https://sputnik.kg/20260531/yrchy-nurila-yr-muzyka-chygarma-gitara-1101600396.html
Дарыгер оор депрессияда экенимди айтты. Ырчы Нуриланын маеги
Дарыгер оор депрессияда экенимди айтты. Ырчы Нуриланын маеги
Sputnik Кыргызстан
Нурила гитара чертип, жагымдуу үнү менен белгилүү ырларга кавер аткарып таанылган. Учурда ал бир нече хит ырлардын ээси. 31.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-31T18:31+0600
2026-05-31T18:31+0600
2026-05-31T18:31+0600
кыргызстан
чыгармачылык
ыр
аткаруучу
депрессия
видео
https://sputnik.kg/img/07ea/05/1f/1101620089_0:0:1920:1080_1920x0_80_0_0_e0f86ee6a6937c95c96c93410a6c9c35.jpg
Маек учурунда бийкеч акыркы эки жылдан бери маанайы суз жүргөнүн айтты. Агасынан айрылуу катуу сокку болуп, депрессияга туш болгонун жашырган жок. Нурила дарыгерлерге кайрылып, учурда акырындык менен өзүнө келип, жүзүндө кайрадан күлкү пайда болуп, чыгармачылыкка кайта баштаганын билдирди. Ырчынын айтымында, музыкага болгон сүйүүсү бала кезинен эле ойгонгон. Ал үйдө гитара чертип ырдап отурган апасын көрүп чоңойгонун эскерет. Интервьюда Нурила "Көлдүк жигит" ырынын жаралуу тарыхын айтып берип, "Жеңдим баарын", "Жек көрөм" чыгармаларынын сөздөрү кандай учурда жазылганына токтолду. Ошондой эле ал "Махабатты жок дебе" чыгармасын казакстандык белгилүү ырчы Рахымжан Жакайымдан алганын, анын ордуна өзүнүн бир ырын бергенин айтты. Ал эми "Ыйлагым келет" ырын аргасыздыктан апасына арнап жазган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/1f/1101620089_465:0:1905:1080_1920x0_80_0_0_42374ce8e1dc6c4efd60c757fa8c33ed.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, чыгармачылык, ыр, аткаруучу, депрессия, видео, видео
кыргызстан, чыгармачылык, ыр, аткаруучу, депрессия, видео, видео
Дарыгер оор депрессияда экенимди айтты. Ырчы Нуриланын маеги
Эксклюзив
Нурила гитара чертип, жагымдуу үнү менен белгилүү ырларга кавер аткарып таанылган. Учурда ал бир нече хит ырлардын ээси.
Маек учурунда бийкеч акыркы эки жылдан бери маанайы суз жүргөнүн айтты. Агасынан айрылуу катуу сокку болуп, депрессияга туш болгонун жашырган жок. Нурила дарыгерлерге кайрылып, учурда акырындык менен өзүнө келип, жүзүндө кайрадан күлкү пайда болуп, чыгармачылыкка кайта баштаганын билдирди.
Ырчынын айтымында, музыкага болгон сүйүүсү бала кезинен эле ойгонгон. Ал үйдө гитара чертип ырдап отурган апасын көрүп чоңойгонун эскерет. Интервьюда Нурила "Көлдүк жигит" ырынын жаралуу тарыхын айтып берип, "Жеңдим баарын", "Жек көрөм" чыгармаларынын сөздөрү кандай учурда жазылганына токтолду.
Ошондой эле ал "Махабатты жок дебе" чыгармасын казакстандык белгилүү ырчы Рахымжан Жакайымдан алганын, анын ордуна өзүнүн бир ырын бергенин айтты. Ал эми "Ыйлагым келет" ырын аргасыздыктан апасына арнап жазган.