Путин Трамп менен телефондон сүйлөштү. Талкууланган маселелер

© Sputnik / Михаил Климентьев
/ Жазылуу
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин АКШ президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аны 80 жаш мааракеси менен куттуктаганын Россия лидеринин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди.
"Россия президенти Дональд Трамптын өжөрлүгүнө, көтөрүмдүүлүгүнө, тоскоолдуктарды жеңип өтө алган сапатына жана максаттарына жете билгенин белгилеп, урмат-сыйын жашырган жок", — деди Ушаков.
Лидерлердин сүйлөшүүсү достук жана ачык мүнөздө өтүп, 55 мүнөткө созулган.
Сүйлөшүүнүн негизгилери:
Трамп Путиндин куттуктоосуна таасирленгенин, ал чет мамлекеттердин лидерлеринин ичинен биринчи болуп телефон чалганын белгиледи;
Америка президенти Путинге жубайы Мелания Трамптан салам жолдогон. РФ лидери ага жакшы каалоо-тилектерин билдирип, жубайынын россиялык жана украиналык балдарды үй-бүлөлөрү менен табыштыруудагы ролун жогору баалады;
Сүйлөшүүдө тараптар АКШ менен Ирандын ортосунда даярдалып жаткан меморандумду да талкууга алышты. Трамп татаал сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы бүгүн жарыяланышы мүмкүн экенин билдирди;
Трамп Украинадагы согуштук аракеттерди токтотуунун зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду;
Путин Украина Куралдуу күчтөрүнүн Россиянын жарандык объектилерине жасаган соккулары жаңжалды жөнгө салуу процессине тоскоол болуп жатканын белгиледи;
Трамп Европа тарапка да, Киевге да кырдаалды жөнгө салуу боюнча таасир этүүгө даяр экенин билдирди;
Америка президенти Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында эки өлкөнүн союздаштыгын унутпоо керектигин айтты.
