https://sputnik.kg/20260615/tashiyev-menen-surabaldiyeva-aytyshty-1101890808.html
Ташиев менен Сурабалдиева сотто айтыша кетти. Видео
Ташиев менен Сурабалдиева сотто айтыша кетти. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева "75чилердин каты" боюнча сот отурумунда күбө катары көрсөтмө берүүдө. 15.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-15T17:50+0600
2026-06-15T17:50+0600
2026-06-15T18:10+0600
кыргызстан
сот
кат
камчыбек ташиев
элвира сурабалдиева
күбө
көрсөтмө
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0f/1101890664_115:0:1166:591_1920x0_80_0_0_0c31e8b4bf55be480d84d7ca8084c747.jpg
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева "75чилердин каты" боюнча сот отурумунда күбө катары көрсөтмө берүүдө. Эл өкүлү айыпталуучулардын бийликти күч менен басып алууга даярдануусу боюнча так маалыматы жок экенин, бирок парламентте бөлүнүү VIII чакырылыштын алгачкы жыйындарында эле байкала баштаганын айтты. Камчыбек Ташиев күбөгө суроо берип жатып, эл өкүлүнүн атасы каза болгондо алгачкылардан болуп барганын эске салды. Андан соң экөө кайым айтыша кетти. Сурабалдиева бул басым экенин айтып, Ташиев бир нече жолу камап салам деп коркутканын белгиледи. Эске салсак, Жогорку Кеңештин 18-декабрдагы жыйынында комитеттердин төрага орун басарларын шайлоо учурунда талаш-тартыштар жаралган. Депутат Элвира Сурабалдиева ошол кездеги парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, күн мурун парламент спикерин, вице-спикерлерди жана комитет төрагаларын шайлоо "альтернативасыз өткөнүн" эске салып, ишти ошондой эле уланта берүүнү талап кылган. Ал депутаттар ич ара бөлүнүп жатканын, парламентте бөлүнүп-жарылууга орун жок экенин, мындай сөздөр айтылбашы керектигин эскерткен. Белгилей кетсек, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда "75чилердин каты" боюнча сот отуруму алгачкы ирет ачык өтүүдө. Коомчулукта "75чилердин каты" деген ат менен белгилүү болгон иш боюнча айыпталуучулардын арасында Ташиевден сырткары мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бар. Алар Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алуу" жана "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен айыпталууда. Үчөө тең эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикте. Ал эми Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асановго "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кине коюлуп, тергөө абагында жатышат.
https://sputnik.kg/20260615/sot-achyk-otuudo-1101883087.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0f/1101890664_246:0:1034:591_1920x0_80_0_0_f0ae9db3a1d33a44678eeb3dddbc763a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, сот, кат, камчыбек ташиев, элвира сурабалдиева, күбө, көрсөтмө
кыргызстан, сот, кат, камчыбек ташиев, элвира сурабалдиева, күбө, көрсөтмө
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева "75чилердин каты" боюнча сот отурумунда күбө катары көрсөтмө берүүдө.
Эл өкүлү айыпталуучулардын бийликти күч менен басып алууга даярдануусу боюнча так маалыматы жок экенин, бирок парламентте бөлүнүү VIII чакырылыштын алгачкы жыйындарында эле байкала баштаганын айтты.
Камчыбек Ташиев күбөгө суроо берип жатып, эл өкүлүнүн атасы каза болгондо алгачкылардан болуп барганын эске салды. Андан соң экөө кайым айтыша кетти. Сурабалдиева бул басым экенин айтып, Ташиев бир нече жолу камап салам деп коркутканын белгиледи.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин 18-декабрдагы жыйынында комитеттердин төрага орун басарларын шайлоо учурунда талаш-тартыштар жаралган. Депутат Элвира Сурабалдиева ошол кездеги парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, күн мурун парламент спикерин, вице-спикерлерди жана комитет төрагаларын шайлоо "альтернативасыз өткөнүн" эске салып, ишти ошондой эле уланта берүүнү талап кылган.
Ал депутаттар ич ара бөлүнүп жатканын, парламентте бөлүнүп-жарылууга орун жок экенин, мындай сөздөр айтылбашы керектигин эскерткен.
Белгилей кетсек, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда "75чилердин каты" боюнча сот отуруму алгачкы ирет ачык өтүүдө. Коомчулукта "75чилердин каты" деген ат менен белгилүү болгон иш боюнча айыпталуучулардын арасында Ташиевден сырткары мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бар. Алар Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алуу" жана "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен айыпталууда. Үчөө тең эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикте.
Ал эми Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асановго "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кине коюлуп, тергөө абагында жатышат.