https://sputnik.kg/20260614/kyrgyzstan-iyun-aba-yrayy-sinoptik-temperatura-1101873177.html
Кыргызстан боюнча 15-21-июнга карата аба ырайынын божомолу
Кыргызстан боюнча 15-21-июнга карата аба ырайынын божомолу
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Кыргыз гидрометеорология кызматы 15-июндан 21-июнга чейинки аба ырайынын божомолун таратты. 14.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-14T18:36+0600
2026-06-14T18:36+0600
2026-06-15T09:48+0600
кыргызстан
аба ырайы
ысык
өткүн
температура
https://sputnik.kg/img/07e6/08/1e/1067348938_0:0:3000:1688_1920x0_80_0_0_f5b4184728e6e5447576eb1565953460.jpg
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Кыргыз гидрометеорология кызматы 15-июндан 21-июнга чейинки аба ырайынын божомолун таратты. Бул жуманын дээрлик бардык күндөрүндө көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Анткен менен абанын температурасы +34... +37 градуска чейин ысыйт. 14-17-июнь аралыгында абанын температурасынын жогорулашына жана жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүндүгү эскертилди. Ошондой эле бул күндөрү шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бишкек шаары Бишкекте апта ичинде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөй, күндүз бардык күндөрдө өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы күндүз +34...+37 градусту түзөт. Чүй жана Талас облустары 15-16-17-июнда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймктарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. 18-19-июнда да күндүз күн күркүрөп, өткүн өтөт. Апта соңунда да түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бирок өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары 15-16-17-июнда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөй турганы айтылды. Аптанын ортосунда да ушундай аба ырайы болжолдонууда. 20-21-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-16-17-июнда күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн, башка күндөрү 4-9 метрди түзөт. Ысык-Көл жана Нарын облустары Аталган облустарда 15-16-17-июнда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Мындай аба ырайы апта соңуна чейин уланат.
https://sputnik.kg/20260612/kyrgyzstan-iyul-ajyna-karata-aba-yrajy-1101851600.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/08/1e/1067348938_199:0:2868:2002_1920x0_80_0_0_4d0fc879b161797b59d8b52e1d71a7aa.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, аба ырайы, ысык, өткүн, температура
кыргызстан, аба ырайы, ысык, өткүн, температура
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Кыргыз гидрометеорология кызматы 15-июндан 21-июнга чейинки аба ырайынын божомолун таратты.
Бул жуманын дээрлик бардык күндөрүндө көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Анткен менен абанын температурасы +34... +37 градуска чейин ысыйт.
14-17-июнь аралыгында абанын температурасынын жогорулашына жана жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүндүгү эскертилди. Ошондой эле бул күндөрү шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Бишкекте апта ичинде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөй, күндүз бардык күндөрдө өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы күндүз +34...+37 градусту түзөт.
15-16-17-июнда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймктарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. 18-19-июнда да күндүз күн күркүрөп, өткүн өтөт. Апта соңунда да түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бирок өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары
15-16-17-июнда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөй турганы айтылды. Аптанын ортосунда да ушундай аба ырайы болжолдонууда. 20-21-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-16-17-июнда күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн, башка күндөрү 4-9 метрди түзөт.
Ысык-Көл жана Нарын облустары
Аталган облустарда 15-16-17-июнда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Мындай аба ырайы апта соңуна чейин уланат.