00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Унаалар, акча жана "оңой утуштар": интернет-лотереялардын тузагына түшүп калбоо жолдору
11:04
25 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
Почему опыт ЕАЭС в регулировании электронной торговли может стать моделью для стран ШОС
08:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
“Манас” — кыргыз элинин жандуу мурасы: эпостун азыркы дүйнөдөгү мааниси
09:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Что случилось с энергосистемой Бишкека в жару и когда отключения прекратятся - беседа с представителем НЭСК
10:04
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Базисттик окуу пландары бекитилди: жаңы окуу жылында окуу процесси кандай уюштурулат?
11:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстан менен Россия асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү боюнча кызматташат
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
9 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Британия менен Польша Россияны өздөрү үчүн "чоң коркунуч" деп аташты

© AP Photo / Vadim GhirdaБританиялык аскер кызматкерлери. Архив
Британиялык аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Улуу Британия менен Польша коопсуздук жаатында жаңы келишимге кол коюшту. Анда Россияны өздөрүнүн коопсуздугуна "узакка созулчу чоң коркунуч" деп атап, каршы туруу үчүн биргелешип иштөө ниетин билдиришти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Келишимге Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер жана Польшанын өкмөт башчысы Дональд Туск кол коюшкан.
Документте төмөнкүлөр пландалганы айтылат:
жаңы абадан коргонуу (ПВО) системаларын иштеп чыгуу;
НАТОнун Чыгыш канатында дрондорду көбүрөөк колдонуу;
эки өлкөнүн армияларынын бири-бирине шайкеш иштешин күчөтүү.
Ошондой эле Лондон менен Варшава Россиянын "зыяндуу аракеттерине" каршы туруу, ага каршы санкциялык басымды күчөтүү жана бул багытта башка өнөктөштөр менен кызматташуу ниетин билдиришкен.
Мындан тышкары, Улуу Британия менен Польша Украинага аскердик жана экономикалык жардамды улантууга даяр экенин тастыкташкан. Документте Украинага келтирилген зыян үчүн Россиядан компенсация алуу жолдорун табуу маселеси да айтылган.
Ал эми Россиянын Улуу Британиядагы элчиси Андрей Келин Лондон Чыгыш Европадагы чыңалууну атайылап күчөтүп жатканын билдирди.
Владимир Зеленский менен Дональд Трамптын жолугушуусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2026
Зеленский Трампка жардамды көбөйтүүнү сурап кат жазды
Жаңылыктар түрмөгү
0