https://sputnik.kg/20260615/iran-menen-aksh-kelishim-tuuraluu-un-katty-1101880070.html
Иран макулдашуунун майда-чүйдөсүн ачыктаса, Трамп качан кол коюларын айтты
Иран макулдашуунун майда-чүйдөсүн ачыктаса, Трамп качан кол коюларын айтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 15-июн. —Sputnik. АКШ менен Иран соңку меморандумда бир нече маселе боюнча өз ара кепке келип, тил табышты. Бул туурасында Ирандын Mehr агенттиги... 15.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-15T09:45+0600
2026-06-15T09:45+0600
2026-06-15T09:45+0600
дүйнөдө
жакынкы чыгыш
акш
иран
дональд трамп
ормуз кысыгы
келишим
өзөктүк программа
https://sputnik.kg/img/07e8/01/13/1082028715_264:0:3906:2048_1920x0_80_0_0_439dc470ccd75cbb4d0f2be5de6f0452.jpg
БИШКЕК, 15-июн. —Sputnik. АКШ менен Иран соңку меморандумда бир нече маселе боюнча өз ара кепке келип, тил табышты. Бул туурасында Ирандын Mehr агенттиги билдирди. Вашингтон төмөнкүлөрдү аткаруу милдетин алган: Ирандын алган милдеттери: Маалыматта Иран АКШ менен сүйлөшкөндө күн тартибинен ракеталык программа темасын алып салганы айтылат. Соңку макулдашуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясы менен бекемделет. Дүйшөмбүгө караган түнү эки тарап кепке келгендигин жар салды. Ормуз кысыгы Швейцарияда 19-июнда келишимге расмий кол коюлгандан кийин толук ачылып, минадан тазаланары айтылды. Бул маалыматты АКШнын президенти Дональд Трамп тастыктады. Ак үйдүн кожоюну бул сүйлөшүүнү "бардык аймакка тынчтык жана коопсуздук алып келген эң сонун макулдашуу" болду деп атады.
https://sputnik.kg/20260613/tramp-aksh-irandan-urandy-alyp-keterin-aytty-1101867014.html
жакынкы чыгыш
акш
иран
ормуз кысыгы
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/01/13/1082028715_1174:0:3906:2048_1920x0_80_0_0_009f4da791b84b837af916b50f809076.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, жакынкы чыгыш, акш, иран, дональд трамп, ормуз кысыгы, келишим, өзөктүк программа
дүйнөдө, жакынкы чыгыш, акш, иран, дональд трамп, ормуз кысыгы, келишим, өзөктүк программа
БИШКЕК, 15-июн. —Sputnik. АКШ менен Иран соңку меморандумда бир нече маселе боюнча өз ара кепке келип, тил табышты. Бул туурасында Ирандын
Mehr агенттиги билдирди.
Вашингтон төмөнкүлөрдү аткаруу милдетин алган:
Ирандын тоңдурулган 24 миллиарддык активдерин бошотуу;
анын жарымын макулдашууга кол койгонго чейин берүү;
антитегерандык сакцияларды алып салуу жана жаңы чектөөлөрдү киргизбөө;
Жакынкы Чыгышта аскердик күчтөрүн көбөйтпөө;
союздаштары менен Ирандын экономикасын калыбына келтирүү жаатындагы долбоорду сунуштоо. Ага жумшалчу акча 300 милилард доллардан кем болбошу керек;
Ирандын алган милдеттери:
өзөктүк куралдуу жайылтпоо боюнча келишимди сактоо;
өзөктүк куралды жасабоого милдеттенме алуу.
Маалыматта Иран АКШ менен сүйлөшкөндө күн тартибинен ракеталык программа темасын алып салганы айтылат.
Соңку макулдашуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясы менен бекемделет.
Дүйшөмбүгө караган түнү эки тарап кепке келгендигин жар салды. Ормуз кысыгы Швейцарияда 19-июнда келишимге расмий кол коюлгандан кийин толук ачылып, минадан тазаланары айтылды. Бул маалыматты АКШнын президенти Дональд Трамп тастыктады.
"Келишимге жума күнү кол коебуз", — деп Truth Social тармагына жазды.
Ак үйдүн кожоюну бул сүйлөшүүнү "бардык аймакка тынчтык жана коопсуздук алып келген эң сонун макулдашуу" болду деп атады.