуу эл... 17.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-17T14:29+0600
2026-06-17T14:29+0600
2026-06-17T14:29+0600
дүйнөдө
өзбекстан
самарканд
евразия
кең алтай
тарых
https://sputnik.kg/img/07ea/06/11/1101919612_0:122:1280:842_1920x0_80_0_0_ba83c4c300ca9e1e93f961768ba9c8f5.jpg
Самарканд, 17-июн. — Sputnik. Самарканд шаарында "Евразиядагы саясий, социалдык-экономикалык жана этномаданий процесстер: тарыхы жана азыркы мезгил" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө.Иш-чараны Алтай мамлекеттик университетинин "Кең Алтай" алтаистика жана түркология илимий-билим берүү борбору менен Шароф Рашидов атындагы Самарканд мамлекеттик университети уюштурган.Конференция Евразия мейкиндигиндеги саясий, экономикалык жана маданий процесстерди талкуулоо, ошондой эле аймактагы мамлекеттердин ортосундагы тарыхый жана заманбап байланыштарды изилдөө үчүн маанилүү аянтча болуп саналат. Илимий конференцияда "Евразия тарыхындагы археологиялык жана этнографиялык изилдөөлөр", "Евразия өлкөлөрүндөгү саясий процесстер: тарых жана бүгүнкү күн", "Евразия чөлкөмүндөгү этномаданий процесстер жана өз ара маданий мамилелер", "Евразиядагы заманбап интеграциялык процесстер", ошондой эле "Евразия тарыхы боюнча тарыхый булактарды изилдөө жана тарыхнаама" аталышындагы секциялар каралган. Иш-чарага Чехия, Россия, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын ар кайсы шаарларынан келген окумуштуулар, изилдөөчүлөр, эксперттер катышып жатат. Конференциянын алкагында "Борбордук Азия өлкөлөрүнүн медиамейкиндигинде славян-түрк өз ара аракеттенүүсүнүн чагылдырылышы" аттуу тегерек стол өтөт. Анда эксперттер славян жана түрк элдеринин тарыхый-маданий байланыштарынын жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылышын, заманбап медиамейкиндиктеги тенденцияларды, ошондой эле маалыматтык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү менен чакырыктары талкууланат.
https://sputnik.kg/20251125/uluu-zhibek-zholunun-cholkomgo-taasiri-1098084242.html
өзбекстан
самарканд
евразия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/11/1101919612_0:2:1280:962_1920x0_80_0_0_b73da9adf147d302759a812a63c5a432.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, өзбекстан, самарканд, евразия, кең алтай, тарых
дүйнөдө, өзбекстан, самарканд, евразия, кең алтай, тарых
Самарканд, 17-июн. — Sputnik. Самарканд шаарында "Евразиядагы саясий, социалдык-экономикалык жана этномаданий процесстер: тарыхы жана азыркы мезгил" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө.
Иш-чараны Алтай мамлекеттик университетинин "Кең Алтай" алтаистика жана түркология илимий-билим берүү борбору менен Шароф Рашидов атындагы Самарканд мамлекеттик университети уюштурган.
Конференция Евразия мейкиндигиндеги саясий, экономикалык жана маданий процесстерди талкуулоо, ошондой эле аймактагы мамлекеттердин ортосундагы тарыхый жана заманбап байланыштарды изилдөө үчүн маанилүү аянтча болуп саналат.
"Бүгүнкү эл аралык конференция заманбап түрк тилдүү элдердин тарыхый жана этносаясий маселелерин көтөргөн түркологдорду, этнографтарды жана археологдорду бир аянтчага чогултканы менен маанилүү. Бул жерде окумуштуулар жана адистер өздөрүнүн жаңы табылгалары, илимий көз караштары менен бөлүшөт. Аталган конференция келечекте илимий кызматташтыктын, жаңы идеялардын жана долбоорлордун жаралышына өбөлгө түзөт деп ишенем", — деди "Кең Алтай" алтаистика жана түркология илимий-билим берүү борборунун директору Юлия Лысенко.
Илимий конференцияда "Евразия тарыхындагы археологиялык жана этнографиялык изилдөөлөр", "Евразия өлкөлөрүндөгү саясий процесстер: тарых жана бүгүнкү күн", "Евразия чөлкөмүндөгү этномаданий процесстер жана өз ара маданий мамилелер", "Евразиядагы заманбап интеграциялык процесстер", ошондой эле "Евразия тарыхы боюнча тарыхый булактарды изилдөө жана тарыхнаама" аталышындагы секциялар каралган.
Иш-чарага Чехия, Россия, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын ар кайсы шаарларынан келген окумуштуулар, изилдөөчүлөр, эксперттер катышып жатат.
Конференциянын алкагында "Борбордук Азия өлкөлөрүнүн медиамейкиндигинде славян-түрк өз ара аракеттенүүсүнүн чагылдырылышы" аттуу тегерек стол өтөт. Анда эксперттер славян жана түрк элдеринин тарыхый-маданий байланыштарынын жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылышын, заманбап медиамейкиндиктеги тенденцияларды, ошондой эле маалыматтык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү менен чакырыктары талкууланат.

25 Жетинин айы 2025, 13:25