https://sputnik.kg/20260614/germaniya-kiev-evrobirimdik-mucho-suyloshuu-ishke-ashpayt-1101869022.html
"Куру убада". Германияда Киевдин ЕБге кириши боюнча сүйлөшүүлөр тууралуу айтылды
"Куру убада". Германияда Киевдин ЕБге кириши боюнча сүйлөшүүлөр тууралуу айтылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Украина менен Молдованын Евробиримдикке кириши боюнча сүйлөшүүлөрдө ишке ашпай турган убадалар жаңырып жатат. Бул тууралуу... 14.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-14T13:12+0600
2026-06-14T13:12+0600
2026-06-15T10:12+0600
дүйнөдө
европа биримдиги
украина
молдова
мүчө
саясат
https://sputnik.kg/img/07e9/03/03/1092408122_0:131:3072:1859_1920x0_80_0_0_dcd8a1e808ad351511e939ac7e4e2dff.jpg
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Украина менен Молдованын Евробиримдикке кириши боюнча сүйлөшүүлөрдө ишке ашпай турган убадалар жаңырып жатат. Бул тууралуу Германиянын Berliner Zeitung гезити жазды. Басылма белгилегендей, дүйшөмбүдө Люксембургдагы жолугушууда кандайдыр бир конкреттүү чечим кабыл алынса, аны Европа биримдиги өзүнүн жетишкендиги катары көрсөтүүгө аракет кылат. "Эгерде Европа өзү уюштуруп алган саясий көрүнүштөргө өзү ишенип алса, анда ал бул аптанын эң кооптуу жыйынтыгы болот", — деп эскертилет материалда. Жума күнү Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Европа биримдигине Украина менен Молдованын кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого бардык мүчө өлкөлөр макул болгонун билдирген. Айтымында, талкуунун биринчи этабы "мыйзам үстөмдүгү жана демократиялык институттар" менен катар Европа биримдигинин негизги принциптерин жана баалуулуктарын камтыйт. Расмий сүйлөшүүлөр 15-июнда өтө турган Люксембургдагы биринчи өкмөттөр аралык конференцияда башталат. Европа биримдиги Украина менен Молдовага талапкер өлкө макамын 2022-жылдын июнь айында берген. Ошол эле учурда бул чечим негизинен символикалык мүнөзгө ээ болуп, Киев менен Кишиневду Москва менен каршылашууда колдоо максатын көздөгөнү да белгиленген. 2024-жылдын июнь айында Люксембургда Украина, Молдова жана Европа биримдигинин ортосунда өкмөттөр аралык алгачкы конференция өтүп, биримдикке мүчө болуу боюнча сүйлөшүү процесси расмий башталган. Бул кадамдар өлкөнүн ЕБге сөзсүз кабыл алынарын билдирбейт жана Брюсселге эч кандай милдеттенмелерди жүктөбөйт. Болгону биримдикке кошулуу жолундагы узакка созулган процесстин башталганын гана көрсөтөт. Мисалы, Түркия 1999-жылдан бери талапкер өлкө макамында турат. Түндүк Македония бул статусту 2005-жылы, Черногория 2010-жылы, ал эми Сербия 2012-жылы алган. Европа биримдигине акыркы болуп Хорватия мүчө болгон. Бул 2013-жылы ишке ашып, өлкөнүн биримдикке кошулуу процесси он жылга созулган.
https://sputnik.kg/20260608/polshada-ukrainanyn-ebge-kiruusuno-veto-koyuu-sunushtaldy-1101778052.html
украина
молдова
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/03/1092408122_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_efd1cdd70b28a54e37d0b5c0a5b80ec8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, европа биримдиги, украина, молдова, мүчө, саясат
дүйнөдө, европа биримдиги, украина, молдова, мүчө, саясат
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Украина менен Молдованын Евробиримдикке кириши боюнча сүйлөшүүлөрдө ишке ашпай турган убадалар жаңырып жатат. Бул тууралуу Германиянын
Berliner Zeitung гезити жазды.
"Украина менен Молдованын Евробиримдикке кириши боюнча сүйлөшүүлөрдү тынчтык планы деп атоого болбойт, бул коопсуздук стратегиясы дагы эмес, уюмга жакындашына да эч кандай шарт түзбөйт. Бул — куру убада", — деп жазылат макалада.
Басылма белгилегендей, дүйшөмбүдө Люксембургдагы жолугушууда кандайдыр бир конкреттүү чечим кабыл алынса, аны Европа биримдиги өзүнүн жетишкендиги катары көрсөтүүгө аракет кылат.
"Эгерде Европа өзү уюштуруп алган саясий көрүнүштөргө өзү ишенип алса, анда ал бул аптанын эң кооптуу жыйынтыгы болот", — деп эскертилет материалда.
Жума күнү Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Европа биримдигине Украина менен Молдованын кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого бардык мүчө өлкөлөр макул болгонун билдирген. Айтымында, талкуунун биринчи этабы "мыйзам үстөмдүгү жана демократиялык институттар" менен катар Европа биримдигинин негизги принциптерин жана баалуулуктарын камтыйт. Расмий сүйлөшүүлөр 15-июнда өтө турган Люксембургдагы биринчи өкмөттөр аралык конференцияда башталат.
Европа биримдиги Украина менен Молдовага талапкер өлкө макамын 2022-жылдын июнь айында берген. Ошол эле учурда бул чечим негизинен символикалык мүнөзгө ээ болуп, Киев менен Кишиневду Москва менен каршылашууда колдоо максатын көздөгөнү да белгиленген.
2024-жылдын июнь айында Люксембургда Украина, Молдова жана Европа биримдигинин ортосунда өкмөттөр аралык алгачкы конференция өтүп, биримдикке мүчө болуу боюнча сүйлөшүү процесси расмий башталган. Бул кадамдар өлкөнүн ЕБге сөзсүз кабыл алынарын билдирбейт жана Брюсселге эч кандай милдеттенмелерди жүктөбөйт. Болгону биримдикке кошулуу жолундагы узакка созулган процесстин башталганын гана көрсөтөт.
Мисалы, Түркия 1999-жылдан бери талапкер өлкө макамында турат. Түндүк Македония бул статусту 2005-жылы, Черногория 2010-жылы, ал эми Сербия 2012-жылы алган. Европа биримдигине акыркы болуп Хорватия мүчө болгон. Бул 2013-жылы ишке ашып, өлкөнүн биримдикке кошулуу процесси он жылга созулган.