https://sputnik.kg/20260531/yeb-rossiyanyn-munayyna-koyulgan-baaga-kayradan-asyla-bashtady-1101624170.html
ЖМК: ЕБ Россиянын мунайына коюлган баанын чегин өзгөртүүсүз калтыруу ниетинде
ЖМК: ЕБ Россиянын мунайына коюлган баанын чегин өзгөртүүсүз калтыруу ниетинде
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Европа биримдиги Россиянын мунайына коюлган баанын чегин убактылуу өзгөртпөй сактап калууну көздөп жатат. Бул туурасында Bloomberg... 31.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-31T20:34+0600
2026-05-31T20:34+0600
2026-05-31T20:34+0600
дүйнөдө
россия
европа
жакынкы чыгыш
евробиримдик
мунай
соода
чара
муктаждык
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/0d/1068916772_0:181:2997:1867_1920x0_80_0_0_48d191ebecbd5431239ba782788631d2.jpg
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Европа биримдиги Россиянын мунайына коюлган баанын чегин убактылуу өзгөртпөй сактап калууну көздөп жатат. Бул туурасында Bloomberg жазды.Агенттиктин маалыматына таянсак, Европа өлкөлөрү энергия ресурстарынын эң жогорку баасын азыркы деңгээлде, тагыраагы, баррелине 44,10 доллар өлчөмүндө сактап калсак дешет. "Июль айында баанын жогорку чегин кайра карап чыгуу, кыязы, бул деңгээлди кеминде 65 долларга чейин көтөрүүгө алып келет. Бул — "Чоң жетилик" бир ооздон белгилеген буга чейинки 60 долларлык чектен жогору", — деп жазган басылма. Талкууланып жаткан башка маселелердин арасында Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды эске алуу менен жылдын аягына чейин баалардын автоматтык түрдө көтөрүлүшүн токтото туруу же мүмкүн болгон өсүштү баррелине 60 долларлык деңгээлдеги чектөө бар. Эскерте кетсек, 2022-жылдын 5-декабрынан тарта Евробиримдик деңиз аркылуу келген россиялык мунайды алууну токтоткон. "Чоң жетилик", Австралия жана ЕБ нефть баасына чек киргизип, баррелин 60 доллар деп бекиткен, мындан жогорку баада сатууга тыюу салынган. Мунай азыктары боюнча ушундай эле чара 2023-жылдын 5-февралынан баштап колдонулган. Өткөн жылдын 3-сентябрынан тартып Евробиримдик чекти баррелине 47,6 долларга чейин, ал эми 2026-жылдын февралынан баштап 44,1 долларга чейин түшүргөн. Батыш өлкөлөрүнүн кадамдарына жооп иретинде РФ лидери Владимир Путин келишимдерде мунайга карата баанын жогорку чеги боюнча механизми көрсөтүлгөн учурда чет өлкөлүк тараптарга мунай жана мунай продукцияларын экспорттоого тыюу салууну айткан.
https://sputnik.kg/20251211/chpu-aksh-rossiya-rynok-kaytaruu-plan-1098502730.html
европа
жакынкы чыгыш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/0d/1068916772_133:0:2864:2048_1920x0_80_0_0_9fa377791d75fdb823ffb0f51ae407e8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, европа, жакынкы чыгыш, евробиримдик, мунай, соода, чара, муктаждык
дүйнөдө, россия, европа, жакынкы чыгыш, евробиримдик, мунай, соода, чара, муктаждык
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Европа биримдиги Россиянын мунайына коюлган баанын чегин убактылуу өзгөртпөй сактап калууну көздөп жатат. Бул туурасында
Bloomberg жазды.
"Жакынкы Чыгыштагы согуш төртүнчү айга уланып жаткан маалда Евробиримдик Москванын мунайына карата белгиленген баанын чегин өзгөртпөй туруу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат", — деп айтылат маалыматта.
Агенттиктин маалыматына таянсак, Европа өлкөлөрү энергия ресурстарынын эң жогорку баасын азыркы деңгээлде, тагыраагы, баррелине 44,10 доллар өлчөмүндө сактап калсак дешет.
"Июль айында баанын жогорку чегин кайра карап чыгуу, кыязы, бул деңгээлди кеминде 65 долларга чейин көтөрүүгө алып келет. Бул — "Чоң жетилик" бир ооздон белгилеген буга чейинки 60 долларлык чектен жогору", — деп жазган басылма.
Талкууланып жаткан башка маселелердин арасында Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды эске алуу менен жылдын аягына чейин баалардын автоматтык түрдө көтөрүлүшүн токтото туруу же мүмкүн болгон өсүштү баррелине 60 долларлык деңгээлдеги чектөө бар.
Эскерте кетсек, 2022-жылдын 5-декабрынан тарта Евробиримдик деңиз аркылуу келген россиялык мунайды алууну токтоткон. "Чоң жетилик", Австралия жана ЕБ нефть баасына чек киргизип, баррелин 60 доллар деп бекиткен, мындан жогорку баада сатууга тыюу салынган. Мунай азыктары боюнча ушундай эле чара 2023-жылдын 5-февралынан баштап колдонулган.
Өткөн жылдын 3-сентябрынан тартып Евробиримдик чекти баррелине 47,6 долларга чейин, ал эми 2026-жылдын февралынан баштап 44,1 долларга чейин түшүргөн.
Батыш өлкөлөрүнүн кадамдарына жооп иретинде РФ лидери Владимир Путин келишимдерде мунайга карата баанын жогорку чеги боюнча механизми көрсөтүлгөн учурда чет өлкөлүк тараптарга мунай жана мунай продукцияларын экспорттоого тыюу салууну айткан.

11 Бештин айы 2025, 15:44