00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
18:57
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ысык-Көлдө Токтогулдагы сууну үнөмдөй турган күн электр станциясы ишке кирди

© Фото / Пресс-служба президента КРСадыр Жапаров принял участие в церемонии запуска первой очереди солнечной электростанции "ROX Иссык-Куль"
Садыр Жапаров принял участие в церемонии запуска первой очереди солнечной электростанции ROX Иссык-Куль - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Кызыл-Өрүк айылына салынган "ROX Ысык-Көл" күн электр станциясынын биринчи фазасын ишке киргизүү аземине катышты. Бул тууралуу "Ылтымак ордо" кабарлады.
Станциянын кубаттуулугу 175 мегаватты түзүп, жыл сайын болжол менен 295 миллион кВт/саат электр кубатын өндүрөрү күтүлүүдө. Долбоорду вьетнамдык ROX Group компаниясы ишке ашырган. Объектинин биринчи этабынын инвестициялык көлөмү 131 миллион доллар.
Жапаров күн станциясынын жалпы кубаттуулугу 1900 МВт болорун, бардык этаптарын ишке ашырууга 1,5 миллиард доллар өлчөмүндө инвестиция тартуу каралгандыгын белгиледи. Ошондой эле биринчи этаптагы долбоордун курулушуна 250дөн ашуун кыргызстандык тартылган. Станция пайдаланууга толук берилгенден кийин 150дөй жумуш орду түзүлүп, негизги бөлүгүн жергиликтүү адистер түзөт.

"Бул долбоор социалдык мааниге дагы ээ. ROX Group компаниясы жерди пайдалануу үчүн төлөгөн салыктан тышкары өндүрүлгөн электр энергиясын сатуудан түшкөн каражаттын бир пайызын Тору-Айгыр — Тамчы айыл өкмөтүнүн бюджетине которот. Айрыкча суу азайып бараткан маалда күн энергетикасынын өнүгүшү энергетикалык туруктуулукту камсыздоонун маанилүү фактору болуп калары турган иш", — деди Жапаров.

Мамлекет башчы бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычында жылына 362 миллион куб метр сууну үнөмдөөгө мүмкүндүк берүүчү станция ишке киргизилгенин билдирди. Күн электр станциясы толугу менен ишке киргизилсе жылына 3,9 миллиард куб метрге чейин суу үнөмдөлөрүн белгиледи.
Ошондой эле жашыл энергетика багытында иштер уланарын, бул Кыргызстандагы экинчи күн электр станциясы экенин кошумчалады.
Айта кетсек, биринчиси Кемин шаарында ишке киргизилген.
Ход реализации пилотного проекта Кыргызская солнечная электростанция - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2026
Кочкордо күн электр станциясы курулат. Долбоор Вашингтондо талкууланды
Жаңылыктар түрмөгү
0